Баш прокурор: Атамбаев күнөөсүн мойнуна алып жатат

Сүрөттүн булагы, Official
Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов 7-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча тергөө иштери жүрүп, тийиштүү экспертиза дайындалганын билдирди.
Жогорку Кеңеш күч түзүмдөрүнүн Атамбаевге байланыштуу кырдаал боюнча баяндамасын угуп жатат.
"Алты аскер дагы деле барымтада кала берүүдө. Кылмыш курамы көрүнүп турат. Каза таап, жараат алгандар бар. "Мен аттым деп өзү айтып жатат, бул түздөн-түз күнөөсүн мойнуна алуу. Аскер кызматкерин мен өлтүрдүм деген сөз. Жооп бериши керек",- деди баш прокурор.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө журналисттерге сүйлөп жатып, түндөгү операция учурунда өзүндө гана курал болгонун айткан.
"Үчүнчү кабатта туруп алып, өзүм туруштук берип жаттым", -деген Атамбаев.
Баш прокурор Атамбаевге карата мурда коюлган айыптар боюнча да жетиштүү далилдер аныкталганын билдирди.
7-августта Кой-Таштагы кагылышта 50дөн ашык адам жарадар болуп, УКМКнын бир "Альфа" кызматкери каза тапкан. (EKa)




