You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Карантинден качкан париждиктер, 700 км созулган унаа тыгыны
Бейшембиде Париждин жака-белиндеги негизги кан жолдордо унаа тыгыны пайда болуп, 700 км аралыкка созулду.
Мунун алдында эле өлкө бийлиги 30-октябрдан 1-декабрга чейин коронавирустун жаңы толкунуна байланыштуу жалпы улуттук карантин жарыялаган эле. Жергиликтүү басылмалар жазгандай, улуттук карантиндин алдында Париж тургундарынын көбү шаардан чыгып кетүүгө аракет кылды.
Катаал чектөө чаралары бейшембинин түнүндө күчүнө кирди. Ага ылайык тургундарга зарылчылык болбосо үйдөн чыкпоо катуу эскертилген. Сыртка чыга турган болсо электрондук уруксат кагазын толтуруп, анан уруксат алышат.
Парижден чыгып бараткандардын бири 24 жаштагы Анна "Фигаро" басылмасына берген маегинде, Франциянын түндүгүндөгү үй-бүлөлүк дачасына жөнөшкөнүн айтып берген экен. Буга чейинки карантинде Париждеги батиринде камалып олтуруу психологиялык жактан абдан оор болгонун кеп салган. Ошондуктан шаардын сыртын көздөй жөнөдүк деген ал.
Ушундай эле себеп менен шаарды таштап чыгып кеткендердин агымы узакка созулган тыгынды жаратты. Бир топ убакытка чейин унаалар ордунан жылбай туруп калышты. Лиондо, Бордо жана бир катар ири шаарларда дагы ушундай абал түзүлдү.
Ал эми четтеги аймактардын тургундары шаардан чыккандарга кооптонуу менен карап, жаман көрүп жатышат. Анткени коронавирус таратат деп чочулашат. Азыр вирус өлкөнүн бардык аймагына тарады. Жазында негизинен Париж жана өлкөнүн түндүк-чыгыш аймактарында кырдаал оор болгон эле.
Бейшембиде Францияда 47 637 кишиден вирус аныкталып, 250 бейтап каза тапкан. Президент Макрон кайрылуу жасап, "коронавирустун экинчи толкуну биринчиден да оор болчудай" деп эскертти.
Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен Евробиримдиктин лидерлери менен өткөрүлгөн видеоконференцияда Covid-19га кабылган бейтаптар ооруканаларга толуп калган болсо, аларды башка орун бош жерлерге жеткирүү үчүн 220 млн евро каражат бөлүнгөнун айтты.
Фон дер Ляйен Европа Биримдигинин ички чек аралары жабылбай турганын билдирди. Ошол эле маалда карым-катнашты азайтып туруу зарылдыгын жарандарга түшүндүрүү керек дейт.