Кыргызстанда айыл өкмөттөрүнүн 82% дотацияда турат

Бийик тоолуу Нарын областында алтымыштан ашык айыл өкмөтүнүн экөөнөн башкасы бүт дотацияда турат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бийик тоолуу Нарын областында алтымыштан ашык айыл өкмөтүнүн экөөнөн башкасы бүт дотацияда турат.

Кыргызстандын өкмөтү дотациялык айыл өкмөттөрдүн санын кыскартуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирүүдө. Расмий жарыяланган маалыматка караганда азыркы учурда өз алдынча башкаруу органдарынын 18% гана өзүнө жеткидей каражаты бар .

Дотациядагы айыл өкмөттөрдүн динамикасына караганда, 2018-жылы республикалык дотацияда турган айыл өкмөттөрүнүн саны 378 болсо, 2019-жылы төрткө азайды. Ал эми келерки жылы бул көрсөткүчтү 371ге түшүрүү каралган.

Жалпы маалыматка караганда, Ысык-Көл областында азыркы учурда 38 айыл өкмөтү республикалык дотацияда турат. Ал эми Жалал-Абад областында 62, Нарында 61, Баткенде 30, Ошто 83, Чүйдө 68, Таласта 32 айыл өкмөтү борбордук бюджеттин көзүн карайт.

Ɵкмөттүн маалыматына караганда, жергиликтүү бюджеттердин кирешелүүлүгүн жогорулатуу максатында 2019-2021-жылдар аралыгында киреше салыгынан жергиликтүү бюджетке чегерүүнү 100% жеткирүү пландаштырылууда. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2019-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше салыгынын көлөмү 1,5 эсеге көбөйдү. 2019-жылы киреше салыгынан 70% чегерүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджеттер кошумча 2,1 млрд сом алышат.

Өкмөт бул өңдүү иш-чаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүнүн финансы-экономикалык негизин бекемдөө маселесин чечүүнү шарттайт деп ишеним артууда.

Муну менен бирге аймактардын социалдык инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча иштер жасалууда. Алсак, стимулдаштыруучу (үлүштүк) гранттар беренесинен бүгүнкү күндө республиканын аймактарында 305 028,9 миң сомдук 231 долбоор ишке ашырылууда. (КС)