Жогорку Кеңеш мөңгүнү жылдырууга макулдугун берди

Кумтөрдөгү эки мөңгүнү жылдырууга уруксат берген мыйзамды Жогорку Кеңеш колдоду. Катталган 85 депутаттын 63 “макул”, 22 “каршы” добуш берди. Эми өзгөртүү киргизилген Суу кодекси президентке жөнөтүлөт.

Бир нече күндөн бери талкуу жаратып келаткан Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү көпчүлүк депутаттар үчүнчү окууда колдоду.

Жалпы жыйында өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөн талкууда сөз алган депутаттардын басымдуусу сын айтып жаткан.

“Мурда Кумтөрдү жер алдынан казууга шарттар түзүлүп, “Центерра” миллиондогон акчаларын салып, шахта жолу менен каза баштаган. Кийин үстүнөн казууга ким уруксат берген жана бул кимдин учурунда болду?”, - деген депутат Жанар Акаевдин суроосуна Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов жооп берди:

“Туура, башында ошондой болгон. Бирок кийин токтоп, үстүнөн каза башташкан, бул менимче, 2009-жылга чейин болгон, анткени 2010-жылдан кийин андай болгон эмес”.

Депутаттар мөңгүнү жылдырбай эле, шахталык жол менен алдынан казса болбойбу дешти.

“Ал жолун биз да ойлонгонбуз. Анда азыркы технологиянын баарын алмаштырыш керек болот. Анда иш токтоп калат. Мөңгүлөр болсо баарибир түшө берет. Алар кендин ичинде тургандыктан, аларды ага карабай алыш керек. Болбосо түшүп кетет”, - деди комитет төрагасы Рыскулов.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев кесиптештерин мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырды:

“Өкмөткө мыйзамды кайра кайтарып тапшырма берели. Башка чечимин издегиле, жолун тапкыла. Ишкана менен келишкиле. Бирок мөңгүнүн 50 пайызын жокко чыгарган себепкерин жоопко тартыш керек. Бир ишкана үчүн мөңгүнү, тоону талкалагыла деген чечим кабыл алуу, менимче, саясий да, экономикалык да жактан туура эмес. Кесиптештер, сиздерди мыйзамды өкмөткө кайтарып берүүгө чакырам”.

Бирок өкмөттү колдогон депутаттар да болду. КСДПдан депутат Азамат Арапбаев айрым бейөкмөт уюмдардын чуусу менен маселени саясатташтырбай, дароо мыйзамды кабыл алалы деди.

Ушул эле фракциянын депутаты Ирина Карамушкина Кумтөрдө көптөгөн тоо-кенчи адистер даярдалып жатканына маани берди.

Вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев беш миңден ашык киши жумуш менен камсыз болгонун баса белгиледи.

Зилалиев мурда мөңгүлөрдүн үчтөн экиси жок болгон десе, акыркы такталган маалыматтар боюнча, Лысый мөңгүсүнүн он пайызы жок экенин, кенди иштетип бүткөнгө чейин 20 пайызы иштетилерин айтты. Ал эми Давыдов мөңгүсүнүн 40 пайыздайы буга чейин иштетилгенин, жалпы 70 пайыздайы алдыда жылдырыларын кошумчалады.

Суу кодексине киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Кумтөрдү туруктуу иштетүү үчүн Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жылдыруу каралууда. Мыйзам долбоорунун автору өкмөт кендеги иш токтобосун деп, Жогорку Кеңештин аны үзгүлтүксүз иштетүү боюнча токтомун жүйөө келтирүүдө. Анткени “Кумтөр” ишканасынан мамлекеттик бюджетке эң көп киреше түшөт.

Мыйзам эми президенттин кароосуна барат.

Ал тапта Суу кодексине бул өзгөртүүнү киргизбөө талабы менен Жогорку Кеңештин алдында дагы каршылык акциясы өттү. Жарандык активисттер депутаттарды колдобоого чакырып, мыйзамды кайтарууну талап кылып келишти.