Т. Чомураев: Солтон-Сарыда мал өлдү деп жөн жерден эле чуу салган жокпуз

- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Солтон-Сарыдагы суунун анализи даяр болду. Расмийлер топуракты изилдөө иши уланып жатканын айтууда. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги суунун курамы бардык чен-өлчөмдөр боюнча нормага ылайык келгенин, кооптонуга негиз жоктугун Би-Би-Сиге ырастаган. Саналуу күн мурун кырылды делген козулар боюнча да атайын изилдөө жүргөн.
"Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча малдын 66 пайызы өпкө, боор жана ичегинин мите ооруларынан кырылган. Малга вакцина жасоо боюнча алдын алуу иштери толук кандуу жүргүзүлгөн эмес. Тийиштүү вакцинация жасалбаса, мал дагы кырылат. Ошондуктан жарандар бул маселелерди чечүүгө олуттуу кароого тийиш",- деп Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калыс Жумаканов кеңеш берген. Аны өкмөттүн расмий интернет баракчасы жарыялаган эле.
Би-Би-Си Солтон-Сарыдагы кырдаал жана анализдердин жыйынтыгы боюнча нарындык активист Турдубек Чомураевди кепке тартты.

Сүрөттүн булагы, Turdubek Chomuraev
Т. Чомураев: "Эч кандай зыяны жок, козулар ичеги-карын ооруларынан өлдү" дегенге кенедей баладан тарта, абышка-кемпирге чейин ишенген жок. Өткөндө министрдин орун басары, Абдыкалык Рустамовдор барганда, ошолордун көзүнчө туруп айткам: "бул анализиңер Батукаевге кандай анализ чыкса так ошондой болуп эле бурмаланып чыгат. Кийин эгерде алтын казып баштаганда дагы малдар өлө турган болсо, ушул анализди чыгаргандар, мүмкүн ошол Батукаевдин анализин даярдагандардын жанына барып кошулуп калышы мүмкүн" дедим.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Би-Би-Си: Изилдөө атайын лабораториядан өтүп, тийиштүү адистер иштеп жатканы белгилүү. Кандай күмөнүңүз бар?
Т. Чомураев: Себеби так ошол бир короо кой, ошол жерден суу ичти деп айтылып жатат. Жардыруунун зыяны эмес. Элдин ушагы боюнча алар иштеп жатып, кокусунан уюган алтын таап алып, ошол жерден аны чайкаган имиш. Анан кир суу мөңгүдөн агып келе жаткан сууга кошулган учурда, жанагы короонун койлору келип ичкен имиш. Эгерде "ичеги-карын оорулары" дей турган болсок, анда эмне үчүн так ошол алтын казган компаниянын түбүндөгү короонун эле койлору ооруйт? "Башка жактагы жайлоолордо деле ушундай" деп жок дегенде бир-эки козу катталса же үч-төрт койдо, мейли эчкиде ушуга окшош көрүнүш болсо, анда биз ишенмекпиз. "Аа чын эле тигил жайлоодо дагы болуп жатат, бул жайлоодо дагы болуптур" дейт элек да. Анан так ошол жерде козулар өлүп, анализи кендин ишинен уулануу болгон эмес, ылаңдан деп чыгып келсе, анан кантип ишенем?

Сүрөттүн булагы, Social media
Би-Би-Си: Эң башкы жүйөңүз ушулбу?
Т. Чомураев: Ооба, аргументим ушул. Себеби ошол короо тиги жерден суу ичкен. Биз адегенде дароо эле ызы-чуу салып, "жөн жерден чуу көтөрүлбөсүн" деп башка жайлоолордон дагы сураштырдык. Ошол эле Чуңкур-Суу, Жакшына сыяктуу көптөгөн жайлоолорубуз бар. Ал жактагылардан кабар алдык. Аларда андай деген болгон эмес. Дагы бир жолу кайталайын, "башка жайлоолордон беш-алты баш мал ушундай болуп өлүптүр" десе анда биз ишенмекпиз. "Аа, чын эле малдын ошондой оорусу бар экен" деп кабыл алат элек. А эгерде "вакцинациянын жогунан" десе анда ошол короодон 20-30 баш эмес, бир тобу кырылышы керек эле да? Туурабы? Биздин божомолубуз боюнча так ошол күнү,ошол суудан ичип калган козулар өлдү окшойт да. Бул менин жеке оюм. Элдин ою дагы ушундай болуп жатпайбы.
Би-Би-Си: Кырылды делген мал жалаң бир өңчөй эркек козулар экени айтылууда. Эмне үчүн жалаң эркек козулар, эмнеге кой эмес, башка эмес? Ушул жагдайга да таң калгандар бар. Бул атайын жасалган жокпу деп күмөн санагандар да чыгууда.
Т. Чомураев: Андай эмес. Эчки бар экен, жанагы кийинки торпок, уй дагы ошол сыяктуу болуп тыбырап өлүп жатат да.
Төмөндө социалдык тармактарга тарап жаткан видеолордун бири:
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы













