Кыргызстанда коронавирус жуккан медкызматкерлер компенсация ала элек

Сүрөттүн булагы, Med.kg
Акыркы суткада коронавирус диагнозу коюлгандардын басымдуусу сырттан келгендер менен медиктер болуп калууда. Дагы 12 медкызматкер коронавирус жуктурганы тастыкталды. Ал тапта ооруп айыккан дарыгерлер компенсациясын албаганына даттанууда.
Акыркы суткада медкызматкерлердин ичинен дагы 12 кишиге коронавирус жукканы аныкталды. Алардын төртөө Бишкекте болсо, алтоо Нарында, Ош шаары менен Ош облусунда бирден бар.
Эпидемиянын башынан бери медкызматкерлерге жукпаган саналуу эле күндөр катталды. Эки жарым айдан бери эмне үчүн медкызматкерлердин коронавирусту жугузуусу уланып жатат?
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов акыркы маалымат жыйынында жеке коргонуу каражаттары, костюмдар, беткап, көз айнектердин баары жетиштүү экенин айткан.
Ноокат райондук ооруканасынын башкы дарыгери Асамидин Марипов эки себепке байланыштуу болушу мүмкүн деди. Ал жеке коргонуу каражаттарын аябай, улам жаңысын кийиш керек экен жана чечүү жол-жобосун так аткарыш зарыл деген оюн бөлүштү.
Айтымында, анын ооруканасында эпидемиянын башында коргоочу костюмдар тартыш болгондуктан медкызматкерлерине жуккан, андан бери бирөөнө да жуккан эмес.

Сүрөттүн булагы, Med.kg
"Каражаттар болушунча стандартка жакын болуш керек экен, эки кабат, керек болсо үч кабат кийиш керек. Биз кайра кайра видео окутууларды өткөрдүк. Костюмдарды кийип-чечүү боюнча машыгып көрдүк. Башында эки күндөй гана коргоочу каражаттар жетишсиз, бейтаптар көп болгондо жугуп калды. Азыр баары айыгып, кайра иштеп жатышат", - деди Марипов Би-Би-Сиге.
Медиктер арасында көп жайылган акыркы учурлардын бир Ош шаарындагы төрөтканада катталды. Ооругандардын саны 34кө жетип, ичинен 15и медкызматкерлер эле.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев медиктерге жугуу себебин сураганыбызда мындай деп жооп берди:
"Аталган медиктер байланышта болгон тарап катары көзөмөлгө алынып жатат, лабораториялык жол менен тастыкталып, байланыштарды издөө уланууда. Очоктордун чеги кеңейтилип, иш алып барылууда".
Жарандар менен катар эле медкызматкерлерге да Covid-19 көп жугуп жаткан Нарында коргонуучу каражаттарды Бишкектен үзгүлтүксүз алып жатышканын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Би-Би-Сиге билдирген.
Ал вирус эң көп жайылган облустук ооруканада мүчүлүштүктөр кеткенин айткан.
Эпидемия башталганда Санэпидем кызматынын дарыгерлери өздөрү медиктер арасында коронавирусту тездик менен жайылтышты.

Сүрөттүн булагы, Med.kg
"Көп нерсе көзүбүздү ачты. 30 жылдан бери Санэпидем кызматка көңүл бурулбай калган. Бир убакта аны "Экологиялык мекемеге кошуш керек, чет жерде мындай жок экен" деген ойлор да айтылган. Азыркы кырдаал Санэпидем кызматына, коомдук саламаттык сактоого көбүрөөк көңүл бурушубуз керектигин далилдеди", - деди Мадеминов.
Дарт жуккан дарыгерлерге компенсация бериле элек
Башкы дарыгер Асамидин Мариповдун айтымында, коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылаган дарыгерлерге болжолдуу 50 миң сомдон төлөнүп берилген. Ал бардык кызматкерлери кошумча акчаларын алышканын белгиледи.
Анткен менен ооруп айыккан медкызматкерлер компенсация албаганын айтып чыгууда.
Андай медкызматкерлер Саламаттык сактоо министрлигинде мурда иштеген, активист Елена Баялиновага жашыруун кайрылышкан.

Сүрөттүн булагы, Med.kg
"Кеп коронавирус менен ооруп, жакшы болгон дарыгер тууралуу болуп жатат. Ал вирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге убада кылынган компенсацияны алган эмес. Жумушуна кайтып, мобилдик бригадада дагы иштеп, кайрадан карантинде, бирок акча каражатты дале алган жок. Төлөш керек болгон көп эле акчалар боюнча абал ушундай. Кичинекей айлык алып жатышат. Медкызматкерлерге эч кандай стимул жок. Ал аз келгенсип, азыр калк каттоону медкызматкерлерге жүктөп койду. Мобилдик бригадада иштеп жатып, ага да алаксыш керек экен", - деди Баялинова.
Баялинова Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери тууралуу айтып жатат.
Ошол эле Ноокат райондук бейтапканасында вируска кабылган он чакты медкызматкердин бирөө да компенсация алган эмес. "Ал тууралуу сөз да жок", деди дарыгерлердин бири.
Ал эми Нурболот Үсөнбаев бул боюнча суроого "компенсация боюнча комиссия иштеп жатат, буюрса бардык учурларды талдап чыгабыз, чечим чыгарып, штабга сунуш киргизебиз" деди.
Жумуш учурунда коронавирус жуктурган медкызматкерлерге 200 миң сомдон, илдеттен каза болсо 1 млн сом компенсация берилиш керек.
Ал эми вирустун очогунда иштеп жаткандардын баарына кошумча акы төлөнмөк. Дарыгерлерге орточо 40 миң, орто жана кенже медкызматкерлерге андан азыраак берилери кабарланган.
Вирусту жуктурган медиктердин саны 362ге жетти. Алардын 252си айыгып, ооруканадан чыкты.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, медкызматкерлер эң көп Бишкекте, андан кийин Ош шаарында оорушкан.
Кыргызстанда коронавирус тастыкталгандардын саны 1817ге жетти. Акыркы бир суткада 69 учур катталды.








