Кыргызстан: үй-бүлөсүнө вирус жуктурган таксист жана кылмыш иши козголгон бейтап

Кыргызстанда COVID-19 дагы он эки кишиден аныкталды. Өлкөнүн расмийлери вирус аныкталган жаңы учурдун баары обсервацияда жаткандар арасынан табылганын ырастады.

"Алардын ичинен 3 эркек жана 9 аял. Анын баары Ош облусунда обсервацияда жайгашкан болчу", -деди саламаттык сактоо министри С.Абдикаримов.

Ал ортодо өзгөчө абал киргизилген баш калаа Бишкекте коронавируска чалдыккандар 25 кишиге жеткени айтылды.

"Бул 25 адам жакын туугандары болгон 66 адам менен жана бирге иштеген, дос-тааныштары болгон 204 адам менен байланышкан, - деп билдирди мэр А.Суракматов. - Бир үй-бүлөдө эле таксист болуп иштеген жаран коронавирусун жуктуруп, өзүнүн ооруп жатканын билбестен үй-бүлөсүнүн алты мүчөсүн - жубайын, кызын, күйөө баласын, эки уулун жана небересин кошо ооруткан. Экинчи учур, башка үй-бүлөдө бир жаран 4 жакын тууганына ооруну жуктурган".

Ош шаарынын коменданты М.Нурдинов коронавирус жуктуруп алганын жашырып жүргөн тургунга кылмыш иши козголду деп айтты.

"Тилекке каршы, ал ооруганын жашырып, эч кимге айтпастан тууган-урук, тели-теңтуштары жана ишканасындагы кесиптештери менен байланышып жуктурган. Азыр ал жаран обсервациядагы изоляторго алынды. Жакшы болуп чыгаары менен 5 жылга чейин камакка алынат", - деп билдирди Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты М.Нурдинов.

Ал бейтап атайын кылдыбы же илдет жуктуруп алганын билбей калганбы? Анын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Маселен, адистер жаңы коронавирус эч кандай оорунун белгилери жок дагы аныкталып калган учурлар болуп жатканына көңүл бурууда. Мындай учур Кытайда көп катталууда.

"Борбор шаардын тургундары өзүн-өзү диагностикалоо маселелери боюнча ыкчам медициналык кеңеш алуу үчүн 118 ыкчам линиясына чалса болот", -деп билдирди республикалык штаб.

Медицина кызматкерлер ыкчам телефон аркылуу байланышкан адамдарга өзүн кандай сезип жаткан абалын тыкыр сурамжылайт жана атайын иштелип чыккан анкетаны толтурушат.

Шаар тургуну чала алат, эгерде:

  • Ал эпидемиологиялык абалы начар өлкөлөргө же аймактарга барып келсе;
  • Коронавирусуна чалдыккан оорулуу менен тыгыз байланышта болгон болсо;
  • Оорунун белгилери - жогорку температура, жөтөл жана энтигүү бар болсо
  • Инфекция чыгуу коркунучу жаралса, жерине дарыгер, эпидемиолог жана лаборант болуп, медиктердин мобилдүү бригадалары барат, алар үйдө экспресс-тест жасашат.

Окумуштуулардын ырастоосунда, иммунитети алсыз адамга вирус жукса, жаңы инфекция мурунку ооруларды козгойт. Вирусту жайылтпоонун биз аткара ала турган оңой жолдору бар. Маселен, үйгө киргенде колду самындап жуу, көчөдө медициналык маска тагынуу.

Эң жөнөкөй ыкмалар вирустун жайылышын токтотот. Мындай учурда жеке гигиенага өзгөчө көңүл буруу керек.

"Гигиенанын негизги эрежелерин кармануу абдан маанилүү. Учурда инфекцияга каршы вакцина жок болгондуктан, вирус менен күрөшүүдө гигиена абдан маанилүү ролду ойнойт", -дейт британиялык окумуштуу Эндрю Истон.