Бишкек: С. Жээнбеков Кремлдин өкүлү менен жолукту

Президенттин сайты маалымат таратып, Сооронбай Жээнбеков "Орусия лидери Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча Кыргызстанга келген Дмитрий Козак менен жолугушканын" билдирди. Жолугушууга Садыр Жапаров дагы катышканы айтылат.

Дмитрий Козак - Орусия президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары.

"Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалда жаралган кризистин биринчи күндөрүнөн тартып президент Сооронбай Жээнбеков менен орус президенти Владимир Путин менен бир канча жолу телефон аркылуу сүйлөштү. Кыргызстан менен Орусия союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр, ошондой эле ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ уюмдарынын мүчөлөрү болуп саналат. Орусия тарап кырдаал түзүлгөндөн баштап тынчсыздануусун билдирген жана абалды жөнгө салуу боюнча өздөрүнүн жардамын сунушташкан",-деп жазды президенттин расмий сайты.

Бүгүн эрте менен бир катар басылмалар Кыргызстанга Кремлдин өкүлү келгенин жана президент С.Жээнбеков менен жолугушаары тууралуу жазышкан эле.

Кыргызстан 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризиске кептелди. Шайлоо тыянагына нааразылык билдирип чыккан каршылык жүрүшү башаламандыкка айланып, бир киши каза таап, бир нечеси жаракат алды. Учурда өкмөт башына келген Садыр Жапаровдун легитимдүүлүгү боюнча талкуулар жүрүүдө. Башаламандыктар учурунда абактан бошотулган Садыр Жапаров митингчилердин талабы менен премьер-министрликке көрсөтүлүп, аны депутаттар колдоп берген эле. Бирок парламент жыйынында кворум болбой калды деп чыгышты. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынында Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка жалгыз талапкер болуп көрсөтүлдү.

Парламенттин кезексиз жыйынында сүйлөп жатып Садыр Жапаров президент С.Жээнбеков өз арызы менен кетүү убадасын бергенин айтты. Мурдагы өкмөттүн курамы, программасын азыр өзгөртпөй турганын билдирген. Бирок азыркы маалда айрым саясатчылар президентти отставкага кетпөөгө чакырган билдирүүлөрдү таратууда. Президент эл алдына кайрылуу менен чыга элек. Күн сайын анын маалымат кызматы президентти ар кайсыл тармактын жетекчилерин кабыл алып, ишке киришип жатканын көрсөтүүдө. Президенттик аппарат "өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн программасын бекитүү жана түзүмү менен курамын аныктоо тууралуу" Жогорку Кеңешинин токтому келип түшкөнүн тастыктады. Азырынча президент жаңы өкмөттү дайындоо боюнча жарлыкка кол кое элек.