You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Фейк менен күрөш: WhatsApp билдирүү жөнөтүүнү чектеди
Facebook компаниясына таандык WhatsApp кат алышуу кызматы фейк жаңылыктар менен күрөшүү жана анын таралышына жол бербөө максатында билдирүүлөргө чектөө киргизди. Эми бир билдирүүнү беш жолудан ашуун жөнөтүүгө болбойт.
Буга чейн бир билдирүүнү 20 жолу ар башка дарекке жөнөткөнгө мүмкүн эле. Жаңы чектөөлөр колдонуучулардын санына дагы тиешелүү. Айталы, мурда кат кабарды беш миң кишиге чейин тарата алсаң, азыр анын санын 1280ге чейин азайтышты.
WhatsApp вице-президенти Виктория Гранд мындай чечим башкаларды адаштырууга жана чагымга алып келген ушактарды токтотуу үчүн кабыл алынганын белгиледи.
Бул чектөөлөр 2018-жылы Индия аймагында киргизилген эле. Анткени WhatsApp аркылуу тараган жалган маалыматтар киши өлүмүнө чейин жеткирген. Жергиликтүүлөр жалган маалыматка ишенип, башкаларды жазалаган ондогон учурлар катталган.
Эми WhatsApp мындай эрежени бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча колдонуучуларына киргизди. Анын жалпы колдонуучуларынын саны болжолу бир жарым миллиард.
Мындай чечим коомдук сайттар чагымчыл жана жалган маалыматтарга каршы натыйжалуу күрөшө албай жатат деген сындар күчөп жаткан учурда кабыл алынды.
Өткөн аптада Facebook коомдук сайты "колдонуучуларды адаштырууга түрткөн" бир нече жүз аккаунтка бөгөт коюлганын кабарлаган.
Андан сырткары бир нече өлкөдө Cambridge Analytica кызматкерлеринин колуна Facebook колдонуучулардын жеке маалыматтары кантип түшүп калганы териштирилип жатат.
Бул лондондук компания саясий кеңеш берүү кызматын көрсөтөт. Компанияны 2016-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө таасир этүү үчүн 50 миллион "Фейсбук" колдонуучусунун жеке маалыматтарын колдонгон деп айыпташууда. (AbA)