Суй жыгылган дарыгерлер: улуттук дарылоо тармагынын кендирин кескен кемчиликтер

Сүрөттүн булагы, official
Кыргызстанда бир суткада эле коронавируска чалдыккан дарыгерлер саны 125 болду. Ооруканада дарыгерлердин жетишпегендиги азыркы пандемия учурундагы эң курч көйгөйгө айланды. Өкмөттүн чаржайыт аракети кырдаалды ого бетер чакчелекей кылууда.
"Координация начар"
Жекшембиде Москвадан чартердик каттам менен 45 ыктыярчы дарыгер Бишкекке учуп келгенин коомдук сайттар кубануу менен кабарлашты. Алар кыргызстандык дарыгерлерге жардам берип, кызыл зонага чейин барып иштеп беришмекчи. Буларга кетчү каражатты бүт жол курулуш компаниялары мойнуна алды.
Бирок аларды аба майданынан мамлекеттик органдардын эч бир өкүлү тосуп албаганы мамлекеттик координациянын эң начар болуп жатканын кашкайта көрсөттү.
Коронавирус козгогон пневманиядан болуп жаткан өлүм-житим кан майдандан келген суук кабарлардай болуп элдин үрөйүн үчурууда. Катуу ооруп калгандарга тез жардам барбай, барганы менен ооруканада орун жок, ооруканага түшсө, аларды карай турган дарыгер жок болуп жатат. Ошол эле учурда премьер-министрдин жарандардын саламаттыгын коргоо үчүн бардык шарттар түзүлүп атат деген сыяктуу билдирүүлөрү элдин кыжырына ого бетер тийүүдө.
"Координациялык иш начар, дарыгерлердин ишин кээде карап уюштурган эч ким жок болуп жатат. Саламаттык сактоо министрлиги, шаардык саламаттык сактоо мекемеси бар деген менен чынында эле алардын иши жакшы болсо, анда өлүм-житимдин үчтөн бирин болтурбай кое алат элек",-деди саламаттык сактоо министринин мурдакы кеңешчиси Елена Баялинова.
Кашкайган мисал, Канттагы ооруканада оорулууларды карай турган дарыгер жок болуп калды деген маалымат чыккандан кийин дагы Саламаттык сактоо министрлиги аны ачык айткандын ордуна жаап-жашырууга аракет кылды. Ошол эле убакта ал жакка башка региондордон тогуз дарыгер жиберилерин айтууда.
Оору чырмаган дарыгерлер

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO
Эң эле жаманы, коронавируска чалдыккан дарыгерлер өздөрү эң көп болуп жатат. Бир суткада эле коронавируска чалдыккан дарыгерлер 125 болду. Ал эми бул ооруну жугузуп алган дарыгерлердин жалпы саны 1781 болду. Коронавирустан беш дарыгер көз жумду.
"Коронавирус жана пневмония менен ооруган дарыгерлер көбөйүп жатат. Медиктер күн-түн дебей иштеп жатат, ошол себептүү алардын иммунитети начарлап, ооруп калып жатат", деди дүйшөмбүдөгү брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова.
Өпкө дартын билген адистер өтө аз
Коронавирус козгогон пневмониядан көз жумгандар соңку суткада эле 29 болду. Алардын көбү ооруканадан үзүлүп жатканы оорулууларды караган дарыгерлердин кесипкөйлүгү жөнүндө өзүнчө суроолорду жаратты.

Сүрөттүн булагы, Med.kg
Чынында эле өлкөдө өпкө оорусун билген пульмонологдор өтө эле аз экени айтылууда. Ошол себептүү оорулууларды окубаган, билбеген дарыгерлер карап жатабы деген мыйзамдуу суроо коюлуп жатат.
"Пневмония менен ооруган адамдарга жардам көргөзүш үчүн врачтар өздөрү окушу керек эле. Баарын окутканга үлгүрбөй калышты. Бүгүн пневмония менен ооругандарга медициналык жардамды ким көргөзүп атат? Гинекологдор, урологдор, травматологдор, кардиологдор, баары. Алар Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен клиникалык протокол боюнча дарылап атышат",-деди Елена Баялинова.
Кыргызстанда канча дарыгер бар, азыркы убакта канчасы жетишпей жатат деген майда-барат суроолорго Саламаттык сактоо министрлиги так жооп бере албай жатат. Өткөн жумада эле премьер-министр эмгек өргүүсүнө чыккан дарыгерлердин бүт баарын ишке чакыртууну талап кылган. Бирок ал тапшырманын кандай аткарылганы, канчасы кайтып келгенин, жетпегенин каяктан аларын министрликте билген, билсе дагы айтайын деген киши жок. (КС)










