You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Парламенттик шайлоону жылдыруу мыйзамдуу болгон"
Конституциялык палата 2-декабрда парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча конституциялык мыйзамдын кабыл алынышынын мыйзамдуулугун карап, ал эч бир мыйзамга каршы келбейт деп чечти.
Эң жогорку сот органына аталган мыйзамдын үстүнөн "Реформа" партиясынын лидери, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, юрист Нурбек Касымов жана Таалайбек Усубалиев даттанышкан эле.
Ишти кароого Конституциялык палатанын сегиз мүчөсү катышты, судьялар Эмил Өскөнбаев жана Карыбек Дүйшеев отурумдун жүрүшүн алып барышты.
Жооп берүүчү тарап катары Жогорку Кеңештин өкүлү Бейшенбек кызы Камила, президентик аппараттын өкүлү Таштемир Чилдебаев катышты.
БШКдан эки өкүл келип, суроолорго Шаршеналы уулу Адилет жооп берди.
Шайлоолор тууралуу мыйзамдын эки беренесин токтотуу тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш 22-октябрда кабыл алган. Бул конституциялык мыйзам болуп саналат.
Доогерлер төмөнкү жүйөлөрдү келтиришти:
-Жарандардын шайлоо укугу бузулуп жатат, анткени 4-октябрда башталган шайлоо аягына чыккан жок.
-Мыйзамга ылайык, шайлоо жокко чыккан учурда кайра шайлоо өткөрүлүш керек.
-Конституциялык мыйзам буга чейин тарыхта болуп көрбөгөндөй одоно мыйзам бузуулар менен кабыл алынды. Анткени талкуулардан өткөн жок, баары бир күндө жыйынтыкталып, президент кол койду.
-Конституциялык реформаны толук легитимдүү, жаңы парламент өткөрүш керек.
Ал эми Жогорку Кеңештин өкүлү Бейшенбек кызы Камила парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылбаганын, 2021-жылы, 1-июнга чейин өтөөрү жаңы кабыл алынган конституциялык мыйзамда көрсөтүлүп турганын негиз келтирди.
Ал эпидемиологиялык абалга байланыштуу өлкөдө өзгөчө режим болгондуктан ушул парламенттик шайлоону жылдыруу зарыл болгонун айтты.
Ал эми президенттик аппараттын өкүлү Таштемир Чилдебаев 5-октябрдагы митинг шайлоодогу добуш сатып алуунун айынан болду, дароо шайлоо болсо окшош мыйзам бузуулар кайталанмак деди. Жооп берүүчү тарап парламенттин чечими эч бир мыйзамды бузган эмес жана шайлоону жылдыруу мыйзамдуу болгон деп санайт.
Клара Сооронкулова эгер конституциялык реформа жүрсө, анда көп мыйзамдарды анын ичинде, эң негизгиси шайлоо мыйзамдарын өзгөртүш керек болот дейт. Аларды өзгөртүү көп убакыт алгандыктан, Сооронкулова парламенттик шайлоо тез арада, айтылгандай, жазда өтөрүнөн шек санайт. Ал парламент документтерди жасалма жол менен жасоо боюнча да күнөөлүү деп эсептейт. Анткени мыйзамга 79 киши добуш берген, калган 4 кишинин добушу ишеним кат аркылуу алынган. Конституциялык мыйзамдарды кабыл алууга ишеним кат аркылуу добуш берүүгө болбойт жана 80ден ашык депутаттын болушу, добуш бериши зарыл.
"Эгер жооп берүүчү тарап айткандай "өзгөчө режим" парламенттик шайлоону жылдырууга негиз боло алса, анда мындай абалда жарандар да салык төлөбөө, кредиттик пайыздарын токтотуу, келишимдерди аткарбоо сыяктуу милдеттеринен кутулат", - дейт Сооронкулова.
Сооронкулова "Венеция комиссиясынын" конституциялык мыйзам эреже бузуулар менен кабыл алынганы боюнча билдирүүсүн эске алуу менен өкүм кылууну сурады.
Ал эми жооп берүүчү тараптар алардын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну өтүндү. БШКнын мүчөлөрү Конституциялык палата кандай чечим кылса ошону аткараарын билдирди.
Конституциялык палатага арыз 28-октябрда түшкөн. Анда мыйзам айрым тараптардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынып, мыйзам нормалары бузулганын териштирип берүүнү сурашкан. 22-октябрда ЖК "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешин шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзамдын эки беренесин токтотуу боюнча мыйзам" кабыл алышкан. Ал саналуу беренелерден турат. Доогер тарап ошонун биринчи жана экинчи беренеси боюнча даттанышты.
Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоолор каршылык акцияларынан, жеңилген бир катар партиялардын арызынан кийин жокко чыгарылган. Конституциялык мыйзамга ылайык, шайлоо жыйынтыгы жокко чыккандан кийин бир айдын ичинде кайра шайлоо жарыяланыш керек.