You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Парламент токтому артка кайтарылды”: Жээнбеков менен Жапаровдун жолугушуусу
Президент Сооронбай Жээнбеков парламент тарабынан өкмөт башчылыкка шайланган Садыр Жапаров менен жолукканы белгилүү болду.
"Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин токтомун кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын белгиледи",-деп айтылды расмий маалыматта.
"Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл", -деген президент.
С.Жээнбеков аракеттеги мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо менен кароосу үчүн парламентке кайрылаары айтылды.
Жогорку Кеңеш токтомунун көчүрмөсү президенттин аппаратына 2020-жылдын 12-октябрында келип түшкөн.
Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, президент үч күндүк мөөнөт менен премьер-министрди жана өкмөттүн калган мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарат. Эгерде президент аталган мөөнөттө премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, алар дайындалган болуп эсептелинет.
"Ошону менен бирге белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин аталган чечимдери коомчулукта кеңири талкууланып, кабыл алынган чечимдердин легитимдүүлүгү шек жаратууда. Конституциянын 77-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин жыйыны ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышкан шартта мыйзамдуу болот",-деп айтылды расмий маалыматта.
"Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" мыйзамдын 82-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын отурумдары кворум болсо, анда жыйын мыйзамдуу деп табылып, ал эми кабыл алынган чечимдер мыйзамдуу күчкө ээ болот. Жогорку Кеңештин, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарынын кворуму демек, бул Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын, комитеттердин, комиссиялардын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн катышуусу дегенди билдирет.
"Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" КР мыйзамынын 1-беренесине ылайык, жыйынга катышкан депутаттардын саны, жыйын залында отурган жана добуш берүү алдында катталган Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны болуп эсептелет.
Мындан улам, кворумдун болушу 61 депутаттын физикалык түрдө катышуусун билдирет. Ишеним каттардын болушу добуш берүү укугун берет, бирок кворумду түзбөйт.
"Берилген маалыматтарга ылайык, Жогорку Кеңештин 2020-жылдын 10-октябрындагы кезексиз жыйынында 51 депутаттын катышканы жана андан тышкары башка депутаттардан 10 ишеним кат бар экендиги расмий жарыяланган. Мындан улам кворум камсыз кылынган жок, кворумсуз кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз жана юридикалык күчкө ээ эмес деп эсептелинет",-деп маалымат таратты президенттин сайты.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты келип түшкөн тиешелүү документтерди парламентке кайтарды.
Эки күндөн бери өкмөттүн легитимдүүлүгү тууралуу маселе талкуудан түшпөй жаткан эле. Өкмөт башчыны шайлаган Жогорку Кеңеште кворум болбогонун, демек, легитимсиз экенин айрым депуттар жана бир катар юристтер айтып чыкты. Ушул маалда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын өткөрүүдө.
Кыргызстан 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризиске кептелди. Шайлоо тыянагына нааразылык билдирип чыккан каршылык жүрүшү башаламандыкка айланып, бир киши каза таап, бир нечеси жаракат алды. Учурда өкмөт башына келген Садыр Жапаровдун легитимдүүлүгү боюнча талкуулар жүрүүдө. Башаламандыктар учурунда абактан бошотулган Садыр Жапаров митингчилердин талабы менен премьер-министрликке көрсөтүлүп, аны депутаттар колдоп берген эле. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынында Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка жалгыз талапкер болуп көрсөтүлдү.
Парламенттин кезексиз жыйынында сүйлөп жатып Садыр Жапаров президент С.Жээнбеков өз арызы менен кетүү убадасын бергенин айтты. Мурдагы өкмөттүн курамы, программасын азыр өзгөртпөй турганын билдирген. Бирок азыркы маалда айрым саясатчылар президентти отставкага кетпөөгө чакырган билдирүүлөрдү таратууда. (AbA)