Карантин: капчыгыңызда канча сом калды?

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстандыктар карантинде отурганына орточо он күн болду. Дарыкана, оорукана жана азык-түлүк дүкөндөрүнөн сырткары жумуш токтоду же үйүнөн иштеп жатышат.

Өкмөт бюджеттик кызматкерлердин айлыгын төлөй берерин айтты, башкалардын капчыгы кандай?

Жеке ишкерлердин иши бүдөмүк

Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири, жүздөгөн кыргызстандыктар нан таап жеген "Дордой" базары 23-мартта жабылды.

Махабат Тургунбай кызынын мектеп курагындагы үч баласы бар. Кирешеси бир гана ушул базарга байлануу.

"Карантинге чейин соода кылып, азык-түлүккө чогултуп алган көп эмес каражатка азыр жашап жатабыз. Базарда тигүү цехин иштеткендер көп. Алар карантинге чейин эле жумушчуардын айлыгын төлөй албай калдык деп жатышкан. Азыркы сезондо сатыла турган товарлардын баары калып калды. Эми жайкы сезондун товарларын чыгаруу үчүн башка акча керек. Ошондой пландардын баарын токтотуп коюп эле үйдө отурабыз", - деди Би-Би-Синин маектеши.

Башкалар сыяктуу эле бул базардын качан ачылаары белгисиз. Маектешибиз пандемияга байланыштуу Кыргызстандагы карантинге чейин эле "Дордойдо" соода солгундап калганын белгиледи.

"Казакстандан, Орусиядан кардарлар келбей калышкан. Базардагылардын баарынын эле кредити бар да. Соода жок болуп төлөй албай банкка каттап жатышкан. Анан банк чакырып, кредиттерди үч айга жылдырып берди. Үч айдыкын кийинки айларга бөлүп койду", - деди Тургунбай кызы.

Кийинки маектешибиз азык-түлүк дүкөнүн иштеткенине карабай вирустан кооптонуп жумушун токтоткон. Ал дагы көпчүлүк сыяктуу күнүмдүк тамак-ашы менен гана алек, абалга жараша план кылабыз дейт.

"Дүкөндү жаап салуу оңой болгон жок. Бузула турган азыктар бар эле. Жаба турганыбызды угуп, тегерек четтеги жашоочулар азык-түлүгүн бизден камдап кетишти. Көпчүлүгүнө карызга тараттык. Эми канчага чейин мындай абал созулаарын билбейбиз. Үйдө отурганыбызга бир аптадан ашты, азыртан эле кыйын болуп баратат", - деди Би-Би-Сиге Махабат Ырсалиева.

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов элдин капчыгы жукарарын 30-мартта белгиледи.

Эксперттер дүйнө жүзүндө жакырлануу жүрөрүн жазып жатышат.

Алар бизнес да, мамлекет да жоготууларга учураары бышык экенин, азыр эсептөөгө эрте экенин айтышууда.

"Биз эксперт" аналитикалык борборунун негиздөөчүсү Улук Кыдырбаев жергиликтүү ишкерлердин чыгымдары алдыда белгилүү болот дейт.

"Чыгымдар азыр эсептеле элек. Бизнес жаңы эле жабылды. Бирок азыркы абалдан бизнес гана эмес, мамлекеттин жалпы экономикасы да жабыркайт. Ошондуктан вирус биз үчүн чоң социалдык чакырык болууда", - деди Кыдырбаев.

Өкмөт өбөк болгон тармактар

Мугалимдер 16-марттан тарта каникулда.

Адегенде эл аралык жана жеке компаниялар үйүнөн иштөөгө өттү.

Андан кийин өкмөт мүмкүн болгон бардык жарандарды үйдөн иштөөгө чакырды.

Мамлекет салыктарды төлөө мөөнөтүн жылдырып, коммерциялык банктардан алынган кредиттерди төлөөнү да үч айга токтотту.

Эпидемияга карабай ишин уланткан тармактын бири - айыл-чарба. Тескерисинче быйыл буудай, картошка өңдүү үрөндү жылдагыдан көп себүү пландары айтылды.

Бул боюнча бүгүн биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов да белгиледи.

"Жазгы талаа жумуштары кандай болбосун жүргүзүлүш керек. 1941-1945-жылдары согуш болгондо да талаа жумуштары токтогон эмес. Бул келечекте биздин азык-түлүк коопсуздугубузга чоң таасир этчү маселе. Ошондуктан муну биз ар бир штабда талкуулап жатабыз, бүгүн дагы талкууладык. Ошону менен бирге сугат иштерине, сугаруу каналдарын даярдоого көңүл бурууга талаптар коюлуп жатат", - деди 30-мартта Боронов.

Кыргызстандын экономикасы жардамга муктажбы?

Бирок мамлекеттин экономикасынын абалы да жакшы эмес.

Өкмөт бюджетти үнөмдөөгө өттү. Ар кандай мамлекеттик сатып алуулар токтотулду дешти өкмөт жетекчилери.

Антикризистик чаралардын топтому иштелип жатат, өкмөттүн маалыматына ылайык, ал жыйынтыкталганы калды.

Вице-премьер министр Эркин Асрандиевдин айтымында, мамлекеттик бюджет быйыл 400 млн долларга аткарылбай калышы мүмкүн.

Кыргызстан өткөн аптадан тарта жардам сурай баштады.

Эл аралык валюта фонду биринчи болуп жардам сураган Кыргызстанга 120,9 млн доллар берет.

Өткөн аптада президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын, Азия өкүктүрүү банкынын, Европа биримдигинин өкүлдөрү менен жолугуп, коронавирустун кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүнү сунуштады.

Дүйнөлүк банктын өкүлү Болормаа Амгаабазарм башка долбоорлорго пландалган каражаттарды да вируска каршы күрөшүүгө бөлүп жатышканын белгиледи.

Айтымында, анын суммасы 160 млрд доллар, бул акча өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге берилмекчи.

Эң алгачкылардан болуп АКШнын өнүктүрүү фонду белгилүү өлчөмдө медициналык халаттар, көз айнектерди жана колкаптарды берген.

АКШ өкмөтү андан кийин 910 миң доллардан ашык ашык каражат берип жатканын билдирген.

Кытайдан коргонуучу медициналык кийимдер, беткаптар келди.

Өкмөттө түзүлгөн атайын эсепке ушу тапта 51 млн сомдун тегерегинде каражат жыйналды. Ушундай эсеп Ош шаарында да ачылып, акчалар түшө баштады.

Жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстан Орусиядан медициналык каражаттардан сырткары азык-түлүк сураганын жазышты.

Өкмөт ишкерлердин жардамы менен аз камсыз болгон бүлөлөргө ун таратууну пландап жатат.

Улуттук статистикалык комитеттин эсебинде өлкөдө кедей катмардын пайызы 22,5 чамалуу. 35 миңден ашык өтө кедей жашаган жарандар бар. Эл аралык уюмдар көрсөткүчтөр мындан жогору деп эсептешет.

Кыргызстанда адам башына минималдуу керектөө бюджети 4800 сом. Демек жакыр адам - бул, бир айдагы кирешеси ушул суммага жетпегендер.