Жайнаган эл, жайылган коронавирус, санаасы жок саясатчылар

Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлиги соңку саясий окуялар өлкөдө коронавирустун күчөп жайылышына алып келгенин билдирди. Ошол эле учурда президенттин милдетин аткаруучу, премр-министр Садыр Жапаров менен жолугушууга бир күн мурда Баткенде, бүгүн Ошто жана Жалал-Абадда стадионго көп эл жыйналды.

Кыргызстанда коронавирус жаңы жуктурган адамдар саны бир суткада 400 болду. Эң көп катталгандар Бишкекте, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында. Вирустан бир суткада төрт адам каза тапты. Экөө Бишкекте, экөө Баткен областында, жалпысынан коронавирус менен пневмониядан өлгөндөр саны ошентип 1159 адам болду.

Ал арада Саламаттык сактоо министрлиги оорунун жайылып жатышына саясий иш чаралар, саясатчылар эл чогулткан окуялар негизги себеп экенин билдирди.

«Массалык иш чараларды өткөрбөш керек, кээде айтканга туура келип атат, бул эрежелер бузулганда жаңы учурлар пайда болууда, саясий окуялар оорунун жугуп жайылышына алып келди, дагы эле жайылып атат. Биздин каада-салттагы иштер ага кошул ташыл болуп атат, үйлөнүү үлпөттөрүнө, аш-тойлорго эл көп чогулуп атат, -деди бүгүн басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Коронавирус басандабай жатканда ага кошул-ташыл болуп сасык тумоонун сезону башталды. Ошол эле учурда Бишкекте жана региондордо эл чогулган иш чаралар токтогон жок, кой деген эч ким жок.

Кыргызстанда коронавирустун кайра күчөп жайылып сентябрдын аягынан башталды. Ошол эле сентбярда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү жүрдү. Партиялар региондорго барып, эл чогултуп, жыйындарды өткөрүп атты.

Шайлоо чырга айланып, массалык тополоң чыгып, бийлик алмашууга чейин жеткенде эпидемиологиялык кырдаалды караган эч ким болбой калды. Ошондуктан октябрь айы Бишкекте жана региондордо бийлик талашмай, нааразылык жыйындары менен коштолуп келди. Мунун баарын көрүп турган жарандык активисттер, дарыгерлер кантип нааразы болбойт.

"Көзөмөл жок, оору күчөп атат. Кечээ төрт өлүм болду. Мен тааныгандан эле он врач эки тараптуу пневмония болуп ооруп жатат. Жөтөлүп коюп биз жүрөбүз. Италиядан азыр эле сиңдим менен сүйлөшсөм, карантинга баарын жапты дейт. Чоң өлкөлөрдүн алы келбейт, биздики кырылганды күтүп атабы? Жайында канчалаган өлүм болду. Өкмөт иштебей атат. Сурабалдиева өзүмдүн колума алдым дедеби беле. Ресторандарды жапкыла, той-топурду токтоткула деп өзүнө да жаздым",-деди бишкектик дарыгер Гүльмира.

Эми мына алдыда президенттик шайлоо турат. Ал 10-январда өтөт. Ноябрдын ичинде талапкерлерди каттоо болот, 10-декабрдан үгүт иштери башталат. Стадион толтура эл чогултмай азыр эле башталды, үгүт өнөктүгү кызыганда эмне болот деген оор суроо турат.

Экинчи жагынан күз келгени аш-тойлордун сезону башталды. Кафе-ресторандарга киши санына чектөөлөр салынган менен андан аш-той азайып кеткен жок. Көзөмөл органдарына тийиштүү 2-3 миң сом штрафын төлөп коюп, тойканалар жылдагыдай эле бизнестин кызуусуна кирди. (КС)