You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавирус: Кытайда январдан бери биринчи жолу өлүм-житим катталган жок
Кытайдын бийлиги өткөн суткада январдан бери биринчи жолу коронавирустан өлүм-житим катталбаганын билдирди.
Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсүндө, жаңы катталган 32 учур болгонун, анын баары сырттан келгени айтылды. Коронавирустун очогу болгон Хубэй провинциясында инфекциянын бир дагы жаңы учуру катталган эмес.
Буга чейин провинциядагы карантин чаралары бир аз жумшарган эле. Шаршембиден тарта провинциянын борбору саналган Ухань шаарындагы чектөөлөр алына баштайт.
Кытайдын бийлиги 8-апрелден тарта Ухандагы карым-катнашка чектөөнү алат деп күтүлүүдө. Шейшембиде эрте менен алынган маалыматтарга караганда, дүйнөдө коронавируска чалдыккандар саны 1,3 млн ашты. Ал эми каза тапкандар 75 миңге барды.
Европа пандемиянын эң оор тилкеси болуп турат. Дүйшөмбүдө Францияда өлүм-житим көп катталды. Италияда дагы бир нече күн төмөн болгон көрсөткүчтөр кайра секирик жасады. Соңку 24 сааттын ичинде Францияда Covid-19 тумоосу 833 кишинин өмүрүн алды. Бул эң жогорку көрсөткүч.
АКШда вирустан каза тапкандар 10 миңден ашты. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо кызматынын жетекчиси Жером Адамс жекшембидеги билдирүүсүндө, кырдаалды Перл-Харборго салыштырып, жоготуулар көп болот деп билдирди.
Симптомдору байкалбаган оору
"Рейтер" агенттиги Кытайдын өзүндө эч кандай оорунун белгилери байкалбай туруп эле коронавируска чалдыккандар көп болуп жатканын жазды.
Кытайдын маалыматына караганда, жекшембиге чейин мындай 78 учур катталган. Бир сутка мурун алардын саны 47 эле.
Мындай оорунун белгилери жок туруп вирус аныкталгандардын дээрлик жарымы Хубэй провинциясынан. Кытай дарыгерлери бул абалды түшүнүүгө аракет кылууда. (AbA)