Блог: Күтүү, аялдама, 42-автобус...

    • Author, Айгерим Акылбекова,
    • Role, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти

Ар бир күнүбүз күтүүдөн башталып, күтүү менен жыйынтыкталган сыяктуу. Ызы-чуулуу, тынымсыз кыймылдагы шаардын турмушу кээде чарчатат, кээде чыйралтат.

Мына, бүгүн дагы таң атпай чыгып 42-автобусту күтүп олтурам. Биринчиси келди, бирок мен батпай калдым. Эми экинчисин 20 минутадай күтүүгө туура келет...

Ошентип менин 24 саатымдын эки жарым, үч сааты жолдо өтөт экен.

Мен бул сүрөттөр аркылуу замандаштарымдын ошол аялдамадагы, автобус, маршруттук каттамдардагы күтүү менен өткөн өмүр ирмемин көрсөткүм келди. Автобусту күтүп, бири-бирибизге муздак тиктейбиз, алдыга озуп, түртүп кетебиз, чырдаша кетебиз, кээде, сейрек учурда гана жылуу кобурашабыз.

Негедир автобуста сапарлаштарым мага кабагы бүркөө сезиле берет. Балким алар шалдырап-калдыраган эски унаалардан, оройлуктан тажаса керек, же чын эле ошол күнү турмушунда капа боло турган окуя болгондур. Билбейм, эмнеге андайын. Мен болсо, кишилердин баары бир күтүүгө байланып, улам-улам жолду карап, бир автобусту күтүп турган ирмемин кармап калгым келди. Бул сүрөттөрдөн көп нерсени окуса болот. Кызыктуу китеп сыяктуу...

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.