Кыргызстан коронавируска каршы кантип күрөштү? Пандемия менен бир жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Чоробек Сааданбек,
- Role, Маалымат технологиялары боюнча эксперт
Covid-19 пандемиясы менен жашаганыбызга бир жылдан ашты. Коронавирус менен күрөштүн жыйынтыктары кандай болду деген суроого жооп издей турган учур келди окшойт. Анын үстүнө статистика дагы чыга баштады.
Жалпысынан айтсак, Covid-19 кризиси мамлекеттик башкаруу системибиздин алсыздыгын көзгө сайып көрсөттү. Учурга жыйынтыкталган натыйжалар мындай экен:
- 2020-жылы өлкөбүздө мурдагы жылдарга салыштырмалуу дээрлик 7000 ашык өлүм катталган. Бул жоготууларды Covid-19 пандемиясы менен түз жана кыйыр байланыштыра берсек болот го дейм.
- Пандемия менен күрөшкө 347 млн долларлык эл аралык жардам тартылган.
- Акчалай жардамга кошумча 100 млн ашык долларлык гуманитардык жардам түрүндө коргонуучу каражаттар, медициналык жабдуулар келген. Бул ырасмий донорлордун катталган жардамы. Жеке демилге чогулган каражат канча болгонун азырынча так айтыш кыйын.
- COVID-19ду натыйжалуу дарылай ала турган антикоагулянттар ж.б. дарылар кирген 3-протокол бир айдан ашык бекитилбей создуктурулган. Натыйжасында ортодо кереги жок дарылар алынып, керектүү дарылар караманча жок болуп, берилген жардам майнапсыз коротулган.
- Берилген жардамдын эсеби чыкмайын эл аралык донорлор жардам бербей турганын эскертти же жардам кайда, эмнеге жумшалганын так эсеби алигиче жок.
Абдан өкүнүчтүү натыйжалар. Адатта бийлик курч маселелердин чечилишине акча жетишсиздигин шылтоолоп кутулат. Бул жолу акча болгон күндө да, мамлекеттик бийлик баары бир маселе чечүүдө бечел экенин көрсөтүп койду. Айласы кеткен эл өз алдынча уюшуп тыштан дары ташып, өзү уюшуп стационар ачып, абалдан чыгуу аракетин өзү көрдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ушундан улам, баарын чечүү укугун өзүнө менчиктеп алган, бирок чечими чеке жылытпаган борборлоштурулган күчтүү бийлик бизге чынында эле керекпи деген суроо туулат экен. Азыр технологиялардын заманы, байланыштыруу, уюштуруу, бир маселеге элди тартып мобилдештирүү илгеркидей көп ресурс талап кылбай калган. Көп ишти, ушул кризис айкын көрсөткөндөй, эл алдынча эле уюшуп кыла алат. Азыркы учурда сөзсүз эле борбордон бирөө баарын чечип отуруштун кажети жок. Демек, мындай кризистерге даяр болуш үчүн, чечим кабыл алуу укугун көбүрөөк жарандык коомго, жергиликтүү өз алдынча башкарууга көбүрөөк бере башташыбыз керек го дейм. Бир "Тез жардам" автоунаасын сатып алуу үчүн регион борбордун макулдугун жылдап-айлап күтүп отурушу - биринчи кезекте элге, жарандарга канчалык кереги бар?
Борбордук бийликтин өлкөдөгү чоң кичине маселелердин баарын жеке өзү гана чечүү укугун менчиктештирип алганы, мамлекеттик бүжетти дагы толугу менен өз кармагына алуусуна негиз түзөт. Бардык маселелерди биз чечебиз, демек финансыны дагы биз башкарабыз керек дейт борбордук бийлик. Учурдагы бүжеттин бөлүштүрүү үлүшүн карасак - борбордук бийликке - 88%, жергиликтүү башкарууга - 12%.

Сүрөттүн булагы, Чоробек Сааданбек
Адатта бир ишеничтүү нерсе курганда, алгач анын түбүн бекем тургузганга аракет кыласың. Андай логикадан алганда, бизде бардык нерсенин негизи борбордук бийлик болушу керек экен. Бирок мамлекетибиздин уюткусу, анын чыныгы байлыгы - эли жана жери. Биздин мамлекетибиздин бүжетти болсо таканчыгы жок төгөрөктү элестетет. Борбордук бийлик абдан күчтүү болуп, чынында эле бүжеттин 88% майнаптуу иштетип жатат деп ишенсек деле, ал шиштака кийип алган дөөгө окшоп калат экен. Өзү канчалык күчтүү болсо деле, кенедей таканчыгы жок. Кичине катуураак түрткү жесе кулап түшөт. Чынында эле пандемияда ушундай болду го. Бийик өсүп, көп жыл турчу бактын тамыры бекем болушу керектей эле, мамлекет дагы өнүп өсүш үчүн жер-жерлердеги тамыры бекем болуп, жетиштүү азыктанып турушу керек.
