Коронавирустан тейлөө тармагы эң көп жабыркап жатат

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстан 17-марттан тарта чет жердиктерди убактылуу киргизбейт. Өлкөдө той, аштарды өткөрүүгө тыюу салынды. Муну көзөмөлдөө максатында ресторандар, тойканалар жабылышы мүмкүн. Бул 50дөн ашык киши чогулчу жерлерге тиешелүү.

Бир күн мурда, 16-мартта Бишкек мэриясы түнкү клубдарды, компьютердик клубдарды жана кинотеатрларды жапкан эле. Өкмөт өкүлдөрү бүгүн балдардын ойноо аянтчалары да жабылыш керек деди.

Тейлөө тармагы Кыргызстандын ички дүң продуктусунун болжол менен 45 пайызын түзүп, башка тармактардан биринчи орунда турат. 2019-жылдын эсебинде, товар өндүрүү багытынан тушкөн киреше болжолдуу 42 пайыз болду.

Аналитиктер Ковид-19 вирусунун жайылуусу ушундай кете берсе, дүйнөлүк экономика артка кетиши мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Бирок бир дагы мамлекетте азырынча анын кесепети өлчөнө элек.

Мисалы, америкалыктар экономикалык рецессия жыл аягында 62% болот деп божомолдосо, катаал карантинге алынган европалык эксперттер 82% дешүүдө.

Экономисттер ар кандай прогноздорго таянып, жыл аягына чейин дүйнө экономикалык өсүштү жогорулатып кете албаса 4 трлн. доллар жоготот дешет. Бул Германиянын ИДПсынан көп.

Тейлөө тармагы жабыркап, биринчи иретте туризм сектору чыгымга учурап жатат. Чоң спорт болсо билеттен жана мелдештерди алып көрсөтүүдөн тапчу каражаттарынан кол жууду.

Кыргызстан пандемиядан бери канча зыян тартканы белгисиз. Бирок экономисттер сандар менен болбосо да, жоготуулар көз көрүнө дешет.

"Биз эксперт" аналитикалык борборунун негиздөөчүсү Улук Кыдырбаев жеке бизнестердин жабылышынан кеминде беш тарап чыгымга учурайт дейт:

"Кредиттерди төлөө кыйын болот, кызматкерлер жумушсуз калууда, имаратты ижарага алган болсо аны берүү оорлошот, ишкер өзү кирешесиз калат жана мамлекетке салык түшпөйт".

Кыдырбаев азыркы абал дагы бир-эки айга созулса, бизнеске сөзсүз олуттуу таасирин тийгизерин, жалпы өлкө экономикасынын көрсөткүчтөрү төмөндөөрүн кошумчалады.

Ал өкмөт азыртан мунун чыгуу жолун кошо ойлоп, салыктан бошотуу, каникулга чыгаруу өңдүү чараларды анализдеш керек деген оюн ортого салды.

Европа өлкөлөрү, АКШ жана айрым ири мамлекеттер вирустун кесепети менен күрөшүүгө каражат бөлөөрүн жарыялады. Ал негизинен үч багытта - саламаттык сактоого, кардарларга жана бизнеске жумшалат. Бирок бул да элдин чөнтөгүнөн чогулган каражат эмеспи. Ошондуктан жалпы дүйнөнүн акчасы азайып, жакырланат дешет эксперттер.

Кытайда өндүрүш да жабыркап, алар муну жеңилдетилген салык жана субсидия аркылуу жөнгө салууга киришти.

"Легпром" биримдигинин мүчөсү Зарлык Иманкуловдун айтымында, тигүү тармагындагы жоготуулар белгилүү боло элек. Буга чейин кадимкидей иштеп келишти.

"Бизде өндүрүлгөн товарларды ташуучу компаниялар кечээтен тарта жүк албайбыз деп чечим чыгарышты. Аба каттамдары аркылуу жүктөр жеткирилип жатат. Адамдын ден соолугу баары бир биринчи орунда, карантин зарыл нерсе, бирок бизнести да акырындан кыймылдатып туруш керек. Өнөктөш мамлекеттер менен жүк алмашуу токтобогону жумушту жакшы жылдырып турат. Биздин ишканаларда да жумушчуларга санитардык нормаларды сактаганга шарттарды түзүп берип жатабыз. Бир аз эле ооруса, жумушка келбегиле дедик ", - деди Би-Би-Сиге Иманкулов.

Бир күн мурда Кыргызстанда мектептер менен жогорку окуу жайлары жабылган. Өкмөт бүгүн мүмкүн болсо үйдөн иштөөгө чакырды. Билим берүү тармагы окуучулардын коомдук жайларда жүрүүсүнө, коомдук унааларга түшүүсүнө тыюу салып жатат.

Вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова бизнеске мамлекеттен жардам берүү маселеси талкууланып жатканын билдирди.

"Экономикалык маселелер боюнча штаб салыктан жана кредиттен убактылуу бошотуу маселесин карап жатат. Мунун баары жекече иштелип чыгат ", - деди Өмүрбекова.

Ал жеке бизнес маселеге түшүнүү менен карайт деген оюн билдирип, чектөөлөр азырынча үч апта, бул мөөнөт өтө маанилүү деди.

Премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусия жана Казакстан менен жүк ташууну токтотпоо боюнча бир пикирге келишкенин айткан.

Кыргызстанда Ковид-19 катталган жок, 300дөн ашык адам обсервацияда. Күнүнө 10-20 киши обсервацияга алынууда. Штабдан билдиришкендей, өлкөдө 2000 чамалуу орун даярдалган.