Пандемия менен күрөштө аялдардын түйшүгү эки эсе оор

Коронавирус эпидемиясы бүткүл дүйнөгө жайылып, пандемия деп жарыяланганына бир жыл болду. Ага каршы күрөшүүдө аял медкызматкерлерге эки эсе оор түйшүк түштү.
Кыргызстанда биринчи учур 2020-жылы 16-мартта катталган. Андан бери күрөш токтой элек.
"Бул күрөштө аял медкызматкерлердин салымы зор. Аларга эки эси оор түйшүк түштү", - деди Би-Би-Сиге Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасынын башкы дарыгери Тамара Баялиева.
Ал өз командасын эпидемия туу чокусуна жеткен июлда чукул ачылган борбор калаанын Интергельпо көчөсүндөгү "кызыл зонага" алып барган.
Бишкекте БУУ Аялдар жана башка эл аралык уюмдардын колдоосу менен өткөн "Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги" форумунда Баялиевага өз берилди.
"Кайсы бир себептерди айтып, "кызыл зонага" барбай коюу тууралуу менде ой болгон жок. Лидер башкаларды артынан ээрчитиш үчүн биринчи өзү үлгү көрсөтүш керек. Оор болду, согуш майданына түшүп калгандай болдук. Келген бейтаптарды каттоого да жетишпей жаттык, биринчи күндөрү келгендер көп эле. Өлүм да көп болуп жатты", - деди Баялиева элдин алдында сүйлөп жатып.
Ал иштеген "кызыл зонадагы" кызматкерлердин 95% чамасы аялдар болчу.

"Үй-бүлөсү, балдары, көбүнүн кайын ата, кайын энеси бар, - деп сөзүн улады дарыгер Би-Би-Сиге маегинде. - Ошону таштап иште жүрүштү. Бир жаш медайымдын кичинекей кызы телефондо "апа коронавирусуңар качан бүтөт, сагындым, качан келесиң" деди. Кызматкерлерге оор болду. Башка мекемелерден жаш адистер келди, студенттер келди. Өлүктү көрө электер бар экен, биринчи жолу көргөндөр катуу стресс алышты. Бир медайымдын бейтабы каза болгондо "эженин көзү азыр эле ачык болчу" деп өпкө өпкөсүндө батпай ыйлады. Аларга психолог болууга да туура келди".
Баялиева иштеген "кызыл зона" төрт кабаттуу эски жатакана болчу. Дары-дармек, коргоочу каражаттар жетиштүү болгон эмес. Июль ичи иштеп, дээрлик миңге жакын кишини дарылап чыгарышкан. Бирок 35 адамдын өмүрүн сактоого мүмкүн болгон эмес.
"Башында бир эле күндүн ичинде 185 киши түштү. Жалпы 225 орундуу эле. Адегенде кошумча дем алдыруучу жабдыктарыбыз жок эле, дары-дармек тартыш болчу", - деп эстейт Баялиева.
Дарыгерлер, медайымдар жана санитардык кызматкерлердин коронавирус бейтаптарын дарылоого өтүшү алардын негизги бейтаптарына кедергисин тийгизген жок десек жалган болоор:

"Бейтаптарга түшүндүрүп, шарт жол бергендерди болушунча үйлөрүнө чыгардык. Калгандарын караган кесиптештер менен биз тылда жана фронттогулардай болуп бөлүндүк. Алар бизге эмне керек десек жардам берип турушту. Кандай дары-дармек зарыл, канча коргоочу кийимдер керек айтып жаттык, күнү-түнү келип турушту".
Дарыгердин байкоосунда, карантинде отурган эл жапырт аралашып кеткендиктен, той-топур, карым-катнашты тыя албаган менталитет "кара июлга" алып келди. Ал өлкө боюнча адам эң көп курман болгон ай болуп калды. Активдүү жарандардын демилгеси көп өмүрдү сактаганы элдин эсинде.
Доктор Тамара Баялиева күрөш бүтө электигин эскерткиси келет:
"Бизде бул жылдын отчету менен кургак учук болдум деп келип, бирок пневмония болгондордун саны баары бир мурдагыдан көбүрөөк. Июлдан кийин басаңдап, кайра ноябрда көтөрүлдү. Азыр басаңдап калган менен бул вирус улам өзгөрүп, мутация болуп турат экен. Маани бербей, тоготпостукту токтотуш керек".
Курман болгондордун расмий эсептелгени 1480. Өлүм катталып жатат, акыркы суткада 4 киши көз жумганы айтылды, вирусту 63 адам жуктурганы тастыкталды.
Коронавирус менен күрөшүп жатып кеминде 84 медкызматкер каза болду, жүздөгөндөр ооруду. Ушу тапта мамлекет Орусиянын вакцинасын алып, медкызматкерлерге жана тобокел топтогуларга сунуштай баштады.












