Инаугурация алдындагы коопсуздук: Улуттук гвардия Вашингтонго жөнөтүлдү

National Guard members walk at the Capitol in Washington on January 15, 2021

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вашингтондо коопсуздук чаралары күчөтөлдү

АКШ Улуттук гвардиянын жер-жерлердеги бөлүктөрүн Вашингтонго жөнөтүүдө. Капитолийдин басып алынышы жана башаламандык учурунда бир нече кишинин набыт болушу коомчулукту катуу чочулатты.

Коопсуздук кызматы (ФБР) 16-20-январда бардык штаттардын негизги шаарларында радикалдуу топтордун куралдуу жүрүшү болушу мүмкүн экенин эскерткен. Айрым шаарларда мамлекеттик мекемелердин терезелерин бекем тосмолоп салышты. Кээ бир аймакта митингдердин өтүшүнө уруксат берилген эмес. Трамптын тарапташтары чогулган аймактар болду. Бирок эч кандай кагылышуулар болгон жок.

Вашингтон

Сүрөттүн булагы, EPA

Boogaloo аталган ашынган оңчул кыймылдын 25тей мүчөсү Огайо штатындагы конгресстин имаратынын алдына чогулду. Алар алдын ала пландалган курал алып жүрүү укугун коргоо боюнча митингге келгенин билдиришкен. Мунун алдында кыймылдын айрым мүчөлөрү Жо Байденге бийликтин өтүшүнө каршы колго курал алып каршы турууга чакырышкан. Куралдуу кишилердин митинги Техас, Орегон жана Мичигандагы конгресс имаратынын алдында өттү.

Вашингтондо полиция Капитолийден алыс эмес жерден 27 жаштагы жаранды Glock тапанчасы менен кармаган. Штаттын мыйзамдары АКШнын борбор шаарында жарандарга курал менен жүрүүгө тыюу салат.

Капитолий

Сүрөттүн булагы, EPA

Нью-Мексикодо Байдендин инаугурациясына каршы курал менен чыгууга даяр экенин билдирген жергиликтүү аткаминерлердин бири кармалды. Куой Гриффин ысымдуу жаран Трампка жан тарткан кыймылдардын бирин түзгөнү айтылды. Аны 6-январдагы Капитолийге кол салуу окуясына катыштыгы бар деп айыпталган.

Күчөтүлгөн коопсуздук чаралары жаңы шайланган президент Жо Байдендин инаугурациясы өткөнгө чейин сакталат.

Вашингтон

Сүрөттүн булагы, EPA

Президенттик мөөнөтү бүтүп жаткан Дональд Трамп инаугурацияга чейин эле 20-январда Вашингтондон чыгып кетери айтылууда. Бул тууралуу америкалык басылмалар президенттин чөйрөсүндөгү булактарына шилтеме берип жазып чыгышты. Байден шаршембиде ант берип, президенттик кызматка киришет.

Трамп инаугурацияга катышпай турганын башында эле билдирген. Мындай учур 1869-жылдан бери боло элек болчу. Ал кезде Улисс Гранттын инаугурациясына Эндрю Жонсон катышпай калган.