Аскар Салымбеков: Өз жүзүбүз менен чыкканда көзүмө жаш тегеренип, керек болсо кытайлыктар таң калды

Сүрөттүн булагы, Zhizhao Wu/Getty Images
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогунун финалдык беттештерине катышууда. Спорт сүйүүчүлөр Кыргызстан курама командасын колдоп, Азия биринчилигинде жакшы жыйынтык көрсөтөт деп үмүттөнүшүүдө. Кыргызстан биринчи оюнун 2-1 эсебинде Кытайга утулуп калганы менен, эмдиги этапка өтүүгө дале мүмкүнчүлүгү бар.
Би-Би-Си чемпионатка жеринен көз салуу үчүн барган, көп жылдардан бери кыргыз футболуна чоң салым кошуп келе жаткан Аскар Салымбековко кайрылып, Кыргызстандын Азия кубогуна катышып жаткандыгынын маанисин жана өлкөдөгү футболдун деңгээли тууралуу сурады.

Сүрөттүн булагы, Social Media
А. Салымбеков: Курама командабыз Азия чемпионатынын финалына чыгышы өтө маанилүү. Мына биз көп нерселерди айтабыз, идеология тигиндей, мындай деп. Чоң держава Кытай менен ойногондо биздин элибиздин баары бирикти. Кыргызстаныбыз эмне болот, ушундай чоң держава менен ойноп жатат деп укмуш маанайда турушту.
Мен такыр унутпайм, мурун биз мындай чоң оюндарда Бразилия, Аргентина же Орусиянын футболкаларын менен жүрчүбүз. А бул саам бүткүл дүйнө карап турган чакта өзүбүздүн футболка, өзүбүздүн желек, өзүбүздүн гимнибиз менен чыкпадыкпы. Бул жылдап күткөн көрүнүш болду.
Керек болсо кытайлык күйөрмандар силер ушунчалык көпсүңөрбү? Укмуштай катуу, дүңгүрөтө колдойт экенсиңер деп баары таң калып жатты. Биз ошол жерде ушундай биримдиктүү, ынтымактуу болуп уюутулган коргошундай эле турдук. Өзүбүздүн мамлекетибизде да ушул стадиондогудай биримдик болгондо, заматта көтөрүлүп, канчалаган мыкты иштерди жасайт элек. Биздин футболчулардын Азия кубогунун финалында ойношу өтө маанилүү, бул чоң идеология. Мына биз муну сезип же угуп эле тим болбошубуз керек.

Сүрөттүн булагы, VCG/VCG via Getty Images
Би-Би-Си: Ушул күндү көптөн бери күтсөңүз керек? Өлкө өзүнүн жүзү менен кызыл футболканы кийип чыктык деп жатасыз, кандай сезимдер болот экен?
А. Салымбеков: Намыскөй, мекенчил адамдарга бул оюндар өтө чоң жетишкендик деп эсептейм. Миллиарддаган эли бар Кытай, Индия, Иран сыяктуу командалар менен ойногонго жетип калганыбыз катардагы эле иш эмес. Жапония, Корея деген командалар менен тең тайлашып ойноо биздин канча жылдан берки кыял эле. Тамган тер, жумшалган каражат, убара, үмүт, кыял дегендердин жемиши. Толкунданып, гимн ойноп, күйөрмандардын арасында турганыбызда ачык айтайын көзүңө жаш тегеренип калат экен.
Биздин балдар ушунчалык берилип ойноп, биринчи таймды мыкты ойногонун, жогорку деңгээлге жетишкенибизди баардык футбол эксперттери айтып жатышат.

