You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавирус: Европадагы кырдаал, Ким Чен Ын чек арасына мина коюп жатат
Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандар саны 46 млн кишиге жетип, миллион киши оорудан көз жумду.
Азыркы маалда Европанын көпчүлүк аймактарында вирус кайрадан күчөп, айрым чектөө чараларын киргизүүгө аргасыз болууда. Бирок буга нааразылыктар күчөп, Испания, Италия, Чехия жана Германияда акциялар өтүүдө.
Эл арасындагы нааразылыкка карабастан Германия карантин чараларына катуу туруп жатат. Ангела Меркель ушул айдын аягына чейин киргизилген жаңы чектөө чараларын сактоого чакырды. Жаңы жылды майрамдоо учурунда дагы масштабдуу иш-чаралардан баш тартабыз деди ал. Өлкөдө кафе жана ресторандар, барлар, кинотеатрлар жабылды. Бирок көчөгө чыгууга чектөөлөр кирген жок.
Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте пандемиянын башында баардык өлкөлөрдөн мурун толук локдаун жарыялаган эле. Бул жолу элдин нааразылыгын эске алып, кырдаал курчуп кеткен аймактарга гана жарыялоону чечти.
Экинчи жолу улуттук карантин жарыялоону чечкен британ премьери Борис Жонсон катуу сынга кабылууда. Аны Улуу Британиянын экономикасынын таш-талканын чыгармак болду деп тилдешүүдө. Ошол эле маалда карантин чараларын жактагандар, анын ичинде дарыгерлер жана саламаттыкты сактоо жаатындагы адистер катаал чара көрүлбөсө, Covid-19 көп кишинин өмүрүн аларын эскертүүдө.
Женевадагы ооруканалар өтө кыйын кырдаалга туш болду. Орун жок, дарыгерлер бейтаптардын кимисинде жашап кетүү мүмкүнчүлүгү болсо, ошону жаткырууга аргасыз. Ошол эле маалда көпчүлүк европалык өлкөлөр, анын ичинде Швецияда кырдаал курчуп барууда.
Түндүк Корея
Түштүк Кореянын чалгын кызматы кабарлагандай, өлкөсүндө бир дагы киши коронавируска кабылбаганын айткан Түндүк Корея диктатору Ким Чен Ын катаал чараларга барууда.
Кытайдан коронавирус жуктургандар өтүп келбесин деген кооптонуудан улам Түндүк Корея чек арасына мина койгон. Бирок христиандык кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү Түндүк Кореяда жашыруун карантин лагерлери бар экенин ырастап жатат.
Маалыматтарда айтылгандай, лагерлер Кытайга жакын чек арага жайгашып, бейтаптарга жетиштүү медициналык жардам жок. Ал тургай көпчүлүгү ачкачылыктын азабын тартып жатканы айтылууда. Айрым тургундар болсо коронавирус белгилерин жашырып, үйүндө эле дарыланууда деген кабарлар айтылып жатат.