Чаржайыт реформанын чатагы

Дарыгерлер

Сүрөттүн булагы, 24.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектин дарыгерлери министрликтин реформалык пландарынын пайдасынан зыяны көп деп жатышат.
    • Author, Кубатбек Чекиров
    • Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек

Бишкекте дарыгерлердин нааразылык митинги шаардык медицина мекемелериндеги көптөн бери чаржайыт жүрүп жаткан реформанын көйгөйүн көрсөттү.

Ушуну менен дарыгерлер экинчи жолу нааразык акция өткөрүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги баш калаадагы тармактык департаментти жоюп жибергенден кийин үй-бүлөлүк-дарыгерлер борборлорун башкарууну жөндөй албай, натыйжада укуктук, чарбалык, социалдык чечилбеген маселе толуп кетти.

Шаардын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жетекчилери менен Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү чогулуп, шаардагы дарыгерлердин козголоңуна алып келген маселелерди талкуулашты.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдына пикетке чыккан дарыгерлер чаржайыт реформаны токтотууну, аралаш кабыл алуудан баш тартууну талап кылышып, эмгек акы төлөөдөгү туура эмес иштерди айтышты.

Дарыгерлердин пикетин министрлик үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорлорунан көрүп жатат. Ошол себептүү алардын көбү министрликтин планы боюнча сүйлөгөндөн качып, мунун артында чоң саясат бар деп баш чайкап турушат.

Аралаш системанын азабы

Дарыгерлердин пикетинин артында министрликтин баш калаадагы дарылоо мекемелерин оптималдаштыруу планынан келип чыккан көйгөйлөр турат. Шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборборунун башчылары министрлик баштаган пландын пайдасынан зыяны көп болуп жатканын айтышууда.

"Жанагы аралаш кабыл алуу дегенге каршы болуп жатышат. Мисалы, мурда терапевт болуп иштеп жүргөн болсо, үй-бүлөлүк дарыгер болгондо бир врач бир үй-бүлөнү бүтүндөй карашы керек болот. Баласы да, чоңу да, аялы да бир врачтын көзөмөлүндө болот",-деди №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Бурул Досалиева.

Шаардагы дарылоо мекемелери аралаш системаны эбактагы эскирген ыкма, ал дарыгерлер жетишпеген айыл жеринде болот, шаарга туура келбейт деп каршы болууда.

"Аралаш кабыл алууга өтсүн, үй-бүлөлүк дарыгер болсун деген талап коюлуп жатат. Ага азыр биздин дарыгерлер даяр эмеспиз деп жатат. Кечээ күнү ошол маселени көтөрүп барышкан. Ага жетекчилердин эч тиешеси жок. Биз аны өзүбүз кийин угуп калдык, ушундай ызы-чуу чыкты деп",-дейт дейт №6 борбордун директору Ɵмуралиева Мунара.

Аралаш система болот-болбойт деген талаш-тартыш өз кезегинде дарыгерлердин эмгек акысын көбөйтүүгө да бөгөт болууда. Анткени ар бир врач үй-бүлөлүк дарыгер сертификатын алмайынча көбөйгөн эмгек акы ала алышпайт.

Аралаш системадан чыккан нааразылык министрликтин оптималдаштыруу планынан келип чыккан чыр-чатактын бир чети гана. Министрлик баштаган план боюнча дарылоо мекемелеринде кыскартуулар каралган, эгер ал башталса анда дарылоо борборлору бүтпөгөн чыр-чатактын кучагында калары турган иш.

Департаментти жоюунун кереги бар беле?

Азыр нааразылык жараткан реформалык пландар шаардагы саламаттык сактоо департаментин жоюудан башталган. Министрлик бир катар жетекчилерди кызматтан кетире албай, акыры департаментти жоюп, шаардагы үй-бүлөлүк дарылоо мекемелерин өзү тикелей башкарып, жетекчи кадрларды өзү калчаш үчүн ушуга барган дешет.

Бирок шаардагы кайра түзүү иштери аягына чыкпай ара жолдо калды. Министрлик шаардагы ар бир төрт райондо бирден башкаруу борборун ачууну караган, бирок үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорлорунун каршылыгынан кийин эмне кыларды чече албай турат. Деги эле шаардагы дарылоо мекемелерин караган департаментти жоюп, анын ордуна кайра төрт башкаруу борборун ачуунун кажети болбогонун министрликтин өкүлдөрү өздөрү да моюнга алып жаткансыйт.

"Департаментти жоюп жаткан учурда бул маселеге тереңирек караш керек болчу. Ошол учурда каралбаптыр. Жоюлуп кеткенден кийин, жаңы министр келгенден баштап анализ жүргүзүлгөндөн кийин комиссия иштеп, департамент жоюлардын алдында көп маселе чечилиш керек болчу деген. Азыркы күнү ошол механизмине келип такалып калып жатабыз",-деди министрликтин укуктук бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев.

Министрликтин оптимизация планы бир эле дарыгерлердин эмес, мэриянын, парламенттин жана эл аралык уюмдардын дагы сынына кабылууда. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонкуловдун бул тармактагы саясатты министрлик өзү гана билет деген позициясын шаардын жаңы шайланган мэри Азиз Суракматов жумшак айтканда түшүнө албай турган чагы. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде да министрликтин реформалык пландарына карата катуу сындар айтылып келатат.