You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Дүрбөлөңгө түшпөгүлө! Коронавирустан коркпоо үчүн эмнени билүү керек?
Коронавирустун жайылышы дүйнөлүк басылмалардын баш сабынан түшпөгөн жаңылык болуп калды. Крантиндерден тарта, азык-түлүк камдап дүрбөгөндөргө чейинки жаңылыктар байма-бай чыгууда.
Эл арасы дүрбөп, айрымдар үрөйү учууда. Мындай ашкере эле кооптонууга жол бербөө үчүн эмнени билүү маанилүү?
Вирустун жайылышын токтотуу үчүн айрым өлкөлөр катаал чараларга барууда. Ооба, алардыкы туура. Дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок. Андан көрө өзүңдүн жеке гигиенаң тууралуу кам көр.
Биз баарыбыз өлөбүзбү? Жок, кокуй
Дарыгерлер Covid-19 коронавирустан каза тапкандар сезондук грипптен өлгөндөр санынан ашпаганын айтууда.
Коронавирустун тарашы боюнча оперативдүү жана интерактивдүү карталарды көбүрөөк каза тапкандар санына басым жасалган. Вирусту жуктуруп алгандардын жарымынан көбү (63 миңден ашуун) айыгып кеткен. Жаңылыктарда буга көп деле көңүл бурулган жок.
Эсепке алынган бейтаптардын болжолу 80 пайызында оору жеңил формада өтөт.
Шейшембиге чейин дүйнөдө 113 миң киши катталып (анын 81 миңи Кытайда), каза тапкандар 4000 ашуун (3000 ашууну Кытайда). Өлгөндөр саны болжолу 3,5%.
Вирустан көз жумгандардын көбү кары-картаңдар жана кайсыл бир оорудан жапа чегип жүргөндөр. Ал эми жаштардын коронавирустан каза табуу коркунучу нөлгө барабар. Бул тууралуу көп эле жазып жатышат.
Мындан сырткары каза тапкандар тууралуу айтканда, дагы бир жагдайды эске алуу керек дейт дарыгерлер. Кээ бир кишилерде оору өтө жеңил болгондуктан, тумоолоп калдым деп ойлоп, жүрө берет. Мындай бейтаптарды таап, аныктаганда өлгөндөр көрсөткүчү кескин төмөндөшү мүмкүн.
Эмне кылуу керек?
Дарыгерлердин байкоосунда вирус аба аркылуу жугат: сиздин маектешиңиз же сизге жакын турган киши чүчкүрүп-бышкырса, сүйлөп жатканда шилекейи чачыраса.
Андан сырткары коронавирусту бейтаптын колу тийген жерлерден жуктуруп алууга мүмкүн: айталы, эшиктин тукасынан ж.б. Мындай жерлерде вирус эки сутка же андан узак жашайт.
Ошондуктан дарыгерлер колду бат-баттан жууп же антисептик колдонууга кеңеш берүүдө. Антисептикти баары эле колдоно албайт. Ошондуктан тез-тезден жууп туруудан өтөрү жок.
Вирусту жуктуруп алаганын кантип билсе болот?
Кыска айтканда, муну лабораториялык тест аркылуу гана билүүгө болот. Көптөрдө оорунун белгилери кургак жөтөл жана температура аркылуу байкалууда. Мурун бүткөн учур беш пайызында гана болгон.
Көп өлкөлөрдө Covid-19 жуктуруп алдым деп шектенген жарандарды түз ооруканага барбагыла деп эскертип жатышат. Биринчи телефон чалып, анан көрсөтмө алышы керек. (AbA)