"АКШ эми Кыргызстандагы демократиялык жараяндарга көз жумбайт"

Сүрөттүн булагы, EPA
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден жубайы менен 20-январда Ак Үйгө көчөт. Бул өлкөнүн 150 жылдык тарыхын бузуп Дональд Трамп инаугурацияга келбейт.
Бул күндөрү Ак Үйгө кирип келген Би-Би-Синин кабарчысы Тара Маккелви негизги резиденциядагы кызыктуу жагдайларды баяндады. Адат болуп калгандай, тазалык кызматкерлеринин бүтүндөй тобу мурунку президенттин артынан жууп тазалашат. Алар кеткенде мамлекетке тиешелүү гана эмеректер, фарфорлор, илинген сүрөттөр калыш керек. Бул жолу мөөнөтү бүткөн президент шайлоодо уттурганын көпкө чейин кабыл албагандыктан резиденциядагы даярдыктар кеч башталды. Мелания Трамп дагы инаугурация алдында жаңы биринчи канайымга бак-шагын көрсөтүп, чай берүү салтын аткарбайт.
АКШдагы инаугурациянын өзгөчөлүгү, алдыдагы АКШ-Кыргызстан мамилеси боюнча ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков менен маектештик.
Равшан Жээнбеков: Көп өлкөлөр инаугурацияны АКШдан үйрөнүп жатышат. Ошондуктан салтанат башкалардыкынан чоң айырмаланбайт. Ачык өтөт, каалоочуларга алдын ала уруксат берип, Капитолийдин алдына көп киши келет. Конгрессмендер, сенаторлор, мамлекеттик кызматкерлердин көбү катышат, өздөрүнүн коноктору болот. Көрүнүктүү артисттер келет. Башка мамлекеттердин лидерлерин чакырат, АКШга көп лидерлер барганга кызыктар. Жо Байдендин инаугурациясын Том Хэнкс алып барат деп жатышат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Американын инаугурациясындагы маанилүү учур эски президенттин ядролук баскычты жаңы президентке өткөрүүсү. Анткени ядролук куралдын баскычы президенттин гана жеке көзөмөлүндө, анын колунда болот. Аны Трамп өткөрүп бербей койгондуктан мурдагы баскычтын коддорун жокко чыгарып, атайын кызмат жаңы баскыч жасап, коддорду коюп берип жатышат.
Би-Би-Си: Президенттин жаңы шайланган президентке бийликти өткөрүп берүүсү чоң чатак менен биринчи жолу коштолдубу?
Равшан Жээнбеков: Бийликте турган президент утулганына карабай, мамлекеттик бийликти өткөрүп жаткан Конгресске каршы чыкты. АКШнын тарыхында биринчи жолу анын тарапташтары Конгрессти басып алды. Бул дүйнөлүк масштабдагы окуя болду. Ага карабай, АКШда мамлекеттик институттар күчтүү болгондуктан дестабилдештирүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Конгресс өзүнүн ишин улантып, Байдендин жеңишин тааныды, керек болсо анын курамындагы Трамптын тарапташтары, республикачылар дагы тигилер тарапка өтүп, Байденди тааныды. Ал эле эмес Конгресс Трампка экинчи жолу импичмент жарыялап, аны республикачыл депутаттар да колдоду.
Би-Би-Си: Чоң коомдук тармактар Трамптын аккаунттарын жапты. Трамптын тарапташтары булар жана айрым басылмалар Байденге объективдүүлүк, сөз эркиндиги принциптерин бузуп жан тартканын айтып жатышат. Сиз Байденди жактоолор бир тараптуу деп эсептейсизби?

Равшан Жээнбеков: Эгер президент бийликте туруп ошол компаниялар менен мамиле түзүп, оппоненттерин кодулап, аларга тыюу сала турган болсо бир тараптуу десе болот. Америка кошмо штаттарында тескерисинче болуп жатат. Бийликте турган президентти массалык маалымат каражаттары колдоодон баш тартып, күчтүү социалдык түйүндөрдүн ээлери президенттин аккаунттарын жабышы - бул, маанилүү көрсөткүч. АКШда керек болсо бизнес дагы президентке каршы тура алат. Американын президенти тарыхта биринчи жолу өзү мамлекетиндеги туруктуулукту бузду, мамлекеттүүлүккө, мыйзамдуулукка коркунуч туудурду. Трамптын утулуп, Байдендин утканын мыйзамдуулукту туу туткан бардык институттар тааныды.
Би-Би-Си: Байден президенттик кызматка келгенден кийин Кыргызстан-АКШ мамилеси кандай өзгөрүшү мүмкүн?
Равшан Жээнбеков: Биздин АКШ боюнча саясатыбыз аябай чектелген. Биздин лидерлер канчалык аракет кылса дагы Орусиянын таасиринен чыга албайт. Жетекчилер көз каранды. Эми деле ошондой болот. Андыктан биз тараптан чоң өзгөрүү болбойт. Канча жылдан бери Америка менен аскердик, кызматташуу келишимдерин Орусиядан коркконубуздан түзө албай келатабыз. Андан бери эки президент алмашты. Бирок АКШ бизге карата мамилесин өзгөртөөрүнө ишенем.

Сүрөттүн булагы, Social Media
Байдендин сөздөрү көп маанилүү белгилерди берип жатат. Кыргызстандын виза маселесин чечүү боюнча белгилерди байкаса болот. "Грин карт" чечилиши мүмкүн дегендей сөзү айтылды. Кыргызстандагы демократиялык жараяндарды колдоо активдешет. Дагы бир өзгөрүү - жаңы бийлик келгенден кийин кыргыз бийлиги менен мурдагыдай соодалашпайт , тийишип мамиле кылбайт деп ойлойм. Мурдагы бийлиги биздин жетекчилерге ошондой мамиле кылчу. Атамбаевдин, Жээнбековдун убагында туура эмес иштерди кылып жатса дагы көз жумуп, унчукпай койгондой мамиле жасачу. Эми активдүү саясатка өтүшөт. Демократия, адам укугу, эркиндиги жана жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон мамиледе АКШ сөзсүз пикирин айтып, санкция сала турган саясат баштаганын байкадым.
Байден жана анын командасы мурдагы Американын дүйнөдөгү лидерлигин, башка өлкөлөргө мамилесин кайтарат деп ойлойм.









