Коркунучтуу сүрөт: экологдор живопись шедеврлерин өзгөрткөндө

Жапайы жаратылышты коргоо боюнча дүйнөлүк фонд жана Мадриддеги Прадо музейи климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруш үчүн күтүлбөгөн ыкманы тапты.

Алар музейдеги төрт шедевр сүрөттү климаттык өзгөрүүлөргө байланыштырып, өзгөртүп салышкан.

Бардык учурда бейпилдикти, тынчтыкты чагылдырып турган сүрөттөр заматта эле чоң коркунучтун, кооптонуунун коңгуроосуна айланган.

Король Филипп IV сүрөтү, Диего Веласкес

Ал эми бул чыгарманы оңдоп салгандагы вариантта деңиз сууларынын деңгээли көтөрүлүп жатканы чагылдырылган.

Экологдордун акциясы ушул күндөрү Мадридде өтүп жаткан БУУнун климат боюнча 25-конференциясына арналды. Бул жыйынга дүйнөнүн 200 өлкөсүнөн келген 25 миң киши катышты.

"Кол чатыр", Франсиско Гойи

Бул чыгарманы экологдор "климаттык качкындар" пайда болгонуна байланыштырып, социалдык драма сыяктуу көрсөткөн.

"Стикс дарыясы аркылуу сүзүп өтүү", Иоахим Патинир

Сүрөттүн азыркы абалга карап өзгөргөн вариантында кургакчылыкка байланышкан көйгөй көрсөтүлгөн.

"Жээктеги балдар", Хоакин Соролья

*