Шайлоо-2021: талапкерлердин узун тизмеси кыскарууда

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

БШК президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн арыз берген эки кишинин чогулткан кол тамгаларын жокко чыгарды.

Президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн арыз берген Кубанычбек Токтосунов топтогон кол тамгалардын миңге жакыны жараксыз деп табылып, калганы мыйзам талап кылган 30 миңдик чекке жетпей калды. Буга чейин дагы бир талапкер Кубан Чороев шайлоо фондун түптөбөй туруп, кол топтоого киришкен деген негизде жарышка катыштырылган жок.

"Мага карата мыйзамсыз чечим кабыл алынды. Мен бул шамал кайдан согуп жатканын билип жатам",- деди Кубан Чороев.

БШК ага карата саясий чечим чыгарды деп, Бишкек шаардык район аралык сотко кайрылып жатканын Би-Би-Сиге тастыктады. БШК Чороев "Президент жана Жогорку Кеңешти шайлоо тууралуу" мыйзамына шайкеш иш алып барбаганын жүйөө кармоодо. Ошону менен талапкерлер саны жыйырмадан 18ге суюлду.

БШК кол тамгаларды 14-декабрга чейин текшерип бүтүшү керек. Бул шайлоо жарышындагы текшерүүлөрдүн эң акыркы этабы. Андан соң 15-декабрда үгүт өнөктүгү башталат.

Бул жолку президенттик шайлоого партия атынан эмес, өзүн өзү жылдыргандар көп болуп жатат. Оппозициялык "Ата Мекен", "Бир Бол" партиялары да бул жолку шайлоого тек гана байкоочу катары катышууда.

"Алдыдагы шайлоо саясий атаандаштык эрежелери менен өтө турган шайлоо эмес. Президенттик шайлоо менен бирге референдум да сунушталды. Ал кандай шартта жана жагдайда өтөт белгисиз. Талапкерлердин көбү жыйынтыгы эмне болуп бүтөөрү белгисиз болгон саясий жараянга катышкысы келбей турат өңдөнөт. Катышып жаткан талапкерлерге бул тобокелчилик. Экономикалык да кыйынчылык бар. Алдыда бир топ көйгөй бар. Реалдуу талапкерлердин шайлоого барбашы алар бул президенттик шайлоону кимиси утуп келсе да, убактылуу жыйынтык катары көрүп жатышканы талкууланып жатат ",- деди саясат талдоочу Руслан Акматбек.

Серепчилер, Садыр Жапаров бул шайлоонун негизги фаворити болорун белгилеп жатышат. Ага тең ата саясий күч катары Адахан Мадумаровдун ысымы аталууда. Экөө тең президенттик башкаруунун тарапкерлери экени маалым.

Калган талапкерлер ичинен Клара Сооронкулова, Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков, Элдар Абакиров, Аймен Касенов парламентаризм идеясын сүрөгөндөрдөн.

Потенциалдуу талапкер Садык Шер-Нияз Садыр Жапаровго кескин сындап келип, бирок аны менен жолугушуудан кийин талапкерлигин чакыртып алды. Талапкерлер арасында жеке пиар, саясий соода кызыкчылыгы менен шайлоого бара жаткандар да бар.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо коронавирустун экинчи толкуну баш көтөргөн жана терең экономикалык кризис шартында өткөнү жатат. Сомдун долларга карата наркы түшүп, өлкөдө азык-түлүк дээрлик жарым эсе кымбаттады. Бирок элдин шайлоо аркылуу жаңыланууга жана жаңы бийликке ишеничи чоң.

Ошентсе да эксперттер шайлоо калыс жана таза өтпөсө толкундоолор тобокелчилиги чоң экенин белгилеп жатышат.

"Тобокелчиликтер чоң экенин 6-октябрдан кийинки окуялардан да көрдүк. Эгерде бул жолу шайлоо таза ачык-айкын, калыс өтпөсө, басым жана административдик ресурс колдонулса, добуш сатып алуу аракети болсо, анда ошондой эле каршылык маанай түзүлөт. Жарандар тез эле уюшуп, митингдер өтүшү мүмкүн. Биздей жаш мамлекетке бул чоң тобокелчилик", -деди саясат талдоочу Аида Алымбаева.

Кыргызстандагы соңку парламенттик шайлоо саясий кризиске алып келип, күтүүсүз жерден бийлик алмашты. Президент отставкага кетип, шайлоо тыянактары жокко чыгарылды. Ага бийликчил жана капчыктуу партиялардын добуш сатып алуу жана "Форма-2" арызынын негизиндеги көз боемочулукка барышы себеп болду дейт көпчүлүк серепчилер.

Бул жолу шайлоо дарегин алмаштырууга чет жерде иштеген кыргызстандыктар үчүн гана уруксат берилди. Бирок эксперттер белгилегендей добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу шайлоонун негизги тобокелчиликтери катары кала берүүдө.