You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Парламент өкмөттүн курамын бекитти, С.Жапаров жаңы жетекчилерди сунуштады
Жогорку Кеңеш жыйынга чогулуп, өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасын карады.
Садыр Жапаров өкмөттүн курамын 20 пайыз өзгөрткөнүн билдирип, жаңы жетекчилерди сунуштады. Жогорку Кеңеш өкмөттү жана анын курамын бекитип берди.
- Биринчи вице-премьерликке мурдагы экономика министри Артем Новиков
- Вице-премьер-министрликке Равшан Сабиров, Максат Мамытканов, Аида Исмаилова
- Руслан Казакбаев тышкы иштер министрлигине
- Улан Ниязбеков ички иштер министрлигине
- Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министрлигине
- Кыялбек Мукашев финансы министрлигине
- Бакыт Бердалиев транспорт жана жол министрлигине
- Марат Жаманкулов юстиция министрлигине
- Бообек Ажыкеев өзгөчө кырдаалдар министрлигине
- Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министрлигине
- Улукбек Кочкоров эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине
- Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министрлигине
- Жыргалбек Сагынбаев Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин жетекчилигине
- Исмаилов Алтынбек Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгына дайындалды.
Башаламандыктар учурунда абактан бошотулган Садыр Жапаров митингчилердин талабы менен премьер-министрликке көрсөтүлүп, аны депутаттар эки жолу чогулуп колдоп берген эле. Бирок "Достук" мейманканасында, кийин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйындары мыйзам талаптарын сактабай өттү деп табылды.
Эрте менен өкмөттүн расмий сайты маалымат таратып, Садыр Жапаров "мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында бир катар кадрдык чечимдерге кол койгонун" кабаралады. Өкмөттүн сайты бир нече дайындоолор боюнча маалымат берди. Анда Элнура Мамбетжунушева Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалганы айтылат.
"Мындай чечим Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жактарды бажы органдарындагы иштен бошотуу жана алар орноткон коррупциялык схемаларды жоюу максатында кабыл алынды",-деп айтылат расмий маалыматта.
Андан сырткары: Аманбаев Бактыбек Абдилашимович өкмөттүн аппарат жетекчиси, Абдылдаев Сагынбек Токонович Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды (финансы полициясы), Эгембердиев Аскат Раимжанович Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп , Ашимбаев Сабыркул Абасович өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович өкмөттү Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганы кабарланган.
Садыр Жапаровдун тарапташтары
Бүгүн өкмөт үйүнүн жанындагы эски аянтка Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан митингге чогулду. Алар президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын жана Жапаровдун тез арада премьер-министрликке дайындалышын талап кылды.
Мунун алдында президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жаңы шайланган спикери Канат Исаевге кат аркылуу кайрылган. Анда "премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров сунуш кылган программаны бекитүү, өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо боюнча Жогорку Кеңештин чечимдери мыйзам сакталбай калгандыгына байланыштуу президенттин аппараты тарабынан парламентке кайтарылып берилгени" айтылган.
Садыр Жапаровдун колдоочуларынын көбү анын "Кумтөр" маселеси боюнча келишкис позициясын колдошот. "Эгерде табигый ресурстарды элдин колуна берсе, ар бир кыргызстандык миллионерге айланат" деп чакырык салып келген.
Жапаровдун тарапташтары беш күн бою тарабай туруп, анын премьер-министр болгонун уккандан кийин гана аянттан, өкмөт үйүнүн алдынан чыгып кетишкен.
Парламенттин кезексиз жыйынында Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка жалгыз талапкер болуп көрсөтүлгөн. Кворум болбой калганын депутаттардын айрым бөлүгү коркутуп-үркүтүүгө кабылганы менен байланыштырууда. Жапаровдун тарапташтарынын арасындагы айрым агрессивдүү маанай анын криминалдык күчтөр менен байланышта деген пикирлердин айтылышына себеп болду.
Ошондуктан аны уюшкан кылмыштуу топторго байланышы болушу мүмкүн деген кептер тарап кетти. Анын тарапташтары бул айыптоолорду кескин четке кагып, атайын каралоо максатында жасалууда деген пикирде.
Саясий кризис
4-октябрдагы парламенттик шайлоодо көпчүлүк добуштар үч гана партияга тийди. Оппозициялык партиялардын бирөө гана босого чектен өткөн. Шайлоого катышкан калган партиялардын баары, анын ичинде босого чектен өткөн "Бүтүн Кыргызстан" партиясы дагы жыйынтыкка нааразы болуп, шайлоону жокко чыгаруу талабы менен чыкты. Шайлоо мыйзам бузуу менен өткөнүн айтып, Бишкектин борбордук аянтына миңдеген кишилер жыйылган. Түндөсү айрым митингчилер Ак үйгө кирүүгө аракет кылып, милиция күчтөрү ошондон кийин гана күч менен таратууга аракет кылды. Кулак тундурган граната, көздөн жаш агызган газ жана желим октор колдонулган. Кагылышуудан 19 жаштагы жигит каза таап, миңге чукул киши жаракат алды.
5-6-октябрдагы каршылык жүрүштөрү жана башаламандыкты көптөр ишке ашпай калган ыңкылап катары мүнөздөп жатышат. Бийлик дароо эле шайлоо тыянагын жокко чыгарды. Бирок өлкө саясий кризиске кептелип, коомдо дагы ички ажырым пайда болуп, саясий күчтөр бир нече топко бөлүндү.
Президент кырдаалды колго алуу аракетин көрүп, парламент депутаттары бардык саясий күчтөрдү өлкөнүн бүтүндүгү үчүн биригүүгө чакырык салууда. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө укуктук жолго түшкөндөн кийин гана отставкага кетерин айткан. Бирок азыр көпчүлүк саясий жана коомдук ишмерлер президентти мөөнөтүнүн аягына чейин иштөөгө чакырууда. Кыргызстан эми алдыда кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүшү керек. (AbA)