СOVID-19: Кош стандарт диагноздун оор кесепеттери

Сүрөттүн булагы, official
Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлиги пневмония менен COVID-19 бөлбөй, бир диагноз катары кароо жөнүндө буйрук чыгарды. Андан мурда Илимий-кеңеш комитетиндеги эксперт-дарыгерлер COVID-19 диагностикасында кош стандартты токтотууну талап кылып, республикалык штабга жана Саламаттык сактоо министрлигине кайрылышкан эле. Өлкөдө башынан эле COVID-19 менен пневмонияны эки бөлөк санап жатышкан. Бул дарылоо ишинде дагы трагедиялуу катачылыктарга алып келип жатканы айтылууда.
Өлкөдө күн сайын коронавирус жана ооруканадан сырткаркы пневмония менен ооругандар жана каза болгондор катталууда. Анын ичинде коронавируска караганда пневмониядан өлгөндөр эселеп көп болууда.
Пневмониянын курмандыктары соӊку стукада эле 41 адам болду. Бир күн мурдакысы 71 болгон. Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата COVID-19 каза болгондор 167 адам, пневмониядан каза болгондор 612 болду.
Эксперт дарыгерлер бул жерде республикалык штаб менен Саламаттык сактоо министрлиги бекитип берген дарылоо протоколундагы катачылыктар жөнүндө айтып жатышат. Башкача айтканда COVID-19 белгилери бар оорулууларды ПЦР анализи жок болгон үчүн эле пневмония деп туура эмес диагноз коюп, туура эмес дарылоого жол берилип жатканы жөнүндө сөз болууда.
Илимий кеңеш комитетинин кайрылуусунда мындай кош стандарт дарылоонун кесепети трагедияга алып келип жатканы баса белгиленет:
"Азыркы күндө жарыяланган пандемияда ДССУнун сунушу боюнча жана Кыргызстандын протоколу боюнча, пневмониянын ар бир учуру лабораториялык тастыктамасы жок болгон учурда дагы такталган окшош белгилери жана рентген маалымат боюнча COVID-19 деп аныкталышы керек, муну дарыгер эместер да түшүнүп жатат",-деп айтылат кайрылууда.
Бир күн мурда президент Сооронбай Жээнбеков медицина боюнча эксперт окумуштуулар менен жолуккан. Ошол жолугушууда дагы СOVID-19 менен пневмониянын эки башка каралып жатканы туура эмес экени жөнүндө сөз болду. Жогорудагы кайрылууга кол койгон жана президенттеги жыйынга катышкан эксперттердин бири Кыргыз Медициналык академиясынын профессору Нурлан Биримкулов:

Сүрөттүн булагы, DOSALIEV SULTAN
"Кеп бириктирүү жөнүндө эле эмес, бир эле оору жөнүндө болуп жатат. Ким мындай жасады, бул Саламаттык сактоо министрлигинин адистеринен кетти да. Ошондуктан таптакыр эки башка оору, эки башка статистика болуп калды. А чынында бул бир эле оору. Аны тезинен бириктирүү керек. Бул жөнүндө кечээ да көп айттык. Биз азыр протоколдун үстүнөн иштеп, аны бир диагнозго алып келишибиз керек. Бул азыр ар бир оорулуу үчүн абдан маанилүү. Андан дагы чоң эпидемиологиялык мааниси бар".
Эксперттер СOVID-19 жана пневмония менен ооругандарды кароо жана дарылоо таптакыр айырмаланат деп белгилешүүдө. Атап айтканда, пневмония деген диагноз коюш үчүн рентгенологиялык, лабораториялык жана башка изилдөөлөр керек. Ал эми СOVID-19 болгон учурда башында жеңил өтүп жатса анализ алуунун кереги жок, анын көрүнүп турган маалыматы ансыз деле жетиштүү дешет.
Бирок ага карабастан, азыр баары жабыла рентген жана башка лабораториялык изилдөөлөрдү жасатып жатышат. Бирок бул изилдөөлөр оорунун башында көп маалымат бербейт жана дарыгерлерди да, оорулууларды да чаташууга алып барууда. Анысы аз келгенсип, компьютердик томографияга узун кезекке жыйылган адамдар бири-бирине оору жугузууда.
"КОВИД 19 жаңы башталганда жана жеңил өтүп жатканда антибиотиктерди берүүнүн кереги жок, ьирок ооруканадан тышкары пневмония диагнозу антибиотиктерди жазууга мажбурлап жатат, антпесе дарыгерге ФОМСтун инспекторлору бери дегенде айып пул салат. Биз бул жерде да кайрадан дарылоодогу карама-каршылыкты көрүп жатабыз",-деп айтылат эксперттердин кайрылуусунда.
Эксперт окумуштуулар туура эмес диагностика жана дарылоонун айынан оору тез жайылып, күчөп кетип, өлүмгө алып барып жатканын баса белгилешүүдө. (КС)