Сүрөттүн булагы, Zhizhao Wu/Getty Images
Би-Би-Си: Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын футболдук беттеши эки кишинин башы бириккен жерде кызуу талкууга алынып жатат. Балким оюн, кыргызстандыктар күтпөгөндөй башталып, күтпөгөндөй жыйынтыкталып калганынан улам болсо керек. Оюнда кыргызстандык футболчулар кайсы жагынан аксап, кайсы жагынан артыкчылык кылды?
А. Салымбеков: Биринчи таймда оюнчулар кандай жакшы оюн көрсөткөнүнө баарыбыз күбө болдук. Кандай жакшы 2-3 учурду биздин чабуулчулар, айрыкча Люкс деген чабуулчу жакшы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибергендей болду. Көп өтпөй жакшы комбинациядан кийин гол кирип, маанайыбыз көтөрүнкү болуп жаттык эле.
Экинчи таймдын башында дарбазачынын кемчилиги командага психологиялык катуу сокку болуп, балдардын баары сынып эле калгандай болду. Ошондон тарта оюн такыр башка нукта кетип, калганы барыбызга айдан ачык сезилип турду.

Сүрөттүн булагы, VCG/VCG via Getty Images
Мен баса белгилеп айта кетишим керек, Кытайдын машыктыруучусу италиялык Марчелло Липпи деген академик, тренер. Ал Италияны дүйнөнүн чемпиону кылган адам. Ошол эле биринчи таймда, алмаштыруу тактикасын пайдаланып, оюнду башка нукка бурганын биздин машыктыруучу дагы сезиши керек эле деп ойлойм. Менимче алар муну кеч байкады көрүнөт.
Би-Би-Си: Сиз менен бир нече жыл мурда дал ушул темада маектешкенимде, Кыргызстанда футболдук клубдарды каржылаганга мүмкүнчүлүгү жеткен бай адамдардын көбөйүп калганын, алардын кызыгуусу пайда болуп жатканын айттыңыз эле. Бирок, турмуш көрсөткөндөй биз андай көрүнүштү байкаган жерибиз жок. Бул балким алардын футболго кызыкпаганынанбы же чыгашасынан качып жатышабы? Кандай ойдосуз?
А.Салымбеков: Тилекке каршы, чындыгында төрт клубдан өйдө көтөрө албай жатабыз. Ары ойлоп, бери ойлоп эле, бир нерсеге такалып жатам. Биздин намыскөй, мекенчил ишкер адамдарыбыз чыгыш керек го. Мен жеке эле кыргыз ишкерлерине кайрылбаймын, башка элдердин да бизнесмендери ишкердик жасап, миллиондогон пайдасын көрүп жатат. Ошолорго да кайрылат элем.

Сүрөттүн булагы, KARIM SAHIB/AFP/Getty Images
Футбол - коомдун өзгөчө барометри. Саясатчылар да адеп сөзүн баштаганда эле футболдон же аба ырайынан кеп салып келип, анан гана саясатка киришет.
Би-Би-Си: Иш оңунан чыгып, алдыдагы эки оюнду кыргыз курамасы жеңип, группадан чыга турган болсо, келечеги кандай болот?
А. Салымбеков: Түштүк Кореянын командасын баарыңар билесиңер, Германияны уткан өтө күчтүү команда. Англиялык, испаниялык,германиялык лигаларда ойногон оюнчулар. Алардан Филиппин 1:0 гана эсебинде утулуптур. Биз дагы чымырканып, Кореяны утканга бардыгыбыз - күйөрмандар дагы, оюнчулар дагы, тренерлер дагы максат коюп жатабыз. Группадан чыксак бул чоң жетишкендик болот. Секирик деп айтсак ашык болбойт.

