Уран кенинде чалгындоо иши убактылуу токтойт

Сүрөттүн булагы, facebook\omurbek abdrahman
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынан 35-40 километрдей четте жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршылык күчөгөнү ачык байкалууда. Буга мисал катары ошол жердин өзүндө нааразылыкка чыккандардан сырткары коомдук медиадагы каршылык петициясын да айтууга болот. Кызыл-Омпол уран кени иштетиле турган болсо кесептеи оор болот деген кабар желдей тарап, талкуу кызып турган чак. Сөз болуп жаткан кенди чалгындоого 2010-жылы уруксат берилген. Анын мөөнөтү 2020-жылы аяктайт.
Коомчулукта катуу каршылык болуп жаткандыктан бул боюнча өкмөттүн атайын комиссиясы түзүлдү. Эми калган иш саналуу күндөн кийин өкмөттүк комиссиянын кортундусуна жараша болот. Бул жөнүндө аталган комиссиянын теңтөрагасы Абдыкалык Рустамов Би-Би-Сиге билдирди. Ал так чечим чыкканга чейин, чалгындоо иши да токтотулушу керектигин буга чейин эле сунуш кылганын да баса белгиледи.
Би-Би-Си бул теманы Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов, профессор Жумабай Сагындыковдун катышуусунда талкуулайт.
Талкууну толугу менен бул жерден көрсөңүз болот:
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы
Уран кенин чалгындоо үчүн "Юразия в Кыргызстане" компаниясы лицензия алган.








