You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Атамбаев: Кызматтан кеткенден кийин кадр саясатына аралашпайм
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Президент Алмазбек Атамбаев алдыда кадр саясатына аралашпайм деген менен кийинки жетекчилер анын кеңешине муктаж болушарын айтты. Мөңгү боюнча мыйзам долбооруна кол коёрдон мурда ойлонмокчу, бирок мыйзам жүздөгөн мөңгүлөрдөн экөөнө гана тийиштүү экенин белгиледи.
Адегенде Казакстан тууралуу...
Алмазбек Атамбаев жыйынтыктоочу маалымат жыйынында күн өткөн сайын Кыргызстанга эмес, Казакстанга оор болорун билдирди. Ал америкалык Гэллап институту белгилеп жатканын негиз келтирип, Кыргызстанды эмес, башка өлкөнү олку-солку кылуу жеңил деди.
“2010-жылы бир жарым ай блокада кылганда Отунбаева кантип сүйлөшүп жатканы эсимде. Мен эки күн сууну үзүп койдум эле, чек араны дароо ачышкан. Жазга эки жарым ай калды. Мен досум, улуу Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөштүм, билесиңер. Мен силерге эгер ЕАЭБ керек болсо, эми жөн гана байкоо салып турбашыңар керек, аны кантип бузуп жатканын карап турбашыңар керек дедим”, - деген Атамбаев Казакстан менен кырдаал жөнгө салынарына ишенет.
Ал ЕАЭБ иштеш керектигин белгиледи, Путинге акыркы маселеге биримдик кийлигишпесе, башка жолдорду издей турганын айткан.
Көпчүлүктү кызыктырган "мөңгү мыйзамы"
Азыр актуалдуу болуп жаткан Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча Атамбаев мөңгүлөрдү изилдеп жатканын айтты.
“Бул мыйзам 6771 мөңгүнүн экөөсүнө эле тиешеси бар. Эки мөңгү тең 23 жыл мурун жайлана баштаган. Эмнеге ошол кезде эч ким кың дебейт? Ошол кезде эле чыныгы оппозиция - биз бакылдап жатканбыз. Бирок албетте мен баардыгын карап чыгам, андан кийин кол коём”, - деген Атамбаев аны 6771 мөңгүнүн ичинен эки мөңгү эмес, Кумтөрдө кала турган уулуу заттардын көлү көбүрөөк түйшөлтөрүн айтты. Ал ошондой эле бул экологиялык зыянга “Центерра” он эсе көп каражат бөлүп жатканына маани берип, Кумтөрдөн түшчү дивиденд зарыл деди.
"Кыргызстанда парламенттик башкаруу болуш керек"
Атамбаев акырындан, 2040-жылдарга Кыргызстан толугу менен парламенттик башкарууга өтүш керек деген оюн айтты. Ал 2020-жылы парлмантке байлар эмес, тизмеде көрсөтүлгөндөр келиш үчүн мыйзамды өзгөртүш керек дейт.
Атамбаев өткөн жылкы сөзүн кайталап, 2020-жылдагы шайлоого КСДПны даярдайм деди. Ал шайлоого сап башында баруу ниетин ачык айтып, бирок спикерликке, өкмөт башына, жада калса депутаттыкка келүү каалоом жок деп бүдөмүк билдирүү жасады.
Эксперттер Атамбаев саясатта калып жатканын бир ооздон айтууда.
Алмазбек Атамбаев сот реформасы ишке ашканын буга чейин да айтып келген. Бул жолу акыркы беш жылда сот тармагына каражат беш эсе көп бөлүнгөнүн, мындай Кыргызстанда гана жасалганын баса белгиледи. Ал ошондой эле сот реформасы ишке ашыш үчүн мыйзамдар маанилүү экенин, алар өзгөртүлүп, эми гана иштей баштаганын кошумчалады.
Бүгүнкү жыйында экономика менен жалпы өсүш тууралуу көп сөз болгон жок. Атамбаев баштап, бүтүрө албаган Жогорку Нарындагы ГЭСтердин каскадына өзү инвестор таап болсо да, аягына чыгармакчы.
Атамбаев жумушун күтүлгөндөй жыйынтыктадыбы?
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев президенттин маалымат жыйынынан алты жылдын жыйынтыгын күткөндөй болгон жок деди.
Ал президент өз ишине саресеп салгандын ордуна саясатчыларга, саясий окуяларга басым жасап туруп алды деген ойдо:
“Кыргызстандын ички-тышкы саясаттарын, экономикалык багыттарын, алты жылдын ичинде кандай өзгөрүүлөр болгонун салыштырып, негиздүү айтып берсе жакшы болмок. Баары жакшы дегенде эле баары жакшы болуп калбайт. Иш болгон жерде сөзсүз кемчилик болот. Кемчиликтерди, анын себептерин көрсөткөн аналитикалык сөз болуш керек эле. Алты жылдагы иштерине токтолуп, жакшы таасир калтырчу сөз сүйлөш керек эле. Парламенттик башкаруу болот деди, эски саясатчыларды өзүм менен ала кетип жатам деди. Антип ишенимдүү айтканы туура эмес болуп калды. Парламенттик башкаруу кылыш үчүн элден сураш керек. Ал эми саясатчылардын камалышы менен алардын күнү бүтпөйт”.
Ал эми саясат таануучу Шерадил Бактыгулов 2010-жылдан кийин бардык тармакта өзгөрүү байкалды, бийлик органдарында коррупция азайды деген ойдо:
“Коомдук, экономикалык жактан абал четинен оңолуп келатат. Мисалы, Орус-кыргыз фонду аркылуу арзан пайы менен берилген каражаттарга чакан ГЭСтер курулууда. Жолдор салынууда. Мамлекет арзан ипотека берип жатат. Тарыхта биринчи жолу жаңы шайланган президентке бийликти тынч тапшырып жатат”.
Саясат таануучу Марс Сариев болсо экономикалык жактан жылыш болбогонун белгилеп, ири долбоолор ишке ашпады дейт.
“Датка-Кемин сыяктуу энергетикалык долбоорлор, жолдорду салуу аракети болду. Бирок ири долбоорлор максатына жеткен жок. Мына бүгүн завод, фабрикаларды куруш керек деп айтты. Чынында алар салынган жок. Бирок Атамбаевдин эң негизги жетишкендиги элдин түшүнүгү өзгөрдү, алар коркпой өз оюн айтып калды. Бийлик азыр эл менен эсептешет”.
Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөнүнө өзү жана жубайы кубанып жатканын, алты жыл оор болгонун кошумчалады.
Ал социал-демократтар партиянын курултайын декабрдын башында эле өткөрүшүн сунуштаганын, бирок эки-үч апта эс алып алган соң киришерин белгиледи.
24-ноябрда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы өтүп, президент Алмазбек Атамбаев кызматын тапшырат.