Фронттон кат: "Кудайдын жазганын көрөрмүн"

Назира Мамбетова "Үмүт" спектаклинде уулун күткөн энени ролунда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Назира Мамбетова "Үмүт" спектаклинде уулун күткөн эненин ролунда
    • Author, Арслан Капай уулу Койчиев
    • Role, Жазуучу, тарыхчы

Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына сексен жылга чукулдап баратса деле, башка элдерди билбейм, кыргыз баласы анын кайгысын жакын арада унута койчудай эмес.

Согуш тагы калтырган тагдырыбызды изилдөө, дайынсыз кеткендердин дарегин тынбай издөө иштеринин уланып жатканы, адабият менен искусстводо көркөм аңдоо аракети - айтылгандардын далили.

Экинчи дүйнөлүк согуш - жыйырманчы кылымдын кыргызын дүйнөлүк ири окуяга өз эркине карабай аралаштырган окуялардын бири.

Анын үстүнө, ошол учурда саны миллионго жетпеген калк үчүн Үркүндүн азап-тозогуна удаа эле Экинчи дүйнөлүк согушта орду толгус жоготууга учурашы - согуш темасынын эзели унутулгус темага айланышын шарттады окшойт. Аны кеп кылуу үчүн сөзсүз эле мааракелик окуяларды күтүүнүн зарылдыгы деле жок.

Ушуга байланыштуу үч мисалды келтиргим келет. Фейсбукта "Бактыгүл" деген ат менен белгилүү айым согушта дайынсыз кеткен деп эсептелип, аныгында туткунга түшүп, туткунда жок болгон ондогон мекендештерибиздин дарегин тактап берүүдө. Айрымдарын сүрөтүнөн бери таап, чоң иш аткарууда.

1942-жылы жазылган катардагы жоокер Жумаевдин каты

Сүрөттүн булагы, A.Койчиев

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1942-жылы жазылган катардагы жоокер Жумаевдин каты

Мен өзүм согушта дайынсыз жоголгон таятам Жумаев Искендердин 1942-жылы жазган каттарынын эки нускасын таап алдым. Каттар таятамдын инисинин кагаздарынын арасында катылуу экен. Латын ариби менен жазган катында госпиталда жатканын айтып, "кудайдын жазганын көрөрмүн" деген аманат сөзүн атасына, жакындарына жолдогон экен.

Ал эми, согуш темасы көркөм аңдоонун соңку үлгүсүн драматург Кайрат Иманалиев тартуулады. Анын согушка кеткен уулдарын зарыга күткөн эне тууралуу "Үмүт" деп аталган пьесасы ушул күндөрү жаш көрүүчүлөр театрында чоң ийгилик менен коюлду. Сынакта Гран-при да алган экен.

Ушул фактылардын үстүнөн ой толгоп отуруп, өзүм да согуш темасына арнап бирдеме жазсамбы деп калдым. Айтайын дегеним, согуш темасы кыргыз үчүн эзели унутулгус темалардын бири.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.