Кыргызстан: коронавирустун жаңы 69 учуру катталды

Сүрөттүн булагы, Vyacheslav OSELEDKO / AFP
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримов 6-апрелге карата COVID-19 менен катталган 69 жаңы учур болгонун билдирди.
Жалпысы болуп өлкө боюнча вирус жуктургандар саны 216 бейтапка жетти.
"Жаңы катталгандын бардыгы обсервацияда болгон адамдардан аныкталды",-деп билдирди расмийлер.

COVID-19 менен каталгандардын жалпы саны 216:
- Жалал-Абад облусу - 80
- Ош облусу - 94
- Бишкек - 25
- Баткен облусу - 4
- Нарын облусу - 5
- Ысык- Көл облусу - 3
- Чүй облусу - 5
Өткөн суткада Ош облусунда COVID-19 инфекциясынан 2 адам көз жумган. Коронавирустан каза тапкандар Кыргызстанда төрт киши болду.
"2020-жылдын 6-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан 10 адам айыкты. Ошондой эле, бүгүн 23 адамды чыгаруу пландалып жатат",-деди саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримов. (AbA)






