Ош: ӨКМ кызматкерине ок атылды
Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы кечээ кечинде шаардын чет жакасындагы Озгур айылында 35 жаштагы тургун өзүнүн үйүндө атып өлтүрүлгөнүн ырастады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Сөөктү кароо учурунда баштын арткы тарабында октун калган изи жана мурун тарабында анын чыккан изи бар экендиги аныкталды. Маркумдун жашаган үй-жайын кароо учурунда сарайынын алдында уюган кандын жана андан төрт метр аралыкта белгисиз октун гильзасы табылды. Учурда бул факт боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине адам өлтүрүү боюнча катталып, ар тараптуу иликтөө иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалган",-деп билдирди шаардык милициянын басма сөз кызматы.
Малыматтарга караганда, киши колдуу болуп каза тапкан жаран Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу агенттикти жетектеп турган. Ага кол салуунун себептери айтыла элек. (AbA)






