К.Иманалиев: Бекназаров тилди бат үйрөнөм деп убада берди

    • Author, Айбек Абдылдаев & Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчиликке талапкерлигин жактырды.

Жыйынга журналисттердин киригизилбегени нааразылыктарды жаратып, коомчулукта сынга кабылууда. Мурда мамлекеттик чоң кызматтарда иштеп, эки жолку ыңкылаптын каармандарынын бири болгон Азимбек Бекназаровду элчиликке сунушталганы боюнча талаштуу пикирлер айтылууда. Сын айткандар элчиликке тил билген, жаш кадрларды койсо болмок деген жүйө келтирип жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевге кайрылып, элчинин талапкерлигин караган жыйын эмнеге жабык эшик артында өткөнүн сурадык.

К.Иманалиев: Комитеттеги жыйында күн тартибинде төрт маселе бар эле. Биринчи маселе, Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Данияр Мукашевдин отчету, ага жаңы полномочие берүү. Андан кийин Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги, андан кийин Дубайга элчини бекитүү. Элчинин отчету, маалымат өзү жабык болушу керек. Ал жерде эки тараптуу мамилелер айтылат да. Мукашевдин отчету бүткөндөн кийин журналситтер жыйынга кайра кириши керек эле. Алар кирген жок. Бул жерде жөн эле түшүнбөстүктөр болуп кетти. Бекназаровдун талапкерлигин элчиликке бекитүү маселесин жабык кароо деген маселе турган эмес. Ал эч кимди кызыктырбайт.

Би-Би-Си: Журналисттерди атайын тосуп киргизбей койгону тууралуу маалыматтар айтылып жатпайбы. Бул тууралуу силердин кабарыңар жокпу?

К.Иманалиев: Ким киргизбей коюптур? Кайсыл депутат? Алардын камерасы бар тартып албайбы ошол кишини. Жөн эле түшүнбөстүк болуп кетти.

Би-Би-Си: Мындай көрүнүш ырасталчу болсо, чара көрүлөбү?

К.Иманалиев: Эгерде киргизбей коюп, ал Жогорку Кеңеште иштеген жооптуу кызматкер болсо, аны жоопко тартууга даярбыз.

Би-Би-Си: Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги боюнча коомчулукта ача пикирлер айтылып жатат. Маселен, анын тил билбегени, мурда дагы чоң кызматтарда иштеп кеткени тууралуу.

К.Иманалиев: Мындай да, бул башка өлкөлөрдүн тажрыйбасында деле бар. Мисалы, Апас Жумагулов немис тилин билчү эмес. Германияга барып, эч бир өлкөнүн элчиси албаган орденди алды президенттин колунан. М.Шеримкулов түрк тилин билчү эмес. Бирок мамлекеттик тажрыйбасын пайдаланып, эң мыкты чебер дипломат болду, баарыңар жакшы билесиңер. Негизи бул жер адамдын жоопкерчиликти сезе билүүсү. Азимбек Анаркулович жоопкерчиилкти сезе билет деп ойлойм. Өзү убада бергендей керектүү тилди үйрөнөт деп ишенем жана Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылат деген ниетте анын талапкерлигин бекитип бердик.