Пандемия, кыш, карыз: жаңы өкмөттү күтүп алган көйгөй көп

Кыргызстанда массалык нааразылыктардан кийин тогузунчу күн дегенде өкмөт Жогорку Кеңеш тарабынан шайланды. Премьер-министрдин орду талашка түштү. Эксперттер жаңы өкмөт бир катар оор социалдык, экономикалык маселелердин үстүнө келгенин айтууда.

Бизнес бирикмелеринин улуттук альянсы башаламандык башталгандан бери өлкө жетекчилерине жек сектордун коопсуздугун камсыздап берүү талабы менен төрт жолу кайрылуу жасады.

ГЭСтер биримдигинин төрайымы Эльвира Боромбаева коомдук-саясий окуялардын эпкини жеке ишканаларга дагы деле тийип жатканын билдирди.

"Жалпыга маалымдоо каражаттарына тарады, Чүй облусунда 13 жеке ишканага кол салуу болуп жатат. Күн сайын дале ушундай окуялар катталып жатат. Пандемияга байланыштуу марттан бери ансыз да экспорт, импорт токтоп, көп зыян тартып келатканбыз. Жергиликтүү өнөр жай болобу, айыл чарба болобу, баары солгундады. Ошондуктан өкмөттөн тез арада жөнгө салууну суранат элек", - деди Боромбаева.

Ал пандамеядан улам 30 чакты компания жабылып калганын кошумчалады. Айрымдары инвестор таап, жумушун кайрадан баштоо алдында турганда саясий окуялар аларды качырды.

Чет жерге акча которууларга тыюу салынгандыктан сырттан товар алган ишкерлер акчасын которуп жибере албай күнүмдүк туундуларын төлөгөнгө аргасыз болуп жатат.

Рейдерлик басып алууга жана каракчылыкка каршы мыйзамдуулук толукталыш керектигин белгилеген Боромбаева жеке сектор өз көйгөйү менен өзү калганын айтты.

Экономиканын 40 пайызы чакан жана орто бизнеске туура келет.

Юридика илимдеринин доктору, Кадр кызматынын мурдагы башчысы Чолпонкул Арабаев Кыргызстандын алдында орчундуу экономикалык, социалдык маселелер турганын Би-Би-Сиге билдирди:

"Алдыда кыш келатат, пандемия маселеси турат, өкмөт ошолордун үстүндө иштеш керек. Элдин биринчи талабы парламенттик шайлоону жокко чыгаруу болчу, ал аткарылды. Эми өкмөттүн бош турган кызматтарына шайлаш керек. Укук коргоо органдарына кызматка баргандар бүгүнкү күнү коюлган талаптарга жараша жумуш жасабаса кыйын болуп калат".

Кыргызстан мамлекеттик карыздарын да төлөш керек. Ушу тапта тышкы карыз 4,1 млрд доллар, 2020-жылы пандемияга байланыштуу алган карыздарын кошкондо 4,3 млрд долларга жетет. Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева жыл аягына чейин башка карыз албаганга аракет кылабыз деген эле Би-Би-Сиге сентябрда берген интервьюсунда.

"Биздин божомолго ылайык жылды 4,3 млрд доллар менен бүтүрөбүз, - дейт Жээнбаева, -Пандемияга байланыштуу быйыл карызды жылдагыдан көбүрөөк алдык. Кыргызстандын тышкы карызы ички дүң өндүрүмдүн болжолдуу алганда 60 пайызын түзөт. Бул жогорураак, бирок эл аралык эксперттердин билдиришинче, өлкөнүн карызды төлөөгө кудурети жетет".

Саясий илимдеринин кандидаты Азамат Темиркулов кыргызстандыктар төңкөрүштөрдү, саясий кризистерди бир канча жолу башынан өткөргөндүктөн элде "иммунитет" калыптанганын айтты.

Ал ошол эле убакта саясат менен алек болгон бийлик тезинен этек-башын жыйбаса, социалдык, экономикалык маселеден башка да көйгөйлөр курч экенин белгиледи.

"Үчүнчү күчтөр бар, ар кандай террористтик топтор, башка өлкөлөрдүн атайын кызматтары бар. Өз кызыкчылыгына жараша алар чагымчылдыкка барышы мүмкүн. Бирок 2005, 2010, 2018-жылдагы Алмазбек Атамбаевге байланыштуу окуяларды башынан өткөргөн элдин мобилизация болууга "иммунитети" бар. Муну пандемия учурунда да көрдүк. Ыктыярчылардын жардамы менен кырдаалдан чыгып кеттик, азыр да алар каракчылыкка жол берген жок. Элитабыз башаламан болуп жатса тынчтыкты элибиз бузбай, камсыздап калат деп ишенем", - деди Темиркулов.

Мындан сырткары жаңы өкмөттүн алдында пандемия менен күрөшүү милдети турат. Вирусту жугузгандар, курмандыктардын саны сентярбдын башына салыштырганда улам өсүп жатат. Жайда чукул уюштурулган ооруканалар элди куткарып кетсе, суукта жылуу жайларды даярдаш керек. Курулушу башталган бейтапканалар бүтө элек.