You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Covid-19: Ноокатта айрым бейтаптар үйүнө чыгат, дарыгердин маеги
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Ноокат районундагы аймактык ооруканада Covid-19 тастыкталган бир нече бейтапты үйүнө чыгарууга даярдап жатышат. Бул тууралуу Би-Би-Сиге ал жердеги бейтаптардын дарыгери, инфекционист Дилшод Мамажанов билдирди.
Кыргызстанда азыр иштеп жаткан дарыгерлер мындай бейтаптарды дарылаган биринчи топ.
Мамажанов медициналык кызматкерлердин коопсуздугу, жумушу тууралуу маек курду. Би-Би-Си адегенде алардын маанайын сурады.
Дилшод Мамажанов: Менде 17 персонал бар, беш дарыгер, калганы орто жана кенже медициналык кызматкерлер. Баарыбыздын маанайыбыз жакшы. Бардык нерсе жетиштүү, тамак-ашыбыз жакшы. Формалар убагында келип жатат.
Кызматкерлердин эч кимисинде илдеттин бир да белгиси жок. Абалыбыз жакшы.
Би-Би-Си: Ал бөлүмдө иштөөгө кызматкерлерди тандоо кандай жүрдү?
Дилшод Мамажанов: Мен Ноокатта инфекционист болуп иштейм. Буйрукка ылайык, бейтаптарды дарылоого мен көрсөтүлүп, бөлүмдү жетектегенге дайындалгамын. Өз каалоом менен калдым. Башка беш дарыгер да өз каалоосу менен келген. Калган медкызматкерлер да өз ыктыяры менен иштеп жатат. Кенже медкызматкерлер ушул жердеги жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштегендер.
Жакшы болгон бейтаптар бар
Би-Би-Си: Он жети-он сегиз киши канча адамды карап жатасыздар?
Дилшод Мамажанов: Оорулар көп, бирок жабык маалымат болгондуктан так санын айта албайм.
Бейтаптарыбыздын абалы жакшы, айрымдарын үйүнө чыгарууга даярдап жатабыз.
Би-Би-Си: Айрым эрежелерге ылайык бейтаптар тууралуу айта албайм дедиңиз, жалпылаганда абалдары кандай?
Дилшод Мамажанов: Жалпылаганда абалы орточо. Анткени бул инфекция симптому жок да өтүп кетиши мүмкүн экен. Адамдын иммунитети жакшы болсо эч кандай белгини көрсөтпөйт экен. Ошондуктан кимде ким жөтөлсө, дене табы көтөрүлсө же шектүү байланышка барган болсо бизге келип, ага биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин анализдин жыйынтыгы чыкканга чейин изоляцияга алынып жатат.
Би-Би-Си: Дарыгерлер негизи бул илдетке биринчи жолу кабылдыңыздар. Кантип дарылап жатасыздар?
Дилшод Мамажанов: Бишкекте профессорлор бар - Айнура Кутманова, Талант Сооронбаев. Ошолор менен күндө эки жолу онлайн кеңешебиз. Бейтаптардын абалын толугу менен айтып беребиз. Алардын кеңештерине ылайык дарылоону улантып жатабыз. Андан сырткары симптомдоруна жараша дарылайбыз. Мисалы, дене табы жогоруласа, протоколго жараша дарылайбыз. Коронавирус боюнча протоколубуз бар, ошонун негизинде иштеп жатабыз.
"Бир дарыны да кеңешип беребиз"
Би-Би-Си: Азыр кандай дары менен дарылап жатасыздар?
Дилшод Мамажанов: Симптомдоруна жараша дарылоо жүрүп жатат. Бактерияга каршы терапия алып жатышат. Вируска каршы дарылар берилип жатат, дезинтоксикация кылып жатабыз. Оорунун ар түрдүү жагы чыгат экен, конкреттүү түрдө бир нерсеси ооруп жатат деп айта албайт экенбиз. Бирок өпкөнү жабыркатат экен. Кычкылтек терапиясын жүргүзүп жатабыз. Бул башкаларга окшобогон өзүнчө оору экен.
