Палестиналыктарды ачууланткан Трамптын планы

Палестин автономииясындагы каршылык жүрүштөрү

Сүрөттүн булагы, AFP

Жума күнү Израиль оккупациялап алган аймактарда палестиналыктар АКШ президенти Трамптын планына каршы нааразылык жүрүштөрүн өткөрөт.

Израил-палестин конфликтин жайгаруу боюнча планында Трамп Иерусалим шаары бүтүн аймагы менен Израилдин борбору катары таанылышы керектигин айткан. Ошондой эле шаардын чыгышында болочоктогу Палестина өлкөсүнүн борбору жайгашуусу керектигин белгилеген.

Палестина автономиясынын лидерлери бул планды "тарыхтын таштандысы болот" деп билдирди.

"Бул ачык эле Нетаньяхунун планы. Ал муну 2012-жылы эле жарыялаган, ошол сөзмө-сөз келтирилген,-деди Би-Би-Сиге Палестина автономиясынын өкүлү Саиб Эрекат. -Планга ылайык палестиналыктар апартеид маалындагыдай куугунтукка кабылат".

"Тынчтык планы эмес, бул үрөй учур турган план",-деди Израил өкмөтүнүн мурдагы мүчөсү, 1993-жылы Ослодогу тарыхый сүйлөшүлөрдүн идеологу Йосси Бейлин.

Дональд Трамп жана Биньямин Нетаньяху

Сүрөттүн булагы, EPA

Израил көп жылдан бери эле Иерусалимди өзүнүн борбору катары санап жүрөт. Ошол эле учурда 1967-жылы Жакынкы Чыгыштагы согуштан кийин Израил тарабынан басып алынган Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн палестиналыктар болочоктогу өлкөсүнүн борбору катары көрөт.

Иерусалимде иудейлер, христиан жана мусулмандардын ыйык санаган жайлары бар.

1967-жылы Чыгыш Иерусалимди Израил басып алып, кийин 1989-жылы аннексиялаган. Бирок шаарды бир дагы өлкө Израилдин борбору катары тааныган эмес.

Иерусалим

Чыгыш Иерусалимде болжолу 330 миңдей палестиндер жана көчүрүлүп келген 200 миң чамалуу жөөттөр жашайт.

1993-жылдагы макулдашууга ылайык Иерусалимдин макамы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында аныкталышы керек. Бирок мындай сүйлөшүүлөр 2014-жылы туңкуюкка кептелди. Дональд Трамп өзүнүн чечими менен бул сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып жаткан АКШнын ролун жокко чыгарды дейт палестиналык өкүлдөр. (AbA)