You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавирус: милиция жана медицина кызматкерлеринин коопсуздугу
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Covid-19 вирусу табылып ооруканага жаткандарды караган дарыгерлерден сырткары обсервацияда бардык бейтапканадагы медицина кызматкерлери нөөмөт менен иштеп жатат. Өлкө боюнча коомдук тартипти сактоо үчүн жүздөгөн милиция кызматкерлери тартылды. Дарыгерлер, андан кийин тартип коргоочулар вирусту жуктуруу коркунучуна эң көп кептелип жаткан кызматкерлер.
Кыргызстанда 25-мартта коронавирус жуктурган жаңы эки учур катталып, жалпы 44кө чыкты. Жаңы аныкталган эки жарандын бири Дубайдан келген, экинчиси Испания жаранынан жуктурган. Алардын бирөө Чуй облусунан, экинчиси Бишкектин жашоочусу.
"Согуш талаасындагы аскерлер" - дарыгерлер
Ушуну менен 140тан ашык киши бейтапканага жаткырылды. Алар Ош, Жалал-Абад шаарларындагы ооруканага, Бишкектин жугуштуу оорулар бейтапканасына, Ноокаттагы, Сузактагы, Баткендеги ооруканаларга жаткырылган. Ошол жердеги эле медицина кызматкерлери карап жатат. Би-Би-Синин өздүк булактары билдиргендей, жабык бөлүмдө иштөөгө адегенде ыктыярдуу дарыгерлерди тандашкан.
Ал эми обсервацияда жаткан жарандарды бардык бейтапканалардын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун кызматкерлери нөөмөт менен барып карап жатат.
Бишкектин четиндеги мурдагы аскердик базадагы обсервацияга барып келген дарыгер бир сутка иштегенин айтып берди.
"Шаардагы бейтапканалардын биринде иштейм. Буйрукка ылайык, өз нөөмөтүм келгенде "Гансиге" бардым. Эртең менен нөөмөттү өткөрүп алдык. Саат ондо баарын кыдырып чыктык. Бир жолу колдонулчу коргонуучу каражаттарды беришти. Колкапттарды, баш кийимдерди кийдик, жетиштүү эле экен. Улам жарандардын дене табын өлчөп турдук. Үч маала тамактанып жаттык. Саат үчтө жарандарды дагы бир жолу кыдырдык", - деди атын жашыруун калтырууну өтүнгөн дарыгер.
Анын айтымында, аталган жерде эки дарыгер иштеген.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, коргонуучу кийимдер, беткаптар атайын талапка жооп бериш керек. Министрликтин өкүлү Айнура Акматова жергиликтүү тигүү цехтерине кийимди кандай кезедемеден тигүү керектигин айттык деди.
"Вирустун очогунда же андан тышкары жактагы колдонулчу коргоочу кийимдерди алып келүү боюнча Кытай менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Коронавирус жок ооруканадагы медкызматкерлер халат, колкап, беткап жана баш кийим менен иштеш керек. Андан сырткары сөзсүз колун жууп, гигиеналык эрежелерди аткарыш керек. Карантинди сакташ керек, инфекцияны көзөмөлдөө боюнча көрсөтмөлөргө баш ийиш керек", - деди Айнура Акматова.
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте курулган түрк бейтапканасын вирус дагы жайыла турчу болсо колдонууга Түркиядан сурады, бул маселе чечиле элек.
Тобокел тобундагы милиция кызматкерлери
Нью-Йоркто жүздөн ашык милиция кызматкери вирусту жуктурду.
Кыргызстанда коомдук тартипти коргоо үчүн жүздөгөн милиция кызматкерлери иштеп жатат. 25-марттан тарта коменданттык саат кирген райондорго, шаарларга аскерлер кошулду.
Аты-жөнүн жашыруун калтырууну өтүнгөн катардагы милиция кызматкери жумушка жакшы маанайда барып келип жатканын Би-Би-Сиге айтып берди:
"Милиция кызматкерлери тосмолор орнотулган жерлерде турабыз. Элдин, биздин маанайыбыз жакшы. Өзүм жөнүндө айтсам, жумушка беткап ала кетип, ар эки саат сайын алмаштырып турам, колумду антисептик менен улам тазалайм. Бул илдетти жеңебиз деген ниет менен иштеп жатабыз".
Өлкө боюнча 7000ге чукул милиция кызматкери иш алып барууда.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов алар 24 саатта алмашып иштеп жатышканын билдирди.
"Милиция кызматкерлеринин коопсуздугу биринчи орунда турат, дарыгерлердин көзөмөлүндө, коргонуучу каражаттар менен камсыз кылып жатабыз. Алар тамак-аш менен камсыз болуп жатышат. Күнү-түнү эки смена менен иштеп жатышат. Өткөрүү түйүндөрүндө турушат, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат жана коомдук тартипти сакташууда", - деди Би-Би-Сиге Сейитов.
Ички иштер министрлиги милицияга жардам берүүнү каалоочулар алардын чарба кызматына кайрылса болоорун билдирди.
Кыргызстанда коронавирус тастыкталгандардын арасында балдар да бар. Балдардын абалы канааттандыраарлык. Бир жаран реанимацияда. Арасында айрымдары салыштырмалуу оор абалда экени кабарланды.