Би-Би-Си: Кайсы тармактагы дарыгерлер иштеп жатат?
Дилшод Мамажанов: Инфекционисттер, реаниматологдор жана терапевттер бар. Бейтаптар башка кошумча илдеттери менен келет. Айрымдарынын шекери болушу мүмкүн, кан басымы жогору болушу ыктымал. Терапевттер менен аны кеңешебиз жана чогуу дарылайбыз.
Биз өзүбүзчө дарылабайбыз. Онлайн түрдө кеңешип, консилиумдун негизинде гана дарылап жатабыз. Бир дарыны да чогуу чечимден кийин беребиз.
Медициналык кызматкерлердин коопсуздугу
Би-Би-Си: Жеке коопсуздугуңуздарды кантип сактап жатасыздар?
Дилшод Мамажанов: Биз үч топко бөлүнгөнбүз. Ар бир топ изолятордо 4-5 сааттан ашык болбойт. Инфекциялык көзөмөлдүн талабына ылайык, коронавируска каршы күрөшүү боюнча буйруктун негизинде 4-5 саатта алмашып турушубуз керек. Антпесе жуктуруп алуу коркунучу чоң.
Би-Би-Си: Медициналык каражаттар, коргой турган кийимдер жетиштүүбү?
Дилшод Мамажанов: Жеке биздин райондо коргоочу кийим, беткап, колкап, көз айнек жана дары-дармектер боюнча азырынча эч кандай проблема болгон жок.
Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов зарыл болгон бардык медициналык каражаттарды камсыздап берип жатат.
Би-Би-Си: Бейтапка кирип чыккан сайын анын баарын алмаштырасыздар да?
Дилшод Мамажанов: Албетте. Өзүнчө кир зонабыз бар. Ошол жакта баарын чечебиз, жок кылууга жиберилет. Ал жерде өзүнчө медкызматкер иштейт. Жуунуп, жатаканабызга барып эс алабыз.
Би-Би-Си: Бир күндө бейтапка канча жолу киресиз жана анын жанында канча болосуз?
Дилшод Мамажанов: Мисалы, мен аларды караган дарыгери болгондуктан бир күндө эки же үч жолу кирип кыдырып чыгышым керек. Эгер чукул кырдаал болсо дагы кирем, вирус тастыкталган бейтаптын жанында эки-үч мүнөт болуп чыгып кетем.
Жаш дарыгерлер иштеп жатат
Би-Би-Си: Үй-бүлөңүз менен байланышып жатасызбы?
Дилшод Мамажанов: Алар албетте сарсанаа болуп жатышат. Кырдаал ушундай болгондуктан апам чалып турат. Интернет өчпөсө эле болду. Баарыбыздын маанайбыз жакшы. Үйрөнүп деле калдык.
Би-Би-Си: Сиз канча жаштасыз?
Дилшод Мамажанов: Мен 35 жаштамын.
Би-Би-Си: Медициналык кызматкерлерди жашына карап тандадыбы?
Дилшод Мамажанов: Ооба, жаштарды тандаганбыз. Анткени жаштардын иммунитети салыштырмалуу жакшы болот. Жаш курагы 50-60тан жогоркуларга бул коронавирустан тобокелчилик чоң экен. Ошондуктан биз өзүбүзгө керектүү кызматкерлерди жана жашына карап өз ыктыярына жараша киргиздик.
Би-Би-Си: Бригадалар алмашып иштейт экен. Сиздердин нөөмөтүңүздөр бүтүп баратат окшойт.
Дилшод Мамажанов: Ооба, биздин мөөнөтүбүз 2-3-апрелде бүтөт. Рентгенге түштүк, баарыбыздыкы таза чыкты. Анализдерди тапшырдык, анын жыйынтыктарын күтүп жатабыз. Анализдер жакшы чыкса, кийинки бригадага өткөрүп чыгып кетебиз.