Оштогу бийликти талашкан күчтөр жана кландар

Сүрөттүн булагы, YNTYMAK
- Author, Сапаргүл Абдинабиева
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстандын түштүктөгү баш калаасы атыккан Ошто жаңы мэрдин кызматы үчүн саясий күрөш башталды. Мурдакы мэр Айтмамат Кадырбаев башка кызматка өтүп, кызматын өткөрүп берди. БШК шаар мэрин шайлоону 18-июлга белгиледи. Ош мэрин шаардык кеңеш шайлайт.
Азыр кеңеште кайсы саясий күчтөр отурат жана мэрге татыктуу кандай талапкерлер чыгат?
Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев кызматтан кеткен мүнөттөн тарта эле бул орунга ким келери кызуу талкууга түштү. Айрым, "Фейсбук" колдонуучулар президент менен премьер-министр калаа башчылыгына өз кишилерин даярдап жатканын жазышууда. Анда Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин аты аталууда.
Ош шаардык кеңешинин депутаты, "Бир бол" фракциясынын лидери Эсенбек Арзиевдин айтымында, аттары аталып жаткан талапкерлер ат салышат деп айтуу азырынча кыйын:
"Социалдык тармактарга, айың-кептерге ишенбеш керек. Азыр беш-алты кишинин аты аталып жатпайбы. Алар өз талапкерлигин коебу-жокпу белгисиз. Биринчиден, шайлоо күнү, андан кийин так кандидаттардын аттары аталгандан кийин гана бир нерсе айтпасак, азыр талдоонун кереги жок".
БШК Ош шаарынын мэрин шайлоону 18-июлга белгиледи. Мыйзамга ылайык, мэрди шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Учурда шаардык кеңеште алты фракциядан шайланган 45 депутат бар. Анын эң көбүн КСДП депутаттары түзөт, жалпы саны - 16. Калган фракциялардан 5-6дан депутат бар. Депутаттардан эң көп колдоо тапкан талапкер 4 жылдык мөөнөткө шайланат.
Бирок депутаттык курам, андагы оппозициялык күч эч нерсе өзгөртпөйт, бул жерде бийликтин саясий таасири сөзсүз бар дейт серепчи Эркин Абдразаков:
"Учурда ар кандай кландар бийликке умтулуп турган мезгили. Бийлик менен ким сүйлөшүүгө барып, кандай бийлик жүргүзөт деген маанилүү маселе турат. Ошто калыптанып калган кландар бар. Мисалы, университеттин деңгээлинде жүрүп, кийин шаардык кеңештин дэңгээлине чыгып, партиялык лидерге айланып калган Жапар Ормонов, андан ары Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Сарыбашевдин аты чыгып жатат. Көптөгөн чуулгандуу кызматтарда иштеген Кара-Суулук Матраимовдордун кланы бар. Азыр ушул үчөөнүн ортосунда күрөш жүрөт деп айтылып жатат. Эми биз шаардык депутаттардын көпчүлүгүн тааныйбыз. Жумушу жок, соода-сатык менен эле акча топтоп алган балдар. Алар эмнени чече алмак эле. "Акелердин" буйругу аткарылат да", - деди Би-Би-Сиге.
"Оштун бегин" шайлоо дайыма талкуу чордонунда
Кыргызстандын экинчи ири калаасы Оштун мэрин шайлоо ар дайым саясий күчтөрдүн негизги атаандаштыгын көрсөтүп келгени бар. Жада калса, өлкөнүн борбору Бишкектин мэрин алмаштыруу дагы мынчалык көп талкуу, түрдүү жоромолдор менен коштолбойт. Анын башаты Ош шаарын 2009-2013-жылдары башкарып турган Мелис Мырзакматовдун бийлиги учуруна барып такалат. Мырзакматов "Улуттар биримдиги" деп аталган регионалдык партия түзүп, ал республикалык чоң күчкө айлана баштаган эле. Ал турсун борбордук бийлик менен эсептешпей койгон учурлары болду. Ал 2013-жылы күтүүсүз кызматтан алынып, кийинчерээк Ош шаардык соту аны үй-мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан. Ага "кызмат абалынан пайдаланган" деген айып тагылып, издөө салынган эле. Ал соңку беш жылдан бери чет өлкөдө.

Мырзакматов мэр болуп турганда Кыргызстандын эң таасирдүү саясатчыларынын бирине айланган. Андыктан Ош шаарында, шаардык кеңеш курамында анын таасири дале күч болушу ыктымал дегендер бар. Ошол себептүү, кезектеги мэр шайлоодо анын жактоочулары оппозициялык маанай жаратышы да мүмкүн дешет. Бирок жергиликтүү депутаттар анын азыркы таасирин четке кагышууда:
"Мырзакматовдун өлкөдөн чыгып кеткенине көп болду. Ошого жараша таасири дагы жоголгон. Аны жактаган, өзгөчө колдогон депутаттарды билбейм. Негизи биздин шаардык кеңеште оппозициялык күчтөр деле жок. Бирок ар кимдин өз ою бар. Ошого жараша мэр тандайбыз", - дейт Ош шаардык кеңешинин депутаты ,"Бир бол" фракциясынан лидери Эсенбек Арзиев.

Мурдакы шаар башчы Айтмамат Кадырбаев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматын 3-июлда өткөрүп берди. Кадырбаев дайындалгандан тарта эле анын ишмердигине жармашкан сындар айтылып келди. 2010-жылы май айында Ош облустук бийлик имаратын басып алып, бийликтин саясатына каршы чыкканы үчүн сот жообуна тартылганы дагы көп талкуу жараткан. Ал эми мэр болуп турганда жакындарын бийликке алып келди деген кептер тараган.












