Хаит Айкынов: чек ара тактоодо жер алмашкандан эч ким утулбайт

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга расмий иш сапары менен барды.

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга расмий иш сапары менен барды.
    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга расмий иш сапары менен барды. Эки күндүк визиттин алкагында Жээнбеков Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен тар жана кеңири курамдардагы жолугушууларды өткөрөт деп кабарланды. Коомчулукта бул иш сапардан көбүрөөк чек арага байланышкан көйгөйлөрдүн көтөрүлүшүн күткөндөр көп.

Соңку жылдары кыргыз-тажик чекарасын аныктап, тактоо маселеси дээрлик солгундап кетти. Бийик тоолуу, татаал географиялык аймакта созулуп жаткан чек аранын ондогон талаш бөлүктөрү бар.

Бул маселе жыл сайын жаз, жай айларында чекара тилкесиндеги кыргыз-тажик конуштарындагы жол, жер, суу талаш маселелеринен чыккан жаңжалдарга себеп болуп келүүдө. Өзбекстан менен чек ара тактоо иштери жандангандан кийин Тажикстан дагы ушундай кадамга бара алабы?

Чек ара маселелери боюнча адис, Баткен районунун мурдагы акими Хаит Айкынов менен ушул темада маектештик.

Хаит Айкынов: Чек ара маселесинде мамлекеттер аралык паритеттик комиссиялар такай өз ара жолугушуп, ошол боюнча маселелерди карап турушу керек. Менимче, эки жылдан бери кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссияларынын жолугушуулары токтоп калды окшойт. Оор тилкелер бул Тажикстандын Ворух анклавынын тегерегинде, Арка массивинде. Чек ара тактоого тоскоолдук жараткан негизги маселе тараптар ар башка юридикалык документтерге таянганы. Көп учурда чек араны аныктап, тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар сүйлөшүүлөрдү жандуу жүргүзүп, маселени чечип келгенде эле картадан эки башка чыгып, кайра өз алдынча кеңешүүгө уруксат сурап, тарап кеткен учурлары бар. Азыр эми Өзбекстан менен чек араны чечүүдө тажрыйба алып калдык. Бул кээ бир жерлерди алмаштыруу же саясый чечимдер менен чечүү жолу.

Би-би-си: Мындан эки жылдай мурун кыргыз тарап Тажикстанга талаштуу чек ара тилкелеринин айрымдарын алмашуу аркылуу чечүү сунушун бергени маалым. Буга жергиликтүү тургундардын көз карашы кандай?

Чек ара маселелери боюнча адис, Баткен районунун мурдагы акими Хаит Айкынов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чек ара маселелери боюнча адис, Баткен районунун мурдагы акими Хаит Айкынов

Хаит Айкынов: Ооба, айрым тилкелер боюнча алмаштыруу сунушу берилген. Бирок экинчи тарап сунушту карап көрөбүз деп, жыйынтык болгон жок. Айталы, Көк-Таш айлында бир участок бар. Жолу дагы, электр энергиясы, суусу дагы Кыргызстан аркылуу өтпөгөн, туңгуюкка кептелип калган. Ушундай эле участоктор Тажикстанда дагы бар. Эл менен сүйлөшө келсең, эки тарап тең ушундай жерлерди алмашууга макул эле. Болгону бул чечим кабыл ала турган органдардын саясый эркине байланыштуу.

Би-би-си: Өзбекстан тарап менен чек араны чечүү жолго салынып бара жатканын белгилеп өттүңүз. Ушундай саясый эркти Тажикстан тарап көрсөтө алабы?

Хаит Айкынов: Кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн паритеттик комиссиясы акыркы он жылда тез-тезден сүйлөшүү, жолугушууларды өткөрүп келди. Жылына жети-сегиз жолу жолгушуулар өткөн учурлар болгон. Болгону соңку бир жарым, эки жылдан бери токтоп калды. Ырас, Өзбекстан бийлигинин саясый чечими менен чек ара чечүү жанданды. Негизи бул иште саясый чечимге барып, алмаштыра турган жерлерди алмаштырып, калган жерлерди тактоо иштерине баруу зарыл. Жерлерди алмаштырууда баалуулуктары, стратегиялык маанилүүлүгү сөзсүз эсепке алынып, алмаштырууда эч ким, эч кимге утулбайт.

Би-би-си: Жыл сайын эле күн жылыган мезгилде чек арадагы тажик-кыргыз конуштары ортосунда чыр-чатактар катталып келүүдө. Мына сиз бир топ жыл Баткен районунда аким болуп иштедиңиз, чек ара такталбаса деле жаңжалдарды болтурбоо аргасын табууга эмнеге болбойт?

Хаит Айкынов: Чыр-чатактар ресурс талаштан улам болот. СССР тарагандан кийин жашоо-турмуш өзгөрдү, конуштар кеңейди дегендей. Бирок айталы, суу ресурстарын бөлүштүрүү эрежелери советтер союзунун бери өзгөрбөгөн бойдон калган учурлар бар. Маселен, бир арыктан эки өлкөнүн айылдары суу ичкен учурлар бар. Демек, чекараларды кесип өткөн сууларды бөлүштүрүү эрежелерин кайра карап чыгыш керек. Ушул себептерден улам жергиликтүү бийлик чыр-чатактарды алдын алууга күчү жеткен эмес. Жаңжал катталгандан кийин анан аны токтотуу үчүн сүйлөшүү болгон. Маселенин өзү ошол бойдон калып келе жатат.