Сүрөттүн булагы, VCG/VCG via Getty Images
Би-Би-Си: Футбол сүйүүчүлөрдүн арасында сиздин тамашалуу сөзүңүз көп айтылып жүрөт. "Англияда төрөлүп, дүйнөдө торолгон футбол Кыргызстанга келгенде жок болуп кетпесе экен деген аракетимди жумшап жатам" деген сөзүңүз. Торолуп демекчи, бир топ өспүрүмдөр, жаш балдар чет жакта футбол боюнча билим, тажрыйба алып жатат. Ошол эле учурда легионерлерди чет жактан алып келип жатабыз. Ушул тажрыйба канчалык жемишин берет. Сырттагыларды Кыргызстанга кайтарып алышыбыз керекпи же алар ошол жакта ойногону пайдалуубу?
А. Салымбеков: Мен дайым айтып келем - чеберчилик өсүш үчүн ички атаандаштык күчтүү болуш керек. Бизде 4 команда эмес, 7-8 команда бири-бири менен таймашкан клубдар болушу зарыл. Биз андай деңгээлге жете элекпиз. Балдар тажап калышат. Ошон үчүн деңгээлди жогорулатуу үчүн башка жактарга барууга мажбур болушат. Аларды биз кармабайбыз. Биз ошолорду тарбиялап, баргыла ошол жактан да чеберчилигиңерди өстүргүлө дейбиз. Биздин балдар азыр бүткүл дүйнөдө ойноп жатышат. Анан атаандаштык курч чемпионнаттарга катышып келген футболчуларыбыз чогулуп, курама командабыз ушундай жакшы оюндарды көрсөтүп жатат. Ошону үчун биз эч кимди кармабайбыз. Анткени өзүбүз качан ички деңгээлибизди көтөргөнүбүздө гана бул жөнгө салынат. Ошондо гана биздин балдар башка жакка кетпей, ушул жерден татыктуу айлык алып, кала берет. Биздин клуб жакшы эле тактыктуу маяна берет, бирок эми 30 балага берели. А башка 300- 400 балага бере албайбыз да. Ошону үчүн балдарыбыз башка жакка кетип жатат.

Сүрөттүн булагы, KARIM SAHIB/AFP/Getty Images
Би-Би-Си: Мына сиз учурунда кыргыздын канын кызыткан көк-бөрү оюнун, тагыраак айтканда, "Көк- бөрү" федерациясын да жетектеп жүрдүңүз. Ошол эле учурда футболго да баш отуңуз менен кирдиңиз. Ушул эки оюнду кантип бири-бирине айкалыштырып же көк- бөрү сыяктуу эле футболду кантип популярдуу кылсак болот?
А. Салымбеков: Убагында Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдер келип сунуштаганда, мен ушул оюн кыргыздын биринчи улуттук ат оюну болоорун көрүп турдум. Канадалык хоккейден калышпаган оюн экенине көзүм жетип, ошого баш отум менен кирип 13 жыл жүрдүм. Стадиондорду салдым, командаларды түздүм. Мурда баягы ар ким ар кайсы аңыз, айдоодо ойногон оюн, мына ушундай укмуш деңгээлге өсүп жетти. Көк-бөрү десе аягы тыйылбаган күйөрмандарды алып келдик. Көк-бөрү болот десе бир да билет калбай калган, ушунчалык бир бүйүр кызыткан оюнду көрүп, ырахат алып, ыраазы болуп жатышпайбы.

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images
Акырында мына жакында "Көк-бөрү "деген тасма чыгып, ал ого бетер кызыктырды. Баягы ашканада олтурган айымдарыбыздан бери көк-бөрү ушундай турайбы, ушундай кызыктуу оюн турбайбы деп калышты. "Көк-бөрү" тасмасы өзү да ушунчалык популярдуу болду деп ойлойм.
Көк-бөрүгө жаңы эрежелерди киргиздик эле. Бул жагы бир аз глобалдашып кетти десек болот.
Баягы футбол Барселона, Манчестер Юнайтед, Реал же болбосоБавария деп баардыгы өз командасына жан тартып келе жаткан.
А бирок соңку оюн көп нерседен кабар берип койбодубу. Өзүбүздүн, нак кыргыздын курама командасы мыкты оюн көрсөтүп жаткандан кийин, биз дагы жетекчилер, бизнесмендер чогулуп туруп, баш отубуз менен киришип, футболдун деңгээлин көтөрүп койсок, алгалап кетет. Улуттук аң-сезимибиз, намысыбыз ойгонуп, идеология мына ушинтип келет.
- Муну да көрүңүз: Кыргызстандагы аялдар футболунун абалы тууралуу кызыктуу маек
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы








