ФБР Трамптын куралдуу тарапкерлеринин демонстрациясынан кооптонууда

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын коопсуздук боюнча расмийлери өлкөнүн булуң-бурчунда Трамптын куралдуу тарапкерлери демонстрацияларды уюштурууну көздөп турганын эскертүүдө. Нааразылык акциялар Жо Байден президент катары ант кармаганга чейин уланмакчы.
Федералдык иликтөө бюросу 50 штатта куралдуу топтор нааразылык акция уюштуруу үчүн биригип жатканы боюнча маалымат бар экенин эскертти. Ошол себептен коопсуздук чаралар күчөтүлмөкчү.
Буга чейин Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүктү түзгөн демократтар резолюция кабыл алып, президентти мамлекет башкарууга жараксыз деп табууну сунуштаган. Добуш берүү шаршемби күнү болот. Бул ишке ашса, вице-президент анын милдетин аткарып, шайлоону утуп келген талапкерге бийликти өткөрүп берет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жо Байден менен вице-президент кызматына дайындала турган Камала Харрис Капитолийде ант кармайт. 6-январда Трамптын миңдеген тарапкерлери дал ушул имаратты басып алышкан. Бирок коопсуздук кызматтар инаугурация учурунда башаламандыкка жол берилбейт деп белгиледи.
Трампты колдогон топтордун жана ашынган оңчулардын атайын баракчаларында демонстрацияга кошулууга чакырыктар айтылган. Ага ылайык, нааразылык акциялар 17-январда жана инаугурация күнү дагы уюштурулмакчы. ФБР топтордун бири жергиликтүү жана федералдык сот имараттарын "басып алууга" чакырганын билдирди. Ошондуктан 16-20-январда Вашингтондо коопсуздук чаралары күчөтүлөт.
Трамптын тарапкерлери Конгрессти басып алган окуяда беш киши каза тапты. Алардын бирин полиция атып өлтүргөн. Президент Трамп алгач тарапкерлерин Конгрессти көздөй жүрүшкө барууга чакырган. АКШ лидеринин кайрылуусунан кийин миңдегендер Капитолийди көздөй кирип барышкан. Полиция төрт сааттан кийин гана имараттан демонстранттарды чыгарган эле.
Республикачылар дагы Капитолийди басып алуу аша чапкандык болгонун белгилешип, Трамп администрациясынын айрым өкүлдөрү кызматтар өз ыктыяры менен кетишти. Бирок бир аптадан кийин бийликтен кете турган Трампты кызматтан алууга колдоо көрсөтпөйт деген пикир дагы бар.







