Сырттан келген дарыгерлерге сын көбөйдүбү?

Коомдо чет мамлекеттен келип жаткан дарыгерлер боюнча пикирлер бир кылка эмес

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коомдо чет мамлекеттен келип жаткан дарыгерлер боюнча пикирлер бир кылка эмес
    • Author, Венера Алымкул кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Саламаттык сактоо министрлиги Кувейттен «Үмүт» деп аталган дарыгерлер кербени Кыргызстанга келип, абалы оор бейтаптарга акысыз операция жасайт деген маалыматты четке какты. Министрликтин айтымында, жакынкы күндөрү Кувейт мамлекетинен эч кандай дарыгерлер тобу келбейт.

Ал эми Кувейттен дарыгерлер келет деген маалымат коомдук каналдарда желдей тарап, аларды чыдамсыздык менен күткөн бейтаптар дагы жок эмес. Ошол эле учурда чет мамлекеттен келип жаткан дарыгерлердин кесипкөйлүгүнөн күмөн санагандар дагы четтен чыгууда.

«Үмүт» деп аталган Кувейт дарыгерлеринин кербени Бишкекке 29-октябрда келе турганы, аларын текшерүүсүнөн өтүүнү каалагандар 25-октябрга чейин каттоодон өтүшү керек экени тууралуу маалымат коомчулуктун кызыгуусун арттырды. Жергиликтүү маалымдоо каражаттардын бири аталган мамлекеттен келчү жогорку даражалуу 45 дарыгер оор абалдагы балдарга жана чоң кишилерге акысыз операция жасай турганын жазып чыкты. Ошондой эле алар бул ирет Жалал-Абад балдар ооруканасында жана Бишкектеги №1-шаардык клиникалык ооруканасында иш алып бара тургандыгы айтылган. Би-Би-Си маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо үчүн Бишкектеги №1-шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев менен байланышты.

«Кувейттен келе турган дарыгерлер тобу тууралуу бизде эч кандай маалымат жок. Аталган маселе боюнча тургундар дагы телефон чалып жатышат. Саламаттык сактоо министрлигинен расмий кат келмейин биз ал жактан дарыгерлер келген учурда дагы кабыл албайбыз. Министрликтен болсо кат келген жок».

«Үмүт» дарыгерлер кербени

Кувейттин «Үмүт» дарыгерлер кербени Кыргызстанга өткөн жылы келген. Алар Улуттук онкология, Энени жана баланы коргоо борборлорунда болуп, бир нече бейтапка акысыз операция жасашкан. Ал эми быйыл кызматташуу тууралуу эч кандай макулдашуу болгон эмес.

«Кувейттен келчү дарыгерлер тууралуу маалыматты биринчи жолу Аксыда иш сапарда жүрүп угуп калдым. Бирок бизге эч кандай кат келген жок. Чет мамлекеттен келчү дарыгерлер алгач Тышкы иштер министрлигине кат жолдойт. Алар катты бизге жиберет. Министрлик тарабынан кабыл алынган жобого ылайык, чет мамлекеттен келчү дарыгерлер тобу жогорку даражага, атайын сертификатка, Кыргызстанда жок медициналык жабдыктарга ээ болушу зарыл. Мына ушул сыяктуу талаптарга жооп бергенде гана өлкөгө келүүсүнө уруксат берилет»,- деди Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын башчысы Саматбек Тойматов.

Кувейттин «Үмүт» дарыгерлер кербени Кыргызстанга өткөн жылы келген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кувейттин «Үмүт» дарыгерлер кербени Кыргызстанга өткөн жылы келген

Коомдо чет мамлекеттен келип жаткан дарыгерлер боюнча пикирлер бир кылка эмес. Аларды айрымдар мактаса, ишин сынга алып, жасаган операцияларынын көбү ийгиликсиз аяктайт дегендер дагы жок эмес. Алсак, 2015-жылы Израилден келген көз дарыгерлеринин операциясынан кийин бир нече бейтаптын көзү кабылдап кеткени тууралуу маалыматтар дагы чыккан эле. Андан тышкары чет өлкөнүн ак халатчандары практика топтош үчүн Кыргызстанда акысыз операция жасайт деген пикирлер дагы байма-бай айтылып келет. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик медициналык мекемелерге келген дарыгерлерден кооптонууга негиз жок экенин айтат.

«Израилден жогорку квалификациялуу профессорлор келген. Алар операция жасаган бейтаптардын үчөөнүн көзү кабылдап кеткени чындык. Бирок ал жерде дарыгерлердин күнөөсү жок. Дүйнөлүк статистика боюнча жүз операция жасалса алардын үчөө-төртөө сөзсүз кабылдайт. Ошондой эле 2014-жылы Бириккен Араб Эмираттарынан келген дарыгерлер жүрөккө операция жасап, бир бейтап каза болуп калган. Эки маселени тең иликтөөгө алуу үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгында дарыгерлердин күнөөсү жок болуп чыккан»,- деди Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын башчысы Саматбек Тойматов.

«Жардам берүү жеңил» коомдук фондунун директору Динара Аляева өзү күбө болгон чет мамлекеттик дарыгерлер тарабынан жасалган операциялар тууралуу Би-Би-Сиге буларды айтып берди.

«Америкадан келген дарыгерлер тобу жүрөк оорусу менен жабыркаган балдарга операция жасап баардыгы ийгиликтүү аяктады. Ошондой эле күйүктөн кийинки тырыктарды жылмалоо боюнча Германиядан дарыгерлер тобу келип турат. Бул биздин өлкөдө саналуу гана адистердин колунан келүүчү өтө оор операция. Ал эми үчүнчү мисал, биздин үй- бүлөнүн башынан өткөн. Менин апамдын көзүнө Түштүк Кореядан келген дарыгерлер операция жасаган. Учурда баардыгы жайында».

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Чехия, Орусия, Корея, Израиль сыяктуу бир катар мамлекеттердин дарыгерлери менен тажрыйба алмашып турат. Чет мамлекеттин гана дарыгерлери келбестен, Кыргызстандын ак халатчандары дагы башка өлкөлөргө барып операция жасаган учурлар арбын. Дарыгерлердин айтымында, ааламдашуу доорунда мындай тажрыйба алмашуу жергиликтүү доктурлардын билим деңгээлинин жогорулашы, дүйнөлүк медицинадагы жаңылануудан артта калбоосу үчүн шарт түзөт.