"Уурулардай кабыл алып атабыз": Жогорку Кеңеш референдум мыйзамын кароого киришти

Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо менен бирге мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүүгө камылга башталды. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште добушка коюлду. Мындан он жыл мурун парламенттик башкаруу жолун тандаган Кыргызстан кайрадан бул жолдун тууралыгынан шектенип, президенттик башкаруу жолуна кайтып барууну референдумда элдин элегине койгон жатат.

Мамлекеттик башкаруу формасын тандоону элдин өзүнөн сурап референдум өткөрүү керектиги жөнүндө президенттикке талапкер Садыр Жапаров айтып чыкккан эле. Андан мурда мындай маанидеги мыйзам долбоорун азыркы башк прокурор Курманкул Зулушев депутат болуп турганда даярдап, талкууга коюп кеткен эле. Ошол мыйзамды парламенттин кароосуна депутат Акылбек Жапаров алып чыкты.

"Биздин коомчулукта талаш-тартыш жаратып аткан мындан ары кандай мамлекеттик башкаруу принциптери болуш керек деген суроону саясий лидерлер, конституциялык кеңеш, парламент депутаттары чече албай турганына көзүбүз жеткенден кийин, муну президенттик шайлоо менен чогуу элден сураганбыз туура деген мыйзамды мен киргизип атам",-деди депутат.

Мыйзам боюнча 10-январда президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүлөт. Жарандар Кыргызстанда президенттик же парламенттик башкаруу реформасын тандап добуш беришет.

Бирок бул мыйзам долбоорун караган тийиштүү комитеттин жыйыны болгон эмес. Ошол себептүү анын шашылыш жыйынга коюлуп жатканын депутат Жанар Акаев катуу сынга алды.

"Уурулардай кабыл алып атабыз. Жашынып, бекинип, авторлорун таппай. Тиги конституциялык кеңешмени көрсөңүз, мына президенттин өкүлү отурат. Биз депутаттар Түркмөнстандын жолуна өтө тездик менен салып берип атабыз. Абдан өкүнүчтүү. Буга өкүнөсүңөр кийинчерээк",-деди Жанар Акаев.

Кыргызстан 2010-жылы кан төгүлүп, бийлик алмашканда парламенттик башкаруу жолун тандаганын жарыялаган. Эми андан он жыл өткөндөн кийин шайлоодон чыккан чырдан бийлик алмашып, кайрадан бул суроо кырынан коюлуп жатат.

Парламенттик башкаруу деген менен чынында партиялык тизме менен шайланган парламент баары бир эле президенттин тактекеси болуп келди, "бийликтин нотариусу" деген атка конду. Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен көбүнчө капчыктуу адамдар келип, олигархташкан парламент деп сынга калды.

Ошол эле учурда экс-президент Роза Отунбаева, "Ата мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган күчтөр парламенттик башкаруу жолунан кайтуу чоң жаңылыштык болот, бул өлкөнү отуз жыл артка алып кетет деп каршы чыгууда.

ЖК депутаттарынын атынан Конституциянын жаңы долбоору талкууга коюлуп, аны президенттин милдетин аткаруучу Т. Мамытов түзгөн конституциялык кеңеш карап талкуулап жаткан убагы. Ал жерде дагы Кыргызстанга кандай башкаруу керек деген суроо кырынан коюлуп, кызуу талаш-талкуу жүрүүдө.

Бирок бул долбоордун коомчулукка таңууланып жатканы жөнүндө сын пикирлер болгондон кийин мамлекеттик башкаруу реформасын референдумда эл өзү тандасын, анан ошого жараша баш мыйзамдын долбоору жазылганы туура болот деп жатышат. (КС)