Желдей тарап, жети миллион адамга жеткен фейктер

Кыргызстанда фейк жаңылыктарды текшерип, ашкерелөө боюнча factcheck.kg долбоору иштеп баштаганына төрт ай болду. Аталган сайттын башкы редактору Болот Темиров жалган маалыматтар каяктан жана кандайча чыгып тарап жатканын Би-Би-Сиге айтып берди.

Б. Темиров: Биз карап изилдеп көрдүк, типологиясын чыгардык. Фейктер биринчиден өлкөнүн ичиндеги саясий күрөштүн жүрүшүндө пайда болуп жатат. Азыркы убакта экс-президент Атамбаев менен президент Жээнбековдун командасынын ортосунда маалымат согушу болуп жатат деп айтсак болот. Ошол маалымат согушунун ичинде фейктер газеталар, социалдык тармактар аркылуу тарап жатат.

Фейктер тарап жаткан экинчи багыт -Россия менен Батыштын ортосундагы маалымат согушу. Украина, Россия темасында фейктер чыгып жатат.

Жалган маалыматтар күчөп чыгып жаткан дагы бир тармак - Кытай жөнүндө. Мунун себеби экономикада жатабы же чоң Кытайдан коркондон болуп атабы, аны изилдеп чыга элекпиз.

Дагы бир багыт дин темасында болууда. Радикалдык диний топтор фейктерге жамынып алып өзүнүн үндөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Би-Би-Си? Жалган жаңылыктар көбүнчө коомдук сайттар аркылуу тарап жатканы белгилүү. Ошол эле убакта ушак-айыңга өзүн эркин санаган кыргыз тилдүү гезиттер өзгөчө жакын эле?

Б. Темиров: Ооба, ушакты жазуу, таркатуу кыргыз гезиттеринин өзгөчөлүгү экени ырас. Алар өз кезегинде аны ушак дешпейт, кийин тактала турган маалымат, такталышы үчүн чыгарып атабыз деп коюшат. Биз төрт айдан бери иштеп атабыз, газеталардан фейктерди көп таптык. Көбүнчө божомолдоп, жормолдоп жазышат. Көбүнчө кийин такталбай калат. Алар жаңылык жазып жатканда булактарын көрсөтпөйт. Кыргыз гезиттер көбүнчө аркасына "балким, мүмкүн" деп суроо белгисин коюп коюшат. Бул баары бир ушак болуп саналат.

Би-Би-Си: Жалган жаңылыктарды төгүндөөнүн бир аракети сиздердин долбоор болуп жатат. Фейк маалыматтарга дагы кандай чаралар менен күрөшүү керек?

Б. Темиров: Ар бир жаран өзү маалыматты туура, сабаттуу колдоно билгенге үйрөнүшү керек. Сынчыл ой жүгүртүү, медиа сабаттуулук керек. Биз өзүбүздүн сайт аркылуу ушуну үйрөткөнгө аракет кылып жатабыз. Маалымат булагы барбы-жокпу, ошону караш керек, анын кандай кызыкчылыгы бар, ошол жагына көңүл буруш керек деп. Мисалы, Атамбаевдин гезити Жээнбековду жамандап жатса, анда дароо түшүнүктүү эмне үчүн андай болуп жатканы. Бул маалыматка ишенерден мурда такташ керек. Же орус гезиттери батыш мамлекеттерин жамандаса, анын өзүнүн кызыкчылыктары бар экенин түшүнүш керек.

Би-Би-Си: Силердин долбоор иштегенден бери чемпион болгон фейк жаңылыктарды атап кетсеңиз.

Б. Темиров: Эми чемпион деп айта албайбыз го, бирок фейк жаңылыктар ар тараптан эле чыгып жатат. Мен-мен деген сайттардан деле учурап калып атат. Себеби фейктер абдан жакшы окулат. Бир мисал келтирип кетейин. Бир фейк жаңылыктын бетин ачтык биз. Бирок биз аны төгүндөгөн материалды 20 миң адам окуса, жалган маалымат жазылган материалдын өзүн жети миллион адам көрдү. Ошондуктан кээ бир массалык маалымдоо каражаттары фейктерди колдонуп жатышат.

Би-Би-Си: Жети миллион адам көргөн фейк эмне жөнүндө эле?

Б. Темиров: Бул биздин Кыргызстандан чыгып, эл аралык масштабка тарап кетти. Анда Кытайда жасалма эт чыгарат деген бир завод жөнүндө айтылат. Ошол фейк жаңылыкты жети миллион адам көрдү, азыр андан да көп болуп калды болуш керек. Биз фейктин бетин ачкан материалыбызды Италия жана башка өлкөлөрдөн окушту, бирок анчалык тараган жок.