You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Шайлоого сапырылган акча жана ыкчам топтордун ыкшоолугу
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы шайлоо мыйзамдарын бузгандарды мыйзамдык жоопкерчиликке тартарын эскертип, азыркы учурда массалык маалымат каражаттарында көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди. 1-сентябрда болгон коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо органдарына шайлоодогу мыйзамсыз көрүнүштөргө ыкчам түрдө мыйзамдуу чара көрүү талабы коюлган.
Негизи Башкы прокуратура качан болбосун, кайда болбосун, шайлоо мыйзамдарыбы же башка мыйзамдарбы, аны бузган ээнбаштарга укуктун укуругун салып, жоопко тартып турушу керек. Ал үчүн Коопсуздук кеңешинин чечимин же көрсөтмөсүн күтүп отурбаш керек. А эгер маселе коопсуздук кеңешинин деңгээлине чейин каралып, ошол жактан тапшырма болуп жатса, анда кырдаал ошончолук олуттуу, маселе ошончолук машакаттуу деп түшүнүү керек.
"Реакция жок"
1-сентярда болгон коопсуздук кеңешинин жыйынында президент массалык маалымат каражаттарында айтылып, жазылып жаткан мыйзам бузууларга укук коргоо органдары тарабынан тийиштүү реакция болбой жатканына ачуусу келген эле.
"Массалык маалымат каражаттары жазып атат, айтып атат, көргөзүп атат, бирок бир да реакция жок!"-деген эле Сооронбай Жээнбеков.
Ошондон кийин Башкы прокуратура атайын топ түзүп, массалык маалымдоо каражаттарына, Интернет ресурстарга мониторинг жүргүзүп, андагы маалыматтар боюнча чара көрүп баштаганын билдирүүдө. Анын билдирүүсүнө караганда, мониторинг учурунда 21 макала бөлүнүп алынып, андагы көрсөтүлгөн маалыматтар же фактылар боюнча текшерүү жүргүзүү жөнүндө ички иштер органдарына тапшырма берилди.
Жалпысынан кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрине шайлоо мыйзамынын бузулганы учурлары боюнча 22 материал катталды, алар боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.
Башкы прокуратура ошондой эле шайлоо убагында улуттук, диний, аймак аралык кастыкты козутууга, бийликти басып алуу же конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга, аймактын бүтүндүгүн бузууга чакырып үгүт жүргүзүү мыйзамсыз экенин билдирип жатат. Ошондой эле шайлоочулардын добушун кандай гана формада болбосун сатып алуу аракеттерине тыюу салынганын эскертти.
Мониторинг көрсөткөндөй, массалык маалымат каражаттарында көп учурда шайлоо документтерин бурмалоо, административдик ресурстарды кыянат пайдалануу, шайлоочулардын добушун сатып алуу, шайлоочулардын акча алышы сыяктуу кылмыштар жөнүндө маалыматтар жарыяланууда.
Жер-жерлердеги мыйзам бузуу фактылары Боршайкомдун өзүнө да келип түшүүдө. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматовдун айтымында, ыкчам чара көрүү топтору түзүлгөн. Алар өз кезегинде арыз-даттанууларды карап чыгышып, кылмыштын белгилери болсо укук коргоо органдарына оперативдүү түрдө өткөрүп берүүгө тийиш. Бирок бул жагынан БШК да, укук коргоо органдарынын иш-аракети оперативдүү болуп жатканы байкалбайт.
"Мендей бечараны ким угат?"
Шайлоо мыйзамын бузган ээнбаштарга чара көрүлөрүнө эл ичиндеги ишеним абдан төмөн экенин айта кетели. Мисалы, Өзгөн районунда партиялардын аңды-дөңдү карабаган агитаторлору элдин добушун эмитен эле каратып туруп эле сатып алып жатканын Би-Би-Сиге билдирген көп балалуу келин бул фактыларга мыйзамдуу чара көрүлөрүнө көзү жетпей турганын айтып жатат:
"Корктум. Экинчиден, менин үнүмдү ким угат? Менмин дегендер, эл үчүн кызмат кылгандар түрмөдө жатат. Бечара, карапайым, бир кыйналган мендей бирөөнү арызданган чакта деле укмак беле. Кокус келип өлтүрүп кетишпейби".
Жер-жерлерде капчыктуу партиялардын агитаторлору үгүт иштерине жамынып алып, көрсөтүп да, көрсөтпөй да акча сапырып таратып жатканын азыр айтпаган же жазбаган киши аз. Шайлоого уюшкан кылмыштуу топтор кошо аралашып, бул процессти башкарууга киришти деген маалыматты эске алганда, мыйзам бузуу фактыларын ачыктай тургандарга коркутуп-үркүтүүлөр, оозун басуу аракеттери да болбой койбойт. Демек, укук коргоо органдары мыйзам бузуу фактыларын ачыктаган адамдардын коопсуздугун дагы ойлобосо болбойт.