Кеп акчада эмес, аны колдонууда

- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Улуттук Банктын эл аралык уюм менен жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, кыргызстандыктар чогулткан акчасын банкка салат же мал алып коёт. Бул изилдөөгө катышкандардын 70 пайызы акчасын колдонууга байланыштуу узак мөөнөттүү максаты бар экенин айтышкан. Чын эле ушундайбы?
Кыргызстанда эл чогулткан акчасын көбүнчө банкка депозитке салат жана мал алып коёт. Ошентсе да нак акчаны үйдө кармоо адаты азайган жок. Бул жыл башынан бери Эл аралык кызматташуу боюнча сактык касса менен Улуттук Банк жүргүзгөн изилдөөдө көрүндү.
Изилдөөгө катышкан 2100 чарбанын 70 пайызы узак мөөнөткө пландары бар экенин айтышкан. Алар чыгаша, кирешелерин эсептеп турушат.
Бирок финансылык аналитик Жетиген Сулайманов каражатты үйлөнүү, той-топурга деп чогултуу финансылык сабаттуулуктун жоктугунан кабар берип жатпайбы деди.
Ал эми сандар депозиттин суммасы өсүп жатканын көрсөтүүдө.
"Кыргызстандын эли үчүн акчасын эң коопсуз сактоо жайы - бул, банктар. Эгер 2017-2018-жылдардын сентябрына чейин банктардын жалпы депозити 118 млрд сомдой болсо, 2019-жылдын ошол мезгилинде 145 млрд сомдү түздү. Депозиттердин өсүп жатышына банк системасындагы стабилдүүлүк жана депозиттин артыкчылыктары себеп болду", - деди маалымат жыйында Улуттук Банктын төрага орун басары Мээрим Момункулова.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ушу тапта жаштар арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча бир апталык өнөктүк жүрүүдө. Кыргызстанда мектепте же жогорку окуу жайларында чөнтөктөгү акчаны иштетүүнү үйрөтпөйт. Бирок Улуттук Банк сыяктуу уюмдар окуучулар менен жаштар арасында лекцияларды уюштуруп келет.
Финансылык сабаттуулук деген эмне?
Финансылык сабаттуулук - өз акчаңды туура пайдаланып, көбөйтүү, дешет адистер.
Эң негизгиси тапкан акчаңан коротконуң ашып түшпөш керек. Бул тапчу акчаңды азыр жок кылып койбо же карыз алба дегендик.
Жок дегенде алган айлыгыңан ашырып калып, кийинки ири максаттарга чогултуу болуп саналат. Азыр бул жетишсиз болуп калды, каражатты көбөйтүп, акчадан көз карандысыз болуу аракетин көргөндөр арбын дешти каржы адистери.

Ал эми акча чогултууда негизги эрежелердин бири - буюм сатып алууда ал бизге пайда алып келеби деген суроону коюш керек. Дүйнө эли "сатып алуу" маданияты менен жашап жатканын, туш тарабың сага бирдемесин сатканга аракет кыларын экономисттер көп белгилешет.
Каражатты кайда инвестиция кылыш керек?
Эгер аздыр көптүр финансылык сабаттуулукту жоюп, каражат чогулта алган болсоң, кийинки баскыч аны көбөйтүү.
Финансылык аналитик Жетиген Сулайманов жаштар үчүн чогулткан акчаны билимге салуу эң пайдалуу дейт, мисалы, кайсы бир курска баруу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аналитик дагы депозитке салуу, баалуу кагаз сатып алуу жолдору кенен тараганын белгиледи. Биринчиси көп каражат алып келбеген менен ишенимдүү, экинчиси тобокелчиликти талап кылат, анын үстүнө баалуу кагаздар базары Кыргызстанда эми өнүгүп келатат.
Сулайманов, мисалы, мигранттардан келген каражатты чакан бизнеске салуу кирешелүү болмок деп белгиледи.
"Өзүнүн идеясы болсо бизнес ачса болот, мисалы, чет өлкөдө жашап келгендерде көп ой болот, анткени ал жакта өнүккөн нерселер бизде жок. Эгерде акча бар, идеяң жок болсо, орто жана чакан ишканаларга карызга берип же өнөктөш болуп кирсең болот", - деди Би-Би-Сиге Сулайманов.
Би-Би-Си Бишкектин көчөлөрүнөн сурамжылоого тарткандар арасында "30 миң айлык алып, ашырып чогултам" дегендер менен катар "Кыргызстандын айлыгын топтоого такыр мүмкүн эмес" деген жаштар кездешти. Күнүмдүк чыгымдарына ата-энесинен чектелүү каражат алып, бирок айына канча сомду, кайда коротконун эсептеп көрбөгөн студенттер да бар экен.
Кыргызстанда орточо айлык акы 16 миң сомдун тегерегинде, ал эми минимум жашоо керектөөсү беш миң сомдон ашыгыраак.












