You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстан: өкмөттүн легитимдүүлүгү талаш жаратты
Кыргызстанда өкмөттүн легитимдүүлүгү тууралуу маселе кайрадан талкууга түштү. Аны шайлаган Жогорку Кеңеште кворум болбогонун, демек ал легитимсиз экенин айрым депуттар жана башка юристтер айтып жатат.
Өкмөттүнкурамы Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен иштей баштады
Ал ортодо Садыр Жапаров өкмөт үйүндө жыйын өткөрдү. Расмий таратылган маалыматта "премьер-министр Садыр Жапаров" деп жазылат.
Өкмөттүн басма сөз кызматында иштеген Марат Кыдыралиев өкмөттүн аппараты толук иштеп жатканын айтты.
"Кыргыз Республикасынын премьер-министри Садыр Жапаров өкмөттүк аппараттын бөлүм башчылары менен жыйын өткөрдү. Бөлүм башчыларына жана тийиштүү органдарга бир катар, анын ичинде күз-кыш жылытуу сезонунан өтүү, коронавируска каршы күрөшүү, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү жана донордук уюмдар менен жолугушууларды уюштуруу тууралуу тапшырмалар берилди. Жалпысынан бардык мамлекеттик түзүлүштөр, министрликтер, ведомстволор, райондук администрациялар кадимкидей иштеп жатат", - деди Кыдыралиев Би-Би-Сиге.
Талкуунун чордонунда Касымалиеванын билдирүүсү
Саясат таанучу Эмил Жороев Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын сөзү мындан аркы саясий өзгөрүүлөргө жараша макулдашылган деп божомолдойт.
"Албетте, президент Жээнбековдун чөйрөсүндөгү кишилердин, Касымалиеванын сүйлөшүүсү жүрүп жатат, - деди Жороев. -Аида Касымалиеванын сөзүн президент менен макулдашылган деп баалайм. Премьер-министр, спикердин мыйзамдуулугу тууралуу айткандары жөндүү. Бирок билдирүүсүнүн артында Садыр Жапаровго каршы чыгуу же спикерлик милдетти алуу максаты турат деп ойлобойм. Бул жерде саясатты жөнгөрүү, президент Жээнбековго кандай ыңгайлуу болот деген маселе турат деп эсептейм".
Жогорку Кеңеш 10-октябрда кезексиз жыйында Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлаган. Жыйынды вице-спикер Мирлан Бакиров алып барган. Бирок вице-спикер Аида Касымалиева бул шайлоо мыйзамсыз экени тууралуу пикирин "Фейсбук" баракчасына жазды.
Касымалиеванын айтымында, спикердин милдети биринчи вице-спикер катары ага өтүш керек, ал эми биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуш керек.
Депутат Евгения Строкова сессияга катышкан депутаттардын так санын эсептеген эмес. Ал парламент кайра чогулуш керек экенин айтууда.
"Мен парламентти жакшылап чогултуп, ушунун баарын талкуулаш керек деп ойлойм. Баары капыстан болуп кетти, андай болбош керек. Чукул түрдө эптеп-септеп жасалды. Митингге барган да, барбаган да депутаттар эми өзүн токтотуп, кур дегенде жүздөн ашыгы чогулуп пикирин айтышы абзел. Мен Садыр Жапаровду колдойм деп айта албайм. Жалпы бир пикирге келишибиз керек", - дейт Строкова.
Легитимдүүлүк боюнча талаш уланууда
Ошол эле учурда президент өз позициясын билдирбей жатат. Анын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, премьер-министрди шайлоо боюнча президентке Жогорку Кеңештин токтому келе элек. Мыйзамга ылайык, токтомго президент үч күндүн ичинде кол коюш керек. Эгер бул мөөнөттө президент кол койбосо, өкмөт ЖК тарабынан шайланган болуп саналат.
Жогорку Кеңештин жыйынында кворум болбогондуктан Садыр Жапаров легитимсиз экенин Феликс Кулов баш болгон бир катары саясатчы, эксперттер айтып чыгышты.
"Мекенчил" партиясынан депутаттыка талапкерлигин койгон Бакыт Аманбаев бардык процедуралар мыйзам чегинде болгонун айтты. Садыр Жапаров мыйзамуу шайланган премьер-министр экенин айтып келатат.
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев кворум болгонун тастыктады.
Жогорку Соттун мурдакы төрагасы Курманбек Осмонов азыркы өкмөттүн легитимдүүлүгү боюнча бир катар юристтер көтөргөн маселе туура экенин айтууда.
"Сессияны качан гана кворум болгондо, 61 киши келсе ачууга мүмкүн, - деди Осмонов, - Ал эми берилген ишеним каттар кворумду түзбөйт. Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө атайын мыйзам бар. Процедуралык талаптарды бузуу менен өткөрүлгөн шайлоолор, дайындоолор же бекитүүлөр мыйзамсыз болуп калат. Анан легитимсиз орган кабыл алган чечимдери да легитимсиз болот".
Эскперттер өкмөттүн мыйзамдуу же мыйзамдуу эместиги дале такталбай жаткан чакта эл аралык коомчулук кайсы өкмөт менен мамиле кылары маанилүү дешет. Азырынча кайсы бир мамлекет Кыргызстандын премьер-министри тууралуу оюн же ага саламын жолдой элек.