А.Атамбаев: Курал менде гана болгон
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө журналисттерге сүйлөп жатып, түндөгү операция учурунда өзүндө гана курал болгонун айтты. "Үчүнчү кабатта туруп алып, өзүм туруштук берип жаттым",-деди А.Атамбаев.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы
Кой-Таштагы үйүндө эки жүздөй киши чогулуп турат. Түштөн кийин Атамбаевдин тарапташтары "Медиа-Форум" ишканасынын алдына чогулмак болуп жатышат.
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, азыркы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуздукту жана тартипти камсыздоо маселесин карады. Бул жыйынга журналисттер катышкан жок.
"Алмазбек Атамбаев Конституцияны жана мыйзам талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралчан каршылык көрсөткөн",- деди президент.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан укуктук мамлекет экенин эскертип, "мамлекеттин милдети бардык жарандар мыйзам талаптарын кынтыксыз сактоосун камсыз кылуу" деди.
Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи.
УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти.
Жогорку Кеңеш саат экиде чукул жыйынга чогулуп жатат. (AbA)








