Байдендин инаугурациясы: жаңы президентти кабыл алууга даярдык

Джо Байден и Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Тара Маккелви
    • Role, Би-Би-Синин Ак үйдөгү кабарчысы

Шаршемби күнү Байден президент катары ант кармап, кызматка киришет. Аны менен бирге жаңы президент Ак үйгө көчүп кирет. Бөлмөлөр тазаланып, иреттелип, президенттин жардамчылары дагы алмашат. Бул АКШ саясатындагы маанилүү жараяндардын бири.

Стивен Миллер Дональд Трамптын идеяларын кеңири жайылтып, кайрылууларын жазып келген саясатчылардын бири. Аны президент Трамп менен төрт жыл бою үзгүлтүксүз иштеген аз сандагы кызматкерлер катары дагы билебиз.

Өткөн жумада Миллер Ак үйдүн батыш ыптасында турганын көрдүм. Дубалга жөлөнүп алып, кесиптештери менен баарлашып жатканы өөн көрүнүштөй болду. Миллер эч жака шашпай турганы дароо байкалды.

Ак үйдүн батыш ыптасы адатта кымгуут, жумуш кайнап жаткандай сезилет. Кызматкерлер бир бөлмөдөн, экинчиге чуркап кирип, жолугушуулар, телефон чалуулар тынбайт. Бул жолу кызматкерлерге толгон коридорлор бош, ээн калган столдордо тоодой үйүлүп турган кагаздар көзгө урунат. Бул жерде иштегендер бир нерседен качып жаткандай сезилди.

6-январда Трамптын тарапкерлери Конгресс жайгашкан Ак үйдү басып алгандан кийин президенттин ондогон жардамчылары, жогорку даражадагы кеңешчилери ишке чыгуудан баш тарткан. Миллер сыяктуу Трампты аягына чейин колдогон кызматкерлер аз болду.

Видеонун түшүндүрмөсү, АКШнын жаңы биринчи айымы Жилл Байден тууралуу эмне белгилүү?

Кесиптештери менен сөзүн жыйынтыктап, Миллер коридорду көздөй кайрылды. Мен андан каякка барасыз деп сурадым:

"Артка, кабинетиме",-деп жооп берди ал.

"Таштуу жол "

Инаугурация күнү Миллердин жана башкалардын иш бөлмөсү тазаланып, жаңы президенттин командасына даярдалат. Ак үйдүн батыш ыптасындагы тазалоо иштери жүз жылдан бери уланып келе жаткан салт. Бийликти тынч, демократия жолу менен өткөрүп берүү жүрүмүнүн бир бөлүгү.

Сотрудники выносят документы и картины из Белого дома
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ак үйдүн кызматкерлери жеке буюмдарын алып кетүүдө

Бул жолу бийликти өткөрүп берүү адаттан тыш болуп жатканы талашсыз. Ак үйдү эмдиги президентке даярдоо шайлоодон кийин башталат. Трамп шайлоодо жеңилип калганын мойнуна албаганы үчүн Ак үйдү Байдендин командасына даярдоо жараяны бир нече жума мурун башталды. Андан тышкары Трамп 1869-жылдан бери жаңы президенттин инаугурациясына барбай койгон лидер катары тарыхта калат.

"Система иштеп жатат, - дейт тарыхчы Шон Виленц. - Таштуу жол болду, бирок бийлик жаңы президентке өткөрүлөт".

Башка учурларда деле иш документтерди иреттүү жолу менен өткөрүп берүү оңой болгон эмес. Канча деген маалымат, документтер жана кызматкерлердин жазылбай калган маалыматтары өткөрүлүшү керек.

Стивен Миллер иштен кеткен төрт миңге чукул кызматкерлердин бири. Алардын ордун президент Байдендин командасы ээлейт.

Вашингтондо жайгашкан Президенттин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү борборунун маалыматына ылайык, жогоруда бошотулган төрт миң кызматкердин ордуна тапшыргандар дагы абдан көп. Бир кызматка эле 150дөн 300 кишиге чейин тапшырып, конкурс аркылуу алынат. 1100 кызматтын дайындоосун Сенат бекитип бериши зарыл. Бош калган орундарды толтурууга бир нече ай, айрым учурда жылдар кетет.

Ал эми мурдагы президентке тиешелүү кагаздар архивге жеткирилип, жашыруун сыр катары 12 жыл сакталат. Мурдагы президенттин өзү гана аны ачык жарыялай алат.

Ак үйгө көчүп кирүү күнү

Ошол эле күнү президенттин басма сөз катчысы Кейли Макинанинин эшиги ачык экенин байкадым. Кейли Макинани Дональд Трамптын эң жакын кишилеринин бири катары аталган. Макинани айым иш бөлмөсүн иреттеп, тазалап туруп, тапшырып кетиптир.

Пресс-секретарь президента Кейли Макинани

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Трамптын басма сөз катчысы Кейли Макинани иш бөлмөсүн тапшырып берди

"Резиденция" аттуу Ак үй тууралуу китептин автору мурдагы администрациянын кетип жатканын "көзөмөлдөнгөн башаламандык" деп атаса болорун айтууда.

Мамлекетке тиешелүү эмерек, президенттин иш бөлмөсүндөгү белгилүү "Резолют" столу, идиш-аяк жана сүрөттөр ордунда кала берет. Ал эми коридордогу сүрөттөр жана башка жеке буюмдар чыгарылышы керек.

Коронавирус пандемиясынан улам, быйыл имараттагы 132 бөлмөнү тазалоо, дизенфекциялоого өзгөчө көңүл бурулмакчы. Себеби президент Трамп жана анын администрациясынын башка кызматкерлери коронавирусту жуктуруп алганы белгилүү.

Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы президент иш бөлмөсүн өзгөртүүгө укуктуу

Жаңы президент жана анын жубайы Ак үйдө бир нерсени өзгөрткөнү дагы салт. Мисалы, Дональд Трамп Ак үйгө көчүп келгенден кийин иш бөлмөсүнө АКШнын жетинчи президенти Эндрю Жексондун портретин илип, эмерек жана килемди ошол сүрөткө жараша алмаштырган.

Инаугурация күнү вице-президент Майкл Пенс менен жубайы, төрт жылдан бери жашап келе жаткан имаратты жаңы вице-президент Камала Харрис менен анын жолдошу Даг Эмхоффко бошотот.

Ак үйдүн коридорлорунда басып жүрүп, сүрөткө түшкөн, жеке буюмдарын көтөрүп бараткан саясатчыларды көрүүгө болот. Эшиктин алдында эки аткаминердин сүйлөшүп жатканын уктум. Алар эми качан, каякта кезигип каларын сүйлөшүп жатыптыр.

"Грециянын аралдарынын биринде жолугабыз деп үмүттөнөм",-деп күлүп айтты алардын бири.

"Айтпа, ошондой болсо кана",-деп жооп берди экинчиси. Алар кол алышып, эки тарапка басып кетишти.