Бизде кезектеги Баш мыйзамды кайра жазуу процесси жүрүп жатат. Борбордук бийлик мүмкүн болушунча бийликти бир уучка топтогонго аракет кылаары байкалып турат. Бирок мамлекеттик бүжетти бөлүштүрүүдө жергиликтүү бийликтин үлүшү өскөнү элдин кызыкчылыгында болот. Жеке амбицияларды, борбордук бийлик жөнүндөгү эскирген түшүнүктөрдү эсепке албаганда, күчтүү борбордук бийликтин анчалык деле чоң мааниси жок. Курс тең салмактуулукка, баланса карай болушу керек.
Мурда күнү (24 март 2021) Дойче Велленин (Deutsche Welle) "Телеграмм" каналында баш баксам, акыркы он жаңылыктын тогузу COVID-19га байланыштуу экен. Бир чети таң калыштуу, анткени Бишкектеги карасак, биз коронавирусту жеңип койгондойбуз. Көчө түгүл, эл көп чогулган мекемелерде деле беткап кийген киши жок. Той-аш орду-орду менен, ыргагынан жазбай кетип баратат. Буларга баары бир экен деп түңүлүп, таажылуу вирусуңар деле Кыргыздан чыга качкандай. Сырттан келгендер мындай абалга бир таң калып коюп, ковидге чейинки эркин жүргөн абалды элестеткен кыргыз турмушуна сүңгүп кетип жатышкандай.
Ошентип баары эле жакшы болуп турсун деңизчи, бирок дүйнө элдерин эмнеге түйшөлтүп жатат? Кичине кулак кагыш кылсак, вирустун өзгөргөн, мурдагыдан коркунучтуу штамдары тарап жатканынан кооптонуп, чектөөлөрдү кайрадан күчөтүүгө мажбур болуп жатышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мына эми коронавируска каршы күрөшүп баштаганыбызга жыл айланды, былтыркыдан сабак алдыкпы? Кудай анын бетин ары кылсын, бирок коронавирус кайта күчөп баштаса, быйылкы даярдыгыбыз былтыркыдан дурус болуп чыгабы же..?
Коронавирустун капшабынан улам экономикабыз эңшерилди. Кыргызда жакыр жашагандардын саны дагы 700 000 көбөйүп, жалпысынан 31% (2 млн+) же ар бир үчүнчү кыргыз жараны жакырчылыкта жашап калды. Карапайым калктын, анын ичинде мигранттардан келген, эмгек кирешелери азайгандыктан улам, кризистик абал пайда болуп калса, элдин былтыркыдай бири-бирине көмөктөшүү мүмкүнчүлүгү кыйла эле кесилип калды. Ошондуктан карантиндик чектөөлөрдү киргизебиз десек, эңшерилген экономиканы дагы эске алышыбыз керек. Социалдык жарылуу болуп кетүү ыктымалдыгы дагы пайда болгонун боолгосок болот.
Былтыркыдай оор абал кайта жаралса, борбордук бийликтен кандай аракеттерди күтө алабыз? Эл жергиликтүү коомдошуу негизинде уюшуп, өз алдынча иш алып барганга даяр болушу керек го дейм. Негизи эле, эркин экономикалык өнүгүү принципи өзү ушундай эмеспи: мамлекеттин эң чоң жардамы - иштегендерге тоскоол кылбаганы. Тилекке каршы, мурда айтылгандай, бизде мамлекет бардык маселелерди чечүүнү өзүнө монополдоштуруп алган. Бирок ал же маселелерди өзү жыргатып чечпейт, же өзгөлөргө бербейт.
Бир чети, кризис - жаңы мүмкүнчүлүктөргө ачылган эшик дейт. Балким, ушул кризистерден тыянак чыгарып, маселе чечүүнүн ыйгарым укуктарын борбордук органдардан оодарып, жергиликтүү, өз алдынча уюшуу аркылуу өнүгүүгө өткөзөбүз. Мындай мамилеге дагы мезгил келди окшойт.